Москвага 9-майга кимдер барат? Кремль тизме чыгарды

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кремль 9-майда Москвага келе турган чет элдик лидерлердин тизмесин жарыялады. Андагы маалыматка караганда, Жеңиш күнүнө Беларус президенти Александр Лукашенко, Лаос президенти Тхонглун Сисулит, Малайзиянын жогорку башкаруучусу султан Ибрагим жана Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келишет. Бирок Роберт Фицо Кызыл аянттагы аскердик парадга катышпай турганы айтылды.

Ошондой эле Москвага Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб Республикасынын өкүлдөрү, өздөрүн көз карандысыз деп тааныган Абхазия менен Түштүк Осетиянын президенттери да барышат.

Президент Садыр Жапаров быйыл Москвадагы аскердик парадга катышпайт. Ошондой эле бул жолу Борбор Азиядан бир да лидер Москвага Жеңиш күнүнүн урматына иш-чараларга катышпай турганы белгилүү болду.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков орусиялык басылмаларга: "Былтыркыдай эле быйыл да чет элдик конокторду атайын чакырган жокпуз", - деп билдирди.

Бул жолу аскердик парадга келе турган коноктордун тизмеси - Орусия Украинага каршы согушту толук масштабда баштагандан берки эң кыска тизме болуп калды. 2022-жылы да Москвадагы парадга бир да чет элдик лидер келген эмес. Анда дагы Кремль эч кимди атайын чакырбаганын билдирген.

Быйыл Кызыл аянттагы парадда аскердик техникалардын колоннасы, суворовчулар жана нахимовчулар катышпай турганы маалым болду. Бул өзгөрүүнү Кремль абадан кол салуу коркунучу жана быйыл мааракелик жыл эместиги менен түшүндүрдү.

9-май күнү Москвада мобилдик байланыш толугу менен өчүрүлөт. Атүгүл атайын уруксат берилген сайттар да ачылбай турганы айтылууда.

Бейшемби күнү кечинде украин президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Киев 6-май түн жарымынан тарта ок атышууну токтотууну сунуштаганын айтты. Бирок, анын айтымында, Орусия бул сунушқа расмий жооп берген эмес жана Украинанын шаарларына, ошондой эле фронттогу аскерлерге сокку урууну уланткан.

"Алар [ред. орус бийлиги] өз парадын коопсуз өткөрүүгө Украинадан уруксат сурап жатышат. Жылына бир жолу аянтка тынч чыгып алыш үчүн. Анан кайра эле биздин адамдарды өлтүрүп, согушту улантышат", - деди Зеленский.

Ошондой эле ал Орусияга жакын айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү Москвага бара турганы тууралуу ага кайрылуулар түшкөнүн айтты.

"Мындай күндөрү Москвага барам дегендери түшүнүксүз. Биз муну сунуштабайт элек", - деди украин президенти.

Орусиянын Коргоо министрлиги 8-май түнкү саат 12.00дөн 10-май түнкү саат 12.00ге чейин фронтто ок атышуу токтотуларын билдирген. Бул убакыт аралыгында орус аскерлери Украина аймагына сокку урбай турганы да айтылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги эгер Украина келишимди бузса, орус армиясы "жооп кайтарарын" билдирди. Аскердик мекеме буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова айткан коркутууларды дагы кайталады. Захарова эгер Москвадагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чараларга тоскоолдук кылуу аракети болсо, Киевдин борборуна "масштабдуу ракеталык сокку урулушу мүмкүн" экенин эскерткен.