"Манас жана Хатто". Бишкекте манас таануу боюнча жаңы китептердин бет ачары өттү

29-сентябрда Бишкекте "Манас" таануу жаатындагы жаңы китептердин бет ачары өттү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз тилинде чыккан "Манас жана Хатто" ("Көкөтөйдүн ашы"), ошондой эле "Манас жана Райхл" (Түрк эпостору: салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү) китептери илимий чөйрөгө жана жалпы окурмандарга тааныштырылды.
"Манас жана Хатто" китебинде англиялык окумуштуу Артур Томас Хаттонун Чокан Валиханов жазып алган "Көкөтөйдүн ашы" тууралуу эмгеги берилген.
Эмгекти кыргызчага тарых илимдеринин доктору жана котормочу Тынчтыкбек Чоротегин которуп, илимий талдоо да жүргүзгөн. Китептин көлөмү 668 бетти түзөт.
"Манастын" кыргызча тексттин Артур Хатто биринчи латын графикасында транскрипциялап, аны англисчеге которгон. Муну ал англис тилдүү окурмандарга бергенге аракет кылган. Менин ишим бул жерде англисчеге которулгандын өзүн кыргыз тилине которуу болду. Кыргыз тексттин англис окурманына кантип берген? Аны өзү кандай түшүнгөн? Терминдерди аңдай алганбы? Чечмелегенде өксүк барбы, табылгасы барбы? Ушул нерселерди изилдеп, баарын салыштырып бердим. Мисалы, кээ бир терминдерди жакшы түшүнө албай койгон. "Бетеге" деген сөздү такыр түшүнө алган эмес. "Жоодураган кырк чоро" дегенди түшүнө албай, "чавылдыраган" деген башка бир этиш ойлоп тапкан", - деди котормочу Тынчтыкбек Чоротегин.
Ал Артур Хаттонун манас таануучу катары өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтты:
"Артур Хаттонун эң мыктылыгы - ал кыргыз тилин, кыргыз фольклорун сүйгөн, полиглот болгон, көп элдердин эпосторун жакшы билген. Ал Чокон Валихановдун катчысы жазган "Көкөтөйдүн ашын" гана эмес, Радловдун варианттарын да изилдеп, англис тилинде чыгарган. Ал өмүр бою эпос таануучу жана манас таануучу катары жашаган".

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун директору, тарыхчы, академик Абылабек Асанканов китепти котормо гана эмес, чоң илимий эмгек деп баалады.
"Бүгүн тарыхый, илимий майрам. Котормочук кылган кезде ал жерде илимий иш болбойт, котормочулук гана болот. Ал эми бул жерде андай эмес. Тынчтык, ушул котормодо аны англис тилинен кайра кыргыз тилине которуп, Чокан Валихановдун жазганын анализдеп жатат. Чокан Валихановдун жардамчысынын жазып алган көп жаңылыштыктарын көрсөтүп жатат. Биз көп учурда "Манас" башка тилге которулду, англис тилине, немис тилине которулган экен деп эле котормонун маңызына, тууралыгына көп маани бербейбиз. Ал Хаттонун котормосу канчалык деңгээлде туура болгонун кайра кыргызча которуп айтып жатат. Мына, илим деген ушул", - деди Абылабек Асанканов.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушул эле күнү окурман журтуна жана илимий чөйрөгө тааныштырылган экинчи китеп - немис окумуштуусу Карл Райхлдын "Түрк эпостору: салттуу түрү, поэзиялык түзүлүшү" аттуу эмгеги.
Китепте түрк элдеринин эпосторунун салттуу формасы жана поэзиялык түзүлүшү тууралуу изилдөө берилген. Эмгекти англисче жана орусча чыгарылыштардан кыргыз тилине Тынчтыкбек Чоротегин жана Чолпон Субакожоева которгон. Ал эмгек 424 беттен турат.
"Манас" изилдөөчү англиялык окумуштуу, фольклорчу Хатто Артур Томас 1910-жылы туулуп, 2010-жылы көз жумган. Ал Лондондогу Оксфорд университетинин профессору жана "Манас" эпосу боюнча бир нече илимий макалалардын жана монографиянын автору болгон.
Ал эми Карл Райхл 1943-жылы 4-июлда Германиянын Вайден шаарында туулган. Ал германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору катары белгилүү.
Бүгүнкү бет ачар аземинде Чолпон Субакожоеванын "Жаңы манасчынын тиби жаралдыбы?: Маектер топтому" аттуу китеби да тааныштырылды.182 беттик китепте манасчылык өнөргө байланыштуу маектер топтолгон.

































