"Мындай оор чечим болбошу керек эле". Саясатчы Мавлян Аскарбеков эки жылга соттолду

сот отуруму
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго карата өкүм чыкты. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыптуу деп таап, эки жылга эркинен ажыратты.

"Эки жыл эркинен ажыраттык. Өкүм күчүнө киргенге чейин бир күндү эки күн деп санадык. Экспертизанын жыйынтыгын эске алдык. Сиз мага келтирген жүйөлөрдө кандайдыр бир тиешелүү далилдер келтирилбегендиктен, биз айыптоо өкүмүн чыгардык", - деди судья.

"Биз шаардык сотко кайрылабыз. Чынында мен мындай чечим чыгат деп күткөн эмесмин. Мындай оор чечим болбошу керек эле", - деди Аскарбеков өкүмдү уккандан кийин.

Күн мурун мамлекеттик айыптоочу соттон Мавлян Аскарбековду төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Бүгүн Мавлян Аскарбековду конвойлор сот залына алып кирип баратышканда жакындары жана тарапташтары "Мавлянга боштондук" деп кыйкырып турушкан.

Аскарбеков социалдык тармактагы баракчаларына Кытай жарандарынын Кыргызстанда көбөйүп, кыймылсыз мүлккө ээ болуп, бизнеске аралашып жатканы тууралуу бир нече видео жарыялаган. Кийин саясатчынын бул билдирүүлөрүн төгүндөгөн 12 мүнөттүк видео тараган. Аскарбеков видео монтаждалганын, улут аралык жаңжалды козуткан билдирүү жасабаганын айтып келет.

"Экспертке чара көрүлүшү керек деген ойдомун. Себеби эки мамлекеттин ортосундагы алакага доо кетирип жатат. Мындай сөздү мен айткан эмесмин. Бирок эксперт тарабынан айтылып жатканы мамлекет аралык чагымга жол бергени", - деген Мавлян Аскарбеков соңку сот отурумдарынын биринде.

Мавлян Аскарбековдун Фейсбуктагы кытай жарандары тууралуу билдирүүлөрүнө лингвистикалык экспертизаны Юстиция министрлиги жасаган. Министрликтин эксперти Нурлан Сакпаев видеодо "улут аралык кастыкты козуткан сөздөр бар" деген корутунду чыгарып берген.

Мавлян Аскарбековдун соту. 20-август, 2026-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мавлян Аскарбековдун соту. 20-август, 2026-жыл

Аскарбековдун кытай жарандары жөнүндөгү билдирүүлөрүнөн кийин, 12-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчыны кармаган.

Эртеси, 13-июнда Бишкектин Ленин райондук соту анын бөгөт чарасын карап, тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси — расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылган.

УКМК бул кылмыш иши боюнча кеңири маалымат берген эмес.

Президент эмне деген?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Садыр Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, Кыргызстан ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөдөн жумушчу күч тартууга аргасыз экенин айткан.

Ал блогерлерди, оппозиция өкүлдөрүн жана саясатчыларды "чагымчыл аракеттерге" барбоого чакырган.

Жапаров Кыргызстан–Кытай–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу да айрымдар "саясат издеп жатканын" айткан.

"Мына, Кыргызстан-Кытай Өзбекстан темир жолу курулуп жатат. Ушул жерден да саясат издегендер көп. Бул жолдун курулбашына башка үлкөн мамлекеттер да кызыкдар. Ошондуктан блогерлер дейбизди, оппозиция дейбизби, популист саясатчылар дейбизби, каптап кетти, жайнап кетти деп тоскоолдук жаратып жатышат. Ушундайларды кескин токтотушубуз керек. Албетте, өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ошол эле учурда биз тынч отурган жокпуз. Инженерлерди курулушчуларды окутуп, башка өлкөлөргө тажырыйба алмашууга жөнөтүп жатабыз. "Өзүбүз курабыз" деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем", - деген президент.

Мавлян Аскарбеков ким?

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү саясий жана коомдук окуяларга пикирин ачык билдирип келген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым чечимдерин сындаганы менен белгилүү.

Аскарбеков буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Ошондой эле Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп иштеген.