АКШ 20 жылдан кийин Ирактан чыгып кетүүдө. Эми мындан ары эмне болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Луис Барручо
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
АКШ 30-сентябрга чейин Ирактан аскердик контингентти толугу менен чыгарып кетүүнү пландап жатат, муну менен 20 жылдан ашык убакыттан бери Жакынкы Чыгыштагы бул өлкөнүн көрүнүшүн аныктап келген аскердик катышуу соңуна чыгууда.
Бул Би-Би-Синин кабарчысы жазган макаланын кыскартылган котормосу. Англис тилиндеги түп нускасын бул жерден окусаңыз болот.
АКШнын Ирактагы аскердик катышуусу 2003-жылы башталган. Бул Саддам Хусейндин бийлигинин кулашына алып келген. АКШнын Иракка бастырып кириши диндердин ортосундагы жаңжалдардын жана жергиликтүү козголоңчуларга каршы көп жылдык согуштук аракеттердин шартында уланды.
Америкалык аскерлер буга чейин 2011-жылы да Ирактан чыгып кетишкен, бирок 2014-жылы ИГИЛди ("Ислам мамлекети", террордук уюм катары Кыргызстанда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө тыюу салынган топ) жок кылууга жардам берүү үчүн кайтып келишкен.
АКШнын аскерлери бул жолу Иран менен болгон жаңжалдын шартында чыгарылып жатат – Тегеран сокку урушу мүмкүн болгондуктан, Ирактагы америкалык аскерлердин өмүрүнө коркунуч жаралды.
Эксперттер аскерлердин чыгарылышы менен АКШнын таасири жоголбойт деп эсептешет.
Эмнелер болуп жатат жана буга эмне себеп?
2024-жылы Вашингтон менен Багдад "Кебелбес чечкиндүүлүк" (Inherent Resolve) операциясын токтотуу боюнча макулдашуу түзүшкөн. "Кебелбес чечкиндүүлүк" – бул ИГИЛге каршы АКШ башында турган коалициянын миссиясы.
2007-жылы Ирактагы согуш күчөп турганда бул өлкөдө 170 миңден ашуун америкалык аскер болгон. Аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу макулдашууга жетише элек кезде, АКШнын Борбордук командачылыгынын 2023-жылдын декабрына карата маалыматы боюнча, алардын саны 2400гө жакын болчу.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошондон бери ЖМКлардын маалыматына караганда, АКШ Иракта аз сандагы контингентин гана калтырып, бул өлкөдөгү катышуусун ого бетер кыскарткан.
"Аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу чечим Ирактын мурунку өкмөтү менен макулдашылган, себеби бул өлкөдө ИГИЛди жок кылуу миссиясы өз милдетин толугу менен аткарды", - деп белгиледи Вашингтондогу Atlantic Council аналитикалык борборунун "Ирак демилгеси" программасынын штаттан тышкаркы улук илимий кызматкери Сафван ал-Амин.
2016-2019-жылдары АКШнын Ирактагы элчиси болуп иштеген Дуглас Силлимандын баамында, Иракта улам жаңы өкмөт өлкөнүн ичинде саясий кысымга туш болуп келген: элдин басымдуу бөлүгү АКШнын аскердик катышуусун эгемендикке кол салуу катары баалайт. Дуглас Силлиман учурда Вашингтондо Перс булуңундагы өлкөлөрдүн институтун (Arab Gulf States Institute) жетектейт.
"Ирактын бир нече өкмөтү Иранга жан тарткан топтордун жана калктын бир бөлүгүнүн (негизинен шииттердин) кысымы менен америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарууга аракет кылып келишкен", - деди Би-Би-Сиге Силлиман.
АКШнын аскерлери Ирактан 2011-жылы президент Барак Обаманын тушунда чыгып кетишкен, бирок ИГИЛ өлкөнүн кеңири аймактарын басып алган соң үч жылдан кийин Багдаддын өтүнүчү менен кайтып келишкен. Кийинчерээк америкалык аскерлер согуштук аракеттерге катышпастан, ирактык аскерлерди окутууга, консультация берүүгө жана чалгын кызматтарынын маалыматтары менен бөлүшүүгө өтүшкөн.
Серепчилердин баамында, аскерлерди бул айда чыгарууга ИГИЛге каршы миссиянын расмий аякташы эмес, коопсуздук маселеси себепчи болду.
Британиялык RUSI аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Х.А.Хеллиер чөлкөмдөгү кырдаал чыңалып турган шартта жакында эле Ирактын түндүгүндөгү америкалык объектилерге коюлган чабуулдарды эске салды. Анын айтымында, Вашингтон ал жакта калган аскерлер Тегеран үчүн бутага айланышы ыктымал деп эсептейт.
Ал-Амин бул пикирге кошулат жана АКШ менен Ирактын өкүлдөрү буга чейин коалициянын миссиясы аяктагандан кийин да америкалык чакан контингентти сактап калуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап келгенин белгилейт.
"Аскерлердин аз санын жана алардын күч колдонуу мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин эске алганда, Иран менен согуш америкалык аскерлер аяр абалда болгонун көрсөттү", - деп эсептейт ал.
Эксперттер АКШнын Иракта болушуна кандай баа беришүүдө?
20 жыл өтсө да америкалык аскерлердин Ирактагы мурасына карама-каршы баа берилүүдө.
"АКШ бастырып киргени менен, алдыга койгон максатына жетпеди, ал эми режимдин алмашуусу ирактыктардын туруктуу жана өсүп-өнүккөн өлкөдө жашоо үмүтүн актаган жок", - дейт Ал-Амин. Анын баамында, бул окуялар чөлкөмдөгү туруктуулукту бузуп, Иранга өз таасирин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.
Силлимандын айтымында, өткөөл мезгил туруксуз болгонуна карабастан, көптөгөн ирактыктар Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан кийинки саясий өзгөрүүлөр аларга жакканын белгилешет.
Анын айтымында, Иракта өкүлчүлүктүү демократиянын зарылдыгы тууралуу идея тамыр алды, бирок "буга чейин эч кандай демократиялык салттарды билбеген калкка алардын баалуулугун жеткирүү үчүн убакыт гана керек".
Вашингтондогу Америка университетине караштуу "Тынчтык үчүн күрддөрдүн глобалдык демилгесинин" директору Ереван Саид да жыйынтыктарды оң баалайт.
"Мурдагы режимдин кулашы чындыгында эле маанилүү окуя болду", - деген Саид кулатылган режимдин түбүнө алардын мыкаачылыгы жеткенин, бирок сынчылар муну көз жаздымда калтырып жатышканын белгилейт.
Саид коррупция жок болбосо да, Иракта азыр 2003-жылга караганда саясий эркиндик жана плюрализм көбүрөөк деп эсептейт.
Бирок, серепчи Х.А.Хеллиер кырдаалды демократиянын көз карашынан баалабаш керек деген пикирде.
"Адамдар "АКШ демократияны курдубу?" деген суроону бергенди токтотушу керек. Жок, кура албады – бул темага ушуну менен чекит коюлду", - деп белгиледи Х.А.Хеллиер.
Серепчинин баамында, чөлкөмдөгү кырдаал бул суроодон алда канча маанилүү. Анын ою боюнча, Саддамдын кулатылышы Ирандын таасир этчү агенттеринин Ирактын мамлекеттик аппаратына киришине алып келди, себеби Вашингтон буга каршы эч кандай чара сунуштай алган жок.
Бирок төрт эксперт тең Ирак 2003-жылы америкалык саясатчылар элестеткендей туруктуу демократиядан дагы деле алыс дегенге кошулушат. Коррупция бардык жерде тамыр жайган, расмий мамлекеттик түзүмдөр менен катар бийликти куралдуу топтор, атап айтканда, "Элдик мобилизациялоо күчтөрүнүн" курамына кирген радикалдуу топтор дагы деле кармап турат.
Эми мындан ары эмне болот?
Ал-Аминдин айтымында, АКШнын таасири аскерлер чыгарылгандан кийин да сакталып кала берет.
"Ирак АКШ долларына сатылган мунайга көз каранды болгондуктан, АКШ мурдагыдай эле олуттуу таасир этүүчү рычагдарды сактап калууда. Мындан тышкары, Ирак АКШдан курал-жарактарды сатып алууну улантууда жана чөлкөмдөгү коңшулары менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн Американын дипломатиялык колдоосуна муктаж", - дейт ал.
Саиддин айтымында, бул рычагдардын бир бөлүгү Вашингтондун дипломатиясына байланган.
"Багдадда АКШнын дүйнөдөгү ири элчилиги, ал эми Эрбилде ири консулдугу жайгашкан", - деп белгилеп, аскерлер чыгарылгандан кийин да эки объектини тең кайтаруу керектигин кошумчалады.
Силлиман "өтө терең аскердик кызматташтык" сакталып калат деп эсептейт: америкалыктар аскерлерди даярдоо менен алектенип, Ирак армиясынын, контртеррордук кызматтын жана Ирактын Күрдистан жарым автономиялуу аймагынын куралдуу күчтөрү болгон "Пешмергинин" операцияларын пландаштырууга жардам беришет.
Иран колдогон элдик кошуунга байланыштуу кырдаал белгисиз болуп жатат. Ирактын премьер-министри Али аз-Зейди алгач аларды 30-сентябрга чейин толугу менен мамлекеттик көзөмөлгө алууну пландап жаткан. Бирок, бул куралдуу топтор 2027-жылдын аягына чейин убакыт берүүнү талап кылып жатканы кабарланууда.
Эксперттердин баамында, куралдуу топторго бул мөөнөт да жетпеши мүмкүн.
Саиддин айтымында, бул топтор Ирактын саясий жана финансылык системасында терең орун алган, парламентте өкүлчүлүгү бар жана Тегеран менен байланышта турушат.
Силлиман америкалык аскерлердин чыгып кетишинде маанилүү артыкчылык бар экенин айтат: бул чөлкөмдөгү куралдуу топтор америкалык аскерлерге каршы бириккен эле, ал эми бул фактор болбой калганда элдик кошуун маанилүү саясий куралынан ажырайт, ал эми Багдад баш ийүүдөн баш тарткандарга басым жасоо үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болот.
Ошого карабастан, эксперт андан да олуттуу коркунуч бар экенин эске салат: "Мен элчи боло электе эле Ирактын көптөгөн премьер-министрлери менен сүйлөшкөндө, алар бул жарандык жаңжалга же Ирактын ичинде жарандык согушка алып келиши мүмкүн деп коркушчу".
Саид ошондой эле учурдагы абалды 2011-жылы аскерлер чыгарылгандан кийин түзүлгөн кырдаал менен салыштырып, ИГИЛ кайрадан баш көтөрөт деп кооптонот. Эксперт америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин Багдаддагы шииттер башында турган өкмөт суннит лидерлерди камакка алып, аларды саясаттан четтете баштаганын, бул репрессиялык чаралар көптөгөн сунниттерди экстремизмге түртүп, ИГИЛдин күч алышына көмөкчү болгонун эскерет.
Учурда суннит жамааттары аларга кандай мамиле жасалат деп кайрадан тынчсызданып жатышат, ушундан улам Саид экстремизмдин жайылуу тобокелдиги жогору экенин эскертет.
Силлиман жакшылыктан үмүт үзбөйт: анын айтымында, азыр Ирактын коопсуздук күчтөрү он жыл мурдагыга караганда алда канча күчтүү жана мындай коркунучтун алдын алууга жакшы даярдалган.
Эксперттердин баамында, аскерлердин чыгарылышы Ирактагы АКШ менен Ирандын ортосундагы тең салмактуулук маселесин кайрадан көтөрөт.
Ал-Амин Иран "мүмкүнчүлүк болор замат өз таасирин бекемдөөгө аракет кылат" деп эсептейт. Анын пикиринде, аскерлерди чыгарууну артка кайтарылгыс кадам катары кароого болбойт.
"Америкалык аскерлер 2011-жылы Ирактан чыгып кеткени менен, бир нече жылдан кийин өлкөгө кайтып келишкен. Бул окуянын аягы эмес, болгону бир бөлүмү гана бүтүп жатат". (ZMa)































