Тажик президентинин Кытайга мамлекеттик сапары башталды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 11–14-май күндөрү Кытайга мамлекеттик иш-сапары менен болот. Синьхуа маалымат агенттиги Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянып, бул тууралуу маалымат таратты.

Ал эми Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Эмомали Рахмон менен Си Цзиньпин жогорку деңгээлдеги бул жолугушууларда эки тараптын саясий, соода-экономикалык, өнөр жай, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын талкуулашат.

Ошондой эле энергетика, жашыл экономика жана санарип технологиялар сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырууну макулдашышат.

Рахмондун бул сапарында аймактык кырдаал жана жаңы коркунучтар менен күрөшүүдө эл аралык жана регионалдык уюмдар алкагындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери да каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жаңы документтер топтомуна кол коюу пландалууда.

9-майда Эмомали Рахмон Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигине Тажикстан менен Кытайын ортосундагы кызматташтык тууралуу маек курган. Жергиликтүү улуттук "Ховар" агенттиги бул интервью тууралуу учкай гана маалымат жазды.

"Мамлекет башчысы урматтуу Эмомали Рахмон журналисттин Тажикстан менен Кытайдын мамилеси тууралуу суроолоруна жооп берди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги байланыштар, кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Рахмон Шанхай Кызматтыштык уюмунун алкагындагы жетишкендиктерди жана "Уулу Жибек жолунун экономикалык куру" долбоорунун натыйжаларын белгиледи" ,- делет бул тууралуу билдирүүдө.

Рахмонду Кытайга болгон сапарында тажик өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү коштоп кетишти.