Таиландда мектепте ок атылып, алты киши өлдү

Таиландда мектепте ок атылып, алты киши өлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Полицияга шилтеме жасаган маалыматтарга караганда, 7-августта эртең менен Таиланддын борбору Бангкок шаарынын четиндеги мектепте болгон ок атуудан кеминде алты адам каза болду. Ок аткан шектүү 14 жаштагы эркек бала - 9-класстын окуучусу экени, анын да сөөгү табылганы маалымдалды. Ал мугалимдерге жана башка окуучуларга ок аткандан кийин өзүнө кол салган.

Ок атуудан кийин кызматкерлер менен окуучулар мектептен эвакуацияланган.

Полициянын маалыматына караганда, кеминде 15 адам жаракат алган, алардын экөөнүн абалы өтө оор.

Таиланддын премьер-министри Анутхин Чарнвиракул журналисттерге сүйлөп жатып, мектептеги ок атуунун курмандыктарына көңүл айтты.

"Бул абдан жаман окуя, мындай болбошу керек эле. Мен курмандыктарга гана эмес, мындай окуянын өзү болгонуна да кейип турам. Мындай нерсе биздин өлкөдө кантип болушу мүмкүн?" - деди ал өкмөт үйүндө берген кыска маегинде.

"Ошондуктан өкмөт жарандарга ок атуучу курал сактоого уруксат бербейт", - деп кошумчалады ал.

Таиландда мектепте ок атылып, алты киши өлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Күбөлөрдүн бири шектүү окуучу мектептин бөлмөлөрүн кыдырып жүрүп, кийин мугалимди да атканын айтып берген.

Окуучулардын бири Reuters агенттигине ок атуу учурундагы үндөрдү адегенде фейерверк же бир нерсе катуу кагылып жаткандай кабыл алганын айткан.

"Башында анын ок экенин ойлогон эмесмин. Көп жолу атылды: тарс-тарс-тарс. Анан тынчып калды. Кийин кайра башталды", - деген ал.

Бийлик элден Нонтхабури аймагындагы Debsirin мектебинин айланасына жакындабоону суранды.

Debsirin мектебинин Таиланд боюнча бир нече филиалы бар жана ал абройлуу билим берүү мекемеси катары кеңири белгилүү.

Окуя болгон жерден тартылган видеолордо мектеп кызматкерлери окуучуларды класстардан шашылыш чыгарып жатканы, ал эми полиция кызматкерлери ок чыгарган адамды издеп жүргөнү көрүнөт.

Таиландда мектепте ок атылып, алты киши өлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Таиланддагы оппозиция лидерлеринин бири бийликти өлкөдөгү курал-жаракты көзөмөлдөө чараларын кайрадан карап чыгууга чакырды.

Элдик партиянын лидери Наттхафонг Руенгпаньявут Facebook баракчасына жазган билдирүүсүндө: "Бул кол салуунун себеби азырынча белгисиз бойдон калууда. Бирок коомдогу эң коопсуз жайлардын бири болушу керек болгон билим берүү мекемесиндеги мындай зомбулук Таиланд коомуна курал көзөмөлүн олуттуу жана системалуу түрдө кайра карап чыгуу зарылдыгын эскертип турат", - деди.

Бул окуя Таиланддын түштүгүндөгү мектептердин биринде февраль айында болгон дагы бир ок атуудан кийин орун алды. Ал окуяда да өлкөдө курал-жарактын оңой жеткиликтүүлүгү боюнча суроолорду жараткан.