ФИФАдагы маселе Инфантинодо эле эмес, бүтүндөй системада

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол бүгүн жөн гана спорт эмес. Ал мамлекеттердин аброюн, кадыр-баркын көтөргөн, миллиондогон адамдарды бириктирген, миллиарддаган каражат айланган дүйнөлүк кубулушка айланды. Ошондуктан футбол талаасында болуп жаткан окуялар сыяктуу эле аны башкарган дүйнөнүн чечимдери дагы ар бир күйөрман үчүн маанилүү.
Мен бул макаланы белгилүү бир адамды сындоо же кимдир бирөөнү актоо үчүн эмес, дүйнөлүк футболдун бүгүнкү абалы жөнүндө ой бөлүшүү максатында жаздым.
ФИФА акыркы жылдары кайрадан дүйнөлүк талкуунун чордонунда калды. Бул жолу маселе чемпионаттардын жыйынтыгында же кооз голдордо эмес. Кеп дүйнөлүк футболдун келечегин аныктаган башкаруу системасы, ишеним, жоопкерчилик жана адилеттик жөнүндө болуп жатат.
Он эки Олимпиада оюндарын жеринен чагылдырган спорттук баяндамачы катары бир нерсеге уламдан-улам ынандым: спорттун чыныгы күчү рекорддордо же медалдарда гана эмес. Анын эң чоң байлыгы — адамдардын ишеними. Ошол ишеним жоголгон жерде эң чоң жеңиштер дагы өзүнүн баалуулугун жоготот.
Бул макалада дүйнөлүк футболдун бүгүнкү абалына көз жүгүртүү менен бирге, анын Кыргызстан үчүн кандай сабактары бар экенине да токтолууга аракет кылдым. Анткени дүйнөлүк спорттогу ар бир чоң өзгөрүү эртеби-кечпи улуттук спорттун өнүгүшүнө дагы таасирин тийгизет.
Футбол — дүйнөдөгү эң популярдуу оюн. Бирок аны башкарган система ошол улуу оюндун өзүндөй адилетпи?
Бүгүн миллиарддаган күйөрмандын жүрөгүн багындырган футбол дагы бир жолу дүйнөлүк талкуунун чордонунда турат. Кеп бир гана Жанни Инфантино жөнүндө эмес. Кеп дүйнөлүк футболдун багытын аныктаган башкаруу философиясы, ишеним жана жоопкерчилик жөнүндө болуп жатат.
2016-жылы ФИФАнын президенттик шайлоосунда жеңишке жеткенден кийин Жанни Инфантино дүйнөгө чоң үмүт жараткан билдирүү жасаган.
«Биз ФИФАнын кадыр-баркын кайра көтөрөбүз. Дүйнө ФИФАны кайрадан урматтайт».
Ал кезде дүйнөлүк футбол оор сыноону башынан өткөрүп жаткан. Сепп Блаттердин доорундагы коррупциялык жаңжалдар, АКШнын тергөө органдары тарабынан ФИФАнын бир катар жетекчилеринин камакка алынышы жана дүйнөлүк коомчулуктун ишениминин солгундашы эл аралык футболду башкаруу системасын түп-тамырынан жаңылоону талап кылган. Инфантино ошол жаңы доордун символу катары кабыл алынган. Бирок он жылга жакын убакыт өткөн соң дүйнөлүк футбол коомчулугу кайра эле бир суроого жооп издеп калды.
ФИФА чындап өзгөрдүбү?
Бул суроонун жообу бир адамдын ишмердигинен алда канча кеңири түшүнүктү камтыйт. Анткени маселе бир гана президентте эмес. Маселе — дүйнөлүк футболду башкарган системанын өзүндө.
Жакында эле ФИФАнын коммерциялык активдеринин бир бөлүгүн жеке инвестициялык топторго берүү боюнча сунуштар дүйнөлүк коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир катар сын-пикирлерге кабылды. Айрым серепчилер мындай демилгелердин кеңири жана ачык талкуусуз даярдалышы башкаруунун ачыктыгы боюнча жаңы суроолорду жаратканын белгилешет.
Бул окуя дагы бир жолу эң негизги суроону күн тартибине алып чыкты:
ФИФА бүгүн кимдин ишенимине таянып жашап жатат — күйөрмандардынбы же бийликтинби?
Бир адам эмес, бүтүндөй система
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Инфантинонун дарегине айтылган сындардын негизги өзөгү дагы ушул.
Көптөгөн спорт талдоочулары анын башкаруу стили акырындык менен мурдагы президенттер Сепп Блаттер менен Жоао Хавеланждын мезгилин эске сала баштаганын белгилешет. Албетте, бүгүнкү күндө Блаттер доорундагыдай масштабдуу кылмыш иштеринин жоктугу маанилүү айырма. Бирок башкаруунун жабык мүнөзү, этикалык суроолор жана бийликтин ашыкча борборлошуусу тууралуу талкуулар, сын пикирлер токтой элек.
ФИФА дүйнөдөгү эң ири спорттук уюмдардын бири. Анын курамына 211 улуттук футбол ассоциациясы кирет. Алардын ар бири — Германия болобу же болгону төрт миңден ашуун калкы бар Монтсеррат аралы болобу — Конгрессте бирдей бир добушка ээ.
Бир караганда бул эң демократиялуу система сыяктуу көрүнөт. Бирок дал ушул механизмдин экинчи жагы дагы бар.
Президент жүздөгөн чакан федерациялардын колдоосун каржылык программалар аркылуу бекемдеп, алардын ишенимин же добушун алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми дүйнөлүк футболдун негизги күчүн түзгөн мамлекеттердин таасири алардын экономикалык жана футболдук салмагына салыштырмалуу чектелип калат.
Демек, кеп демократияда эмес. Кеп ошол демократия кандай иштеп жатканында болуп жатпайбы?!.
Футбол кимдики?
Бүгүн футбол дүйнөдөгү эң ири индустриялардын бири болуп калды. Дүйнө чемпионаты миллиарддаган доллар киреше алып келет.
Европанын алдыңкы чемпионаттары, Лигалары дүйнөлүк телекөрсөтүүнүн эң баалуу продуктусуна айланды. Ошол эле учурда Африка, Азия жана Кариб аймагындагы көптөгөн футбол федерациялары өнүгүү үчүн ФИФАнын каржылык колдоосуна муктаж бойдон, алардын көзүн карап калууда.
Уганда футбол федерациясынын өкүлү Роджерс Бьямукама көтөргөн суроо дүйнөлүк футбол үчүн абдан маанилүү угулат:
«Африкалык оюнчулар Европа футболуна чоң киреше алып келип жатышат. Бирок ошол каражаттын канчасы кайра Африкадагы футболдун өнүгүшүнө кайтып келет?»
Бул жөн гана экономикалык эмес, моралдык суроо дагы. Футболдон түшкөн байлык кимге кызмат кылышы керек?
ФИФА эмнени өзгөртүшү зарыл?
Дүйнөлүк эксперттер акыркы жылдары ар кандай реформаларды сунуштап келишет. Айрымдары добуш берүү системасын кайра карап чыгууну сунуштап жатат.
Башкалары каржылоону көз карандысыз механизмдер аркылуу бөлүштүрүүнү жактаган пикирде. Дагы бир топ адистер оюнчулардын профсоюздарын, клубдарды жана аялдар футболунун өкүлдөрүн башкаруу органдарына кеңири тартууну сунуштап келишет.
Бул сунуштардын баарынын максаты бирөө гана. Футболду эмес, аны башкаруу системасын жаңылоо зарыл.
Дүйнөлүк спорт үчүн чоң сабак
ФИФА дүйнөлүк футболдун гана эмес, бүтүндөй спорт дүйнөсүнүн күзгүсү жана таразасы болуп калды. Эгер эң ири спорттук уюмдардын бири башкаруу кризисине туш болуп жатса, анда бул башка эл аралык федерациялар үчүн дагы олуттуу эскертүү.
Тарых көрсөткөндөй, бир жетекчини алмаштыруу менен бардык маселе чечилбейт. Эгер система өзгөрбөсө, жаңы жетекчи дагы убакыт өткөн сайын эски системанын мыйзамдары менен жашап, көнгөн адат менен ишин уланта баштайт.
Ошондуктан бүгүн дүйнөлүк футбол алдында турган эң чоң суроо мындай:
ФИФА дагы бир президентти шайлайбы же өзүнүн башкаруу маданиятын өзгөртөбү? Дал ушул суроонун жообу дүйнөлүк футболдун кийинки он жылдыктардагы тагдырын аныктайт.
Кыргызстан үчүн кандай сабак болот?
ФИФАнын айланасындагы бүгүнкү талкуулар Кыргызстан үчүн дагы жөн гана эл аралык жаңылык эмес. Бул дүйнөлүк спортту башкаруудагы эң маанилүү сабактардын бири.
Акыркы жылдары кыргыз футболу жаңы баскычка көтөрүлүп, Азиядагы өзүнүн ордун акырындап бекемдей баштады. Улуттук курама команда, жаштар футболу, кыз-келиндер футболу, балдар академиялары жана инфраструктура акырындап өнүгүү жолуна түштү.
Бул өзгөрүүлөрдү сактап калуу үчүн дүйнөлүк футболдун жакшы тажрыйбаларын гана эмес, кетирген каталарын дагы талдоого алып, алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүшүбүз керек. Анткени чоң жеңиштер, кооз стадиондордон мурда күчтүү башкаруудан башталат.
Футболдун ийгилиги голдор менен гана өлчөнбөйт. Башкаруудагы ак ниеттик, мыйзамдын үстөмдүгү, каржынын ачык-айкындыгы жана коомдун ишеними дагы чоң чемпиондуктардын пайдубалы болуп саналат.
Кыргыз футболунун келечеги таланттуу оюнчуларга гана эмес, күчтүү институттарга дагы көз каранды. Акыркы жылдары Кыргызстанда футбол мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланып баратканы байкалууда. Президент Садыр Жапаровдун демилгелери менен өлкөдө заманбап футбол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Борбор Азиядагы эң чоң стадиондун курулушунун башталышы бул тармакка болгон мамлекеттик мамиленин өзгөргөнүн айгинелейт.
Ошондой эле Кыргыз Футбол Биримдигинин жетекчилигине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин шайланышы дагы футболду өнүктүрүүгө болгон жоопкерчиликти жаңы деңгээлге чыгарууга болгон умтулуунун белгиси катары кабыл алынабы, аны мезгил жана аракети көрсөтөт.
Бирок эң чоң жеңиш жаңы стадиондор менен эмес, ошол стадиондордо тарбиялана турган жаңы муун жана ошол футболду башкара турган жаңы башкаруу маданияты менен өлчөнөт.
Кыргызстан үчүн эң башкы сабак бирөө. Күчтүү футбол биринчи кезекте күчтүү институттарга, клубдарга таянат. Ишеним жок жерде инвестиция болбойт.
Адилеттик жок жерде өнүгүү болбойт. Ачык-айкындуулук жок жерде күйөрмандын сүйүүсү дагы узакка сакталбайт. Футбол дүйнөнү, ынтымакты бириктирген эң күчтүү, таасирдүү агымга айланды. Ошондуктан аны башкаргандар дагы ошол улуу оюндай таза, акыйкат жана жоопкерчиликтүү болушу зарыл.
Анткени ФИФАнын дагы, ар бир улуттук федерациянын дагы эң чоң капиталы миллиарддаган доллар эмес. Эң чоң капитал — миллиондогон күйөрмандардын ишеними жана үмүтү.
Ошол ишенимди сактап калган өлкөлөр гана эртең дүйнөлүк футболдун жаңы тарыхын жазып, дүйнө жүзүнө тааныла алышат.
Футболдун чыныгы чемпиондору талаада гана эмес, башкарууда да аныкталат. Анткени таза башкаруу — таза футболдун эң башкы жеңиши.
Кабыл Макешов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы
- Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.
































