Токмоктогу зомбулук: аялын жана балдарын сабаган киши эки айга камалды

Жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаранга "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаранга "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголду
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Өгөй балдарын күрөктүн башы, электр зымы менен сабаган кишинин видеосу коомдук сайттарда желдей тарап, көпчүлүктүн үшүн алды. 3-августта күйөөсүнөн кордук көргөн 33 жаштагы Алина (аты өзгөртүлдү) Токмок шаардык милициясына кайрылган. Ал жолдошу биринчи никедеги эки баласына үч жылдан бери зомбулук көрсөтүп келе жатканына даттанган.

Милиция шектүүнү (Ч.Ч.) кармап, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин көрсөтмөсү алынып, анда жарандык жолдошу өзүн жана балдарын электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендиги көрсөтүлгөн. Окуя боюнча арыздануучу жана анын жашы жете элек эки баласына карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган", - деп айтылат Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.

Чүй райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Дамира Тажибаева тилкелик милицияга маалымат түшөр замат окуя болгон үйгө барып акты түзүшкөнүн айтты. Анын билдиришнче, келиндин жарандык никедеги күйөөсү анын биринчи никедеги тогуз жаштагы уулуна жана он жаштагы кызына карата физикалык, психологиялык жактан зордук-зомбулук көрсөтүп келген. Жабырлануучу жашы жете элек балдарын алып качып кеткен:

"Азыркы убакта энеси балдары менен башка жакта. Башкача айтканда эки бала биринчи никесинен. Кийин бул күйөөсүнөн да эки бала төрөйт. Төрт баласы менен ошол жакта. Биз кат жөнөттүк. Азыркы күндө балдардын жана эненин абалы жакшы. Ооруканада эмес".

Би-Би-Си келин менен телефон аркылуу байланышты. Ал кыскача гана буларды айтты:

"Жакшымын. Баары бир убакыт керек го, өзүмө келиш үчүн. Балдар да жакшы".

Соцкызматкерлер үй-бүлөнүн жашоо-шарты жакшы болгонун, тыштан зомбулуктун белгилери байкалбаганын билдирүүдө. Окуя ачыкка чыккандан кийин алар милициядан 38 жаштагы кылмышка шектүүнүн карындашын да суракка алууну өтүнүп жатышканын кабарлашты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бизге жаңы маалыматтар түштү. Балдар сабалганда шектүүнүн карындашы көргөн экен. Ошол жерде туруп эмнеге балдарга болушкан жок деп шектүүнүн карындашына да өтүнүч жазып жатабыз", - деди Чүй райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башкы адиси Айнура Чымырбаева.

Кылмышка шектүүнү кошуналары анын жубайы да, 9-10 жаштагы өгөй балдары да тышка көп чыкпаганын айтышууда.

"Ал абдан агрессивдүү. Абдан заардуу адам. Үйдөн эч кимди чыгарбайт, түшүнүп жатасыздарбы, ушундай. Аялы да эч качан даттанган эмес. Сыртка чыкчу эмес, эч нерсе айтчу эмес. Ал үчүнчү же төртүнчү жолу үйлөнгөн. Мен канча жолу бардым, дарбазасын какканда эч ким ачкан эмес. Эч кимге сыртка чыгууга уруксат берген эмес", - деди токмоктук тургун.

Бул окуя боюнча Би-Би-Си шектүүнүн жакындарынын пикирин угууга аракет жасады, бирок байланыштууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк өкүм-зордук улам көбөйүп баратат. Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына ушул жылдын алты айында 13625 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 34,1% көп.