Кыргызстан менен АКШ санкция жана визалык төлөм маселесин сүйлөштү

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуу 10-августта Бишкекте өттү.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, санкция маселелери боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле визалык жол-жоболорго жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланыштуу айрым маселелерди талкуулашты" деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Жолугушууда америкалык тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, Вашингтон эл аралык жана аймактык маселелер боюнча Бишкек менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирген.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, 5–12-августта Пол Капурдун Индия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанга сапары пландалган.
Капур сапар учурунда мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык өкүлдөр жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугуп, өз ара кызматташтык, аймактык туруктуулук жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулай турганы айтылган.
АКШ 3-августтан тартып Кыргызстандын жарандары үчүн туристтик жана ишкердик визаларга карата виза күрөөсүн 20 миң долларга чейин көбөйткөн.
Ага чейин, ушул жылдын башынан тарта киргизилген талаптарга ылайык, кыргыз жарандары B1/B2 визасына арыз бергенде 5 миң, 10 миң же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө төлөп келген.
Бул талап Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кошкондо 50 өлкөнүн жарандарына тиешелүү болуп, АКШнын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны азайтуу саясатынын алкагында киргизилген.
Күрөө төлөгөн виза ээлери АКШга Бостондогу Логан, Нью-Йорктогу Жон Кеннеди жана Вашингтондогу Даллес аэропорттору аркылуу гана кирип-чыга алышат.
Эгер алар АКШдан уруксат берилген мөөнөттө чыгып кетсе, күрөө кайтарылат, ал эми өлкөдө мөөнөтүнөн ашыкча калып калса, төлөнгөн акча кайтарылбай калышы мүмкүн.
Президент Дональд Трамп кызматка кайра келгенден бери АКШга мыйзамсыз гана эмес, мыйзамдуу миграцияны да чектөөгө умтулуп келет.
Ал эми санкция демекчи, Кыргызстандын бир катар банктары жана компаниялары Батыштын, анын ичинде АКШнын да санкциялык тизмесине киргизилген.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков санкцияларга байланыштуу өткөн айда Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп келген.
































