"Тогуз жыл сурады": Ташиевдин сотундагы соңку жагдайлар

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши соңуна чыгып бараткандай. 29-июндагы отурумда тараптар жарыш сөзгө өтүп, прокуратура айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сурады.
"Баарын өкүм чыкканда угасыздар. Билесиздер сот отуруму жабык өтүп жатат. Ошол себептен азырынча эч нерсени айта албайбыз",- деди мамлекеттик айыптоочу.
Мамлекеттик айыптоочулардын сунушу коомдо кызуу талкуу жаратты. Айрымдар генералдын эмгеги тебеленип жатат деп, аны актоону талап кылышса, башкалары прокурордун өтүнүчүн айкөлдүк катары баалап, айыпталуучулар оор жаза алышы керек деген пикирлерин билдиришүүдө.
"Кызыгы, бизге айып коюп, жыйырма жыл сураган прокурорлор бүгүн Ташиевдин, Шакиевдин, Зулушевдин ишин карап отурат. Бул берене боюнча эң аз дегенде он жылдан кем эмес жаза суралышы керек эле. Он жылдан он беш жылга чейин сурашы керек болчу. Булар эки берене менен айыпталып жатат. Эки беренени кошкондо тогуз жыл өтө эле аз. Биз аларга кыянаттык каалап жаткан жокпуз",- деди Би-Би-Сиге "Кемпир-Абад" суу сактагычына байланыштуу козголгон иш боюнча соттолуп акталган активист Эрлан Бекчоро.
Ошол эле учурда айыпталуучулардын жактоочулары коюлган айыптар далилсиз экенин билдирип, алардын толук акталышын талап кылышууда.
"Прокурорлордун айткандары тууралуу комментарий бере албайм. Бирок нааразымын. Эч кандай далил жок эле ар бирине тогуз жылдан сурады. Эми аларды түшүнсө болот. Айыптоо актысын жогорудагы жетекчилери бекитип берген. Алар ага каршы чыга албайт. Биз өзүбүздүн ой-пикирди кийинки отурумда айтабыз. Булардын күнөөлүү экенин далилдеп бере алышкан жок",- деди Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Латыпбек Нуралимов.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген аталыш менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз адам айыпталып жатат. Аларга "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген беренелер боюнча айып коюлууда.
Юристтердин айтымында, экөө тең оор берене. Андыктан прокуратура айыпталуучуларга кандай шартта тогуз жыл сураган болушу мүмкүн, жактоочу Замир Жошев мындайча түшүндүрүп берди:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деген берене боюнча сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Демек, прокурор 8 жыл менен 10 жылдын ортосундагы жазаны сурашы керек эле. Бирок ишке катышкан айрым кесиптештерим прокурор бул берене боюнча 3 жыл 8 ай эркинен ажыратуу жазасын сурады деп айтып жатат. Ошондуктан эмне үчүн төмөнкү чектен, башкача айтканда 8 жылдан ылдый сурады белгисиз. Бул мага түшүнүксүз болуп жатат. Балким прокуратура өкүлдөрү түшүндүрүп берет. Ушул берене боюнча аз суралып жатат, минимум 8 жыл суралышы керек эле. Себеби дагы айтылган жок. Экинчи, "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген берене боюнча өзгөчөлүк бар. Кандай өзгөчөлүк? Ал боюнча негизги жаза 10 жылдан 15 жылга чейин каралган. Бирок прокурор 5 жыл 6 ай сураптыр. Бул жерде мыйзам төмөнкү чектеги жазаны суроого жол берет. Эмнеге? Анткени бул кылмыш жасалган эмес. Болгону аны жасоого даярдык көрүлүп жаткан деген таризде айып тагылып жатат".
Бул иш башталгандан бери сот жараяны бир катар окуялар менен коштолду. Тагыраагы социалдык тармактарга Ташиевдин жана башка айыпталуучулардын сурак берип жатканы делген видео тарады.
Анын качан, кандай шартта тартылганы расмий айтылган жок. Парламент төрагасы баш болгон бир катар депутаттар да кескин сын-пикирлерди айтышты.
"Жөнөкөй сөз менен айтканда, чөө сымал аракет кылышкан. Бирок арстанга кол салган чөөлөр эч качан жеңишке жетпейт турганын эстен чыгарып коюшту. Чөө эч качан арстанды жеңген эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Ошондуктан алардын аракети ишке ашкан жок",- деген эле парламент төрагасы Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.
Болуп жаткандар боюнча Камчыбек Ташиев азырынча үн ката элек. Курманкул Зулушев менен Нурланбек Тургунбек уулу гана журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип, коюлган айыптарды четке кагууда.
"Мунун баары жомок. Негедир жигиттин соңку убактарда айткандары боюнча ушул процесстердин башында өзү тургандай. Анын баардыгы эч кандай чындыкка дал келбейт. Баары жалган, баары калп. Өзүм бийликте туруп, өз бийлигимди өзүм басып аламбы? Бул абсурд",- деди Тургунбек уулу журналисттерге берген соңку маегинде.
Ошол эле учурда айыпталуучулардын баарына бирдей берене боюнча айып тагылып, ар бирине тең тогуз жылдан жаза суралып жатканы да талкуу жаратууда.
"Үчөөнүн ортосунда сүйлөшүү болгон окшойт деп ойлойм. Зулушев, Шакиев, Ташиев үчөө бири-бирине "кат даярдаталы" деши мүмкүн. Менин шегим ушул үчөөнө гана байланыштуу. Башкалары мамлекеттик кызматта деле отурган эмес. Анан алар кантип кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланат? Ошондуктан баарына бирдей тогуз жылдан сурап жатканы туура эмес",- деди мурдагы дипломат Мамбетжунус Абылов.
Бул ишти кароо Биринчи май райондук сотунда 18-майда баштаган. Ички иштер министрлиги тергөө учурунда ишке жашыруун деген мөөр баскан. Мындан улам жараян башында жабык өтүп баштаган.
Ортодо жактоочулар отурумду ачык өткөрүүнү талап кылып, сот алардын өтүнүчүн канааттандырган. Бирок мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен 22-июндан тартып сот отуруму кайрадан жабык карала баштады.
Прокуратура бул иште жашыруун материалдар бар экенин жана журналисттердин катышуусу соттук процесстин жүрүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын жүйө келтирди.
Соттун жабык өтүшүнө айыпталуучу Курсан Асанов гана катуу каршы болду. Ошол күнү сот аны тартип бузду деп залдан да чыгарып таштады. Калган айыпталуучулар жана алардын жактоочулары отурумдун жабык өтүшүн дээрлик колдоду.
































