Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

Сыймык Жапыкеев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыймык Жапыкеев
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Мурдагы прокурор, жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон саясатчы Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин Би-Би-Сиге билдирди.

Ал бул тууралуу социалдык тармактагы билдирүүсүндө да жазып, шайлоого талапкерлигин коюуну көздөп жатканын айтты.

"Силер колдосоңор, Кудай колдосо, буюрса, президенттикке талапкерлигимди көрсөтөм. Кандай кылалы, кеңешип кескен бармак оорубайт", - деп жазган Жапыкеев.

49 жаштагы Сыймык Жапыкеев - юрист, мурдагы прокурор жана мамлекеттик кызматкер. 2020-жылы "Чоң казат" саясий кыймылынын лидерлеринин бири катары парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларындагы элдик толкундоо маалында активдүү саясатчылардын бири болгон.

Октябрь окуяларынан кийин кыска убакыт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына дайындалып, мекемени жоюлганга чейин жетектеген. 2021-жылы Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Көп өтпөй бул кызматтан кеткен. Коррупцияга байланыштуу билдирүүлөрү жана коомдук-саясий окуяларга пикирин айтканы менен таанымал. Соңку жылдары активдүү саясаттан четтеп кеткен.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Азырынча расмий катталган талапкерлер жок. БШКнын 29-сентябрдагы маалыматына ылайык, комиссияга талапкерлигин көрсөтүү боюнча азырынча бир дагы арыз түшө элек.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин саясатчы, мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиев билдирген.

"Негизи демократиялык өнүгүү нугун жактаган жана авторитардык башкарууну жактаган топтор бар да. Мен президенттик шайлоого демократиялык топтон чыгайын деп жатам. Себеби мен авторитардык башкарууга башынан эле каршымын. Биз Кыргызстанды демократиялык нукта өнүктүрүүгө шарт түзүп, иштешибиз керек", - деген Суваналиев Би-Би-Сиге.

Ага чейин президент Садыр Жапаров да экинчи мөөнөткө шайлоого катышарын айткан. Ал быйыл 13-августта журналист Али Токтакуновдун "Президенттик шайлоого барасызбы?" деген суроосуна: "Барам мен жана башында эле айтпадымбы. Дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды", - деп жооп берген эле.

Президенттикке талапкер 35 жаштан кем эмес, мамлекеттик тилди билген жана Кыргызстанда жалпы кеминде 15 жыл жашаган жаран болушу керек. Мындан тышкары, талапкер катары катталуу үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоо жана 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төлөө талап кылынат.