"Пилоттор мушташкан". Израилге бараткан учак кырсык белгисин берип, Саудияга конду

Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан учак учкучтардын ортосундагы чырдан кийин күтүүсүздөн Сауд Арабиясына багытталганын Израилдин расмий өкүлдөрү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиришти.
FlyDubai авиакомпаниясынын FZ1073 каттамы менен болжол менен 150 адам, учуп бара жаткан, алардын көпчүлүгү израилдиктер. Учак "Бен-Гурион" аэропортуна конууга тийиш болгон, бирок анын ордуна Сауд Арабиясынын түндүк-чыгышындагы Табук аэропортуна конгон.
Израилдин Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө шилтеме кылган жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык сигналы учкуч менен экинчи учкучтун ортосундагы чырдан кийин берилген болушу мүмкүн.
Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай эл аралык аэропортунан шаршемби күнү таңга маал учуп чыккан учак учуу башталгандан эки саат өткөндөн кийин өзгөчө кырдаал сигналын бергенин Flightradar24 сайты билдирди.
Жүргүнчүлөр жергиликтүү басылмаларга окуя учурунда учак бийиктигин жогото баштагандыктан, өмүрү үчүн коркушканын айтып беришти.
Учак 03:05те (Гринвич убактысы менен бирдей) 20 мүнөт кечигүү менен учуп чыккан. Flightradar24 маалыматына караганда, учак Сауд Арабиясынын аймагында 05:21ден көп өтпөй бийиктигин кескин төмөндөтүп, эки мүнөткө жетпеген убакытта 5000 метрден ашык төмөндөгөн.
"Жалпы авариялык кырдаалды" билдирген 7700 авариялык коду болжол менен 05:31де жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Flightradar24 X социалдык тармагында 05:38де дагы бир авариялык сигнал — "мыйзамсыз кийлигишүү" дегенди билдирген 7500 коду жөнөтүлгөнүн билдирди. Бирок бул сигнал сайттын өзүндө көрсөтүлгөн эмес.
05:40та учак Иорданиянын аба мейкиндигине кыска убакытка кирип, бир нече мүнөттөн кийин кайра Сауд Арабиясына кайтып келген. Андан соң конуу үчүн төмөндөй баштаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
06:11де учак кайрадан төмөндөй баштаган. Кыязы, ал Сауд Арабиясынын Табук шаарына багыт алган. Көп өтпөй учактын жайгашкан жери тууралуу маалымат убактылуу жеткиликсиз болуп калган. 06:58де учак кайрадан Табук аэропортунда пайда болгон.
Израилдин Channel 12 телеканалынын маалыматына караганда, биринчи жана экинчи учкучтун ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Мушташ алардын бири эс-учун жоготконго чейин уланган.
Бортто болгон израилдик жүргүнчүлөрдүн бири журналисттерге экипаж жардам сураганын, андан кийин жүргүнчүлөр учкучтардын бирин кармап, креслого байлоого жардам бергенин айтып берген.
Атын атагысы келбеген жүргүнчү Jerusalem Post гезитине учкучтардын бири экинчи учкуч тарабынан бычак менен жаракат алганын, бирок учактын алдыңкы бөлүгүндө отурган жүргүнчүлөр кол салган адамды кабинадан чыгарып кетүүгө жардам бергенин билдирген.
Анын айтымында, учактын арткы бөлүгүндө дагы эки учкуч болгон. "Мен аларга чуркап барып, учакты башкарууну колго алгыла деп кыйкырдым", — деди жүргүнчү Jerusalem Post гезитине.
Жүргүнчү ошондой эле жаракат алган учкучка бортто болгон тиш доктур тез жардам көрсөтүп жатканын айткан.
"Биз учкучтар башкарууну жоготконун түшүндүк", — деди жүргүнчүлөрдүн бири басылмага берген маегинде. Анын айтымында, кол салган адамды алыстатканга чейин учкучтардын бири бычактан олуттуу жаракат алган.
"Айрым адамдардын көйнөктөрү канга боёлгон", — деди ал.
Израилдин Israel Hayom гезитинин маалыматына караганда, учакта жүргүнчү катары дагы бир учкучтар экипажы — орусиялык жана украиналык жарандар — болгон. Алардын жардамы менен учак Сауд Арабиясына аман-эсен конгон.
Би-Би-Си бул билдирүүлөрдү азырынча өз алдынча тастыктай алган жок.
Учурда FlyDubai авиакомпаниясынын бардык экипаждарынын анкеталык маалыматтары кылдат текшерилип жатат.
Ошол эле учурда Израил Сауд Арабиясында кармалып калган өз жарандарын алып кетүү үчүн ал жакка учак жөнөттү.































