Нетаньяху: Израил Трамптын Газа боюнча 15 пункттан турган планын четке кагат

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биньямин Нетаньяху менен Дональд Трамп
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча 15 пункттан турган планын четке кагып, ХАМАС "чындап" куралсызданмайынча Израил аскерлери аймактан чыгарылбай турганын билдирди.

"Израил бул 15 пункттан турган документти кабыл албайт", - деди Нетаньяху жекшемби күнү министрлер кабинетинин жыйынында.

Анын айтымында, Израилдин куралдуу күчтөрү "ХАМАС чындап куралсызданмайынча аскерлерин чыгарбайт жана аскерлерибизге жана жарандарыбызга карата коркунучтарды токтотуу иштерин улантат".

Трамптын "Тынчтык кеңеши" июль айында Газа секторундагы ХАМАС жана башка куралдуу топторду "толук куралсыздандыруу" боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирген.

Бирок ХАМАС оор куралдарын тапшыруу Израилдин "агрессиянын бардык түрлөрүн" токтотконуна жана аскерлерин Газадан чыгаруусуна байланыштуу экенин билдирген. Топтун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Reuters агенттигине уюм июль айында Каирде макулдашылган тынчтык планына мурдагыдай эле берилген бойдон калганын айткан.

Июль айында Трамп ХАМАС Газа секторун куралсыздандыруу планын кабыл алганын билдиргенден кийин, муну "туруктуу тынчтыкка жана коопсуздукка карай ири кадам" деп атаган.

Бирок Нетаньяху Израил аскерлерин Газадан чыгарардан мурда ХАМАС куралсызданышы зарылдыгын айтып, бул "жасалма куралсыздануу" болбошу керектигин белгиледи.

Ал мындан ары кандай кадамдарга баруу керектиги боюнча учурда АКШнын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

"Аларда сунуштар бар. Алардын айрымдары биз үчүн кабыл алынат, айрымдары кабыл алынбайт. Бул маселелер боюнча өз позициябызды кантип коргой турганыбызды билебиз", - деди ал.

Ошол эле учурда Израил өткөн жылдын октябрь айында Газа секторунда алгачкы ок атышууну токтотуу келишими түзүлгөндөн бери аймакка сокку урууну улантып келет.

Израилдеги шайлоого бир нече ай калганда премьер-министрдин чегинүүгө барары күмөн.

Анын ашынган оңчул өнөктөштөрү, анын ичинде бул долбоорду "кабыл алынгыс" деп четке каккан улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир министрлер кабинетинде кайрадан добуш берүү өткөрүп, Газа боюнча пландан баш тартууга чакырышууда.

Бул Трамптын өткөн жылдын сентябрында жарыяланган тынчтык планына дагы бир сокку болуп жатат.

Планда келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн "Тынчтык кеңешин" түзүү, ошондой эле ХАМАСты куралсыздандыруу, Израил аскерлерин чыгарып кетүү жана Газаны калыбына келтирүү каралган.