"Тебелеп-тепсеп, кордоп жатышат": Ахунбаев жолунун курулушу, дыйкандардын көйгөйү

- Author, Венера Осмокеева
- Role, Би-Би-Си кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Бишкек мэриясы шаардын чыгыш тарабындагы 160-контур деп аталган айдоо аянтын этап-этабы менен турак-жай конушуна айландырууну көздөп жатат. Учурда айрым тилкелерге белгилер коюлуп, жол куруу иштери башталганы турат. Калаа бийлигинин маалыматына ылайык, бул аймак аркылуу Ахунбаев көчөсүнүн уландысы өтүп, Чыгыш айланма жолуна кошулат. Мэрия бул долбоор шаардагы жол тыгынын азайтууга жардам берет деп эсептейт. Бирок маселенин экинчи тарабы да бар. Айдоо аянтында гектарлаган жерге кулпунай, малина өстүрүп күн көргөн дыйкандар мөмөлөрү бышып калган маалда сүрдүрүлгөнү жатканын айтып кабатыр.
Айбек Орозбеков алты жылдан бери үй-бүлөсү менен эрте жазда алыскы Аксыдан Бишкекке келип, ижарага жер алып малина, кулпунай эгип тирлик кылат. Үй-бүлөнүн ичип-жегени, алты баланын түйшүгү ушул жерден тапкан кирешенин эсебинен.
"Малинабыз дал ушул жол түшө турган жерге туш келип калды. Быйыл эми жакшы түшүм бере баштаган жылы эле. Бул жерде жыйырма сотых малина бар. Чыгымыбыз эле 300 миңден 500 миң сомго чейин жетип жатат,- деди дыйкан.

Айбектин жубайы Мыскал Алишерова бул айдоо жери алардын үй-бүлөсү үчүн негизги киреше булагы экенин айтат. Анын сөзүнө караганда, жаздан күзгө чейин төккөн мээнетинин үзүрүн эми көрөбүз дегенде, жерди бошотуу талабы коюлуп жатат.
"Ушул жерден тапкан акчага балдарыбызды багабыз. Кийим-кечесин алып беребиз, студент балдарыбыз бар. Алардын окуусуна контракт төлөйбүз. Эми түшүм жыйноого келгенде жерди бошоткула деп жатат",- деди ал.
"Булардын баары чоң чыгым"
Бул айдоо талаасында Орозбековдор сыяктуу жоон топ дыйкан айласын таппай турат. Алардын айтымында, жаңы тигилген көчөттөр эми гана мөмө байлап баштаган учурда жол курулушуна туш келип отурат.
Дыйкандар көчөттөрдү өстүрүүгө бир нече ай эмес, жылдап эмгек жана ири каражат жумшаган.
Көпчүлүгү насыя алып, акчасын көчөт, жер семирткич, сугат жана башка чыгымдарга короткон.
"Биздин башка кирешебиз жок. Кулпунай, малина менен эле оокат кылабыз. Жыл сайын алыскы Аксыдан март айында келип, күзүндө кетебиз. Жайдын ортосунда көчөттү башка жакка көчүрүү да мүмкүн эмес. Көчүрсөк куурап калат. Эмгегибиз талаага кеткени турат",- деп кейиди Сыяда Айдарбекова.

"Бул жерде турган дыйкандардын көбү насыя алган. Чын-чынына келгенде биз өзүбүздү өзүбүз багып жатабыз. Салыгын, суунун акчасын, жердин ижарасын төлөйбүз. Түшүм эми гана колго тие баштаган. Аны сатып, насыябызды жаап, бала-чакабызга кийим-кече алып берели деп жатканбыз. Биз жол салууга каршы эмеспиз. Болгону октябрга чейин убакыт беришсе дейбиз. Азыр күн ысык, көчөттөрдү көчүрсөк куурап калат. Анан дагы жол курула баштаса чаң басат, сугатка тоскоолдук жаралат. Бул өсүмдүктөрдү үч күндө бир сугарбасак куурап кетет. Бир гектарга эле канча каражат кетет. Отоо чөбүн тазалайбыз, жер семирткич, витамин беребиз. Булардын баары чоң чыгым",- деди дыйкандардын бири Жаныбек Сатканкулов.

Дыйкандардын көпчүлүгү аймактардан келип, жерди ижарага алып иштетет. Аларын айтымында жер ээлери эскертүү берген эмес.
Ошондуктан алар быйыл да кадимкидей эле көчөт тигип, түшүм алууга камданып жатышкан.
"Былтыр келип жерди ченеп кетишкен. Жазында дагы ченеп жүрүштү. "Быйыл жол түшөбү?" деп сурасам, "билбейбиз, иштей бергиле" дешкен. Кечээ келип үч күндүн ичинде жерди бошоткула дешти. Биз нес болдук. Үч күндө талааны кантип бошотобуз? Бул биздин оокатыбыз, дасторконубуз. Өз мамлекетибизде туруп өз бийлигибиз бизди ушинтип тебелеп жатат. Булардын бетине так түшпөсүн деп, балдарыбызга бербеген витаминди берип өстүрөбүз.Жаш кезде Орусияда иштеп, милициядан качып жүрүп тиричилик кылдык. Эми "өз өлкөбүздө эмгектенип, жашайлы" деп ушул жерге келгенбиз. Орусияга караганда бул жакта квартирага акы төлөбөйсүң, милициядан качпайсың деп сүйүнгөнбүз. Эми болсо өз жерибизде сүрдүрүүгө туш болуп жатабыз",- деди дыйкан Элмира Асанбекова.

Кубан Асанов болсо быйыл досу менен биринчи жолу ижарага жер алып, помидор өстүргөнүн айтат.
Айтымында, жолго болжол менен 40-50 сотых жер кеткени турат жана бул чыгымды ким көтөрөрү белгисиз бойдон калууда.
"Эми бышып, үзүрүн көрөлү деп жатканда жол курабыз деп жатышат. Жумшаган эмгек каякка кетет? Келинчегим акимчиликке барса, биз чыгымды төлөп бере албайбыз дептир. Ижарага берген кишилерден алгыла дешиптир. Алар менен келишим жок. Оозмо-ооз эле сүйлөшүп алганбыз. Ошондуктан алар эч кандай чыгымды төлөп бербейт. Бизге алдын ала эч ким эскертүү берген эмес. Эгер эскертишсе, бул жерге экпейт элек. Балдарыбыздын окуусу башталганы жатат. Бул маселени өкмөт чечиши керек. Бул өкмөттүн шалаакылыгы",- деди Кубан Асанов аттуу дыйкан.

"Бул жаңы тигилген көчөттөр эми гана гүлдөп жатат. Мөмөсү эми келип жатканда жолго туш келип калды. Эгер башынан эскертишсе, мынча чыгым болуп, бул көчөттөрдү тикпейт элек",- деди дагы бир дыйкан Жылдызбек Сейитбеков.

"Октябрга чейин убакыт беришсин"
Дыйкандар жергиликтүү бийликтен жок дегенде түшүмүн жыйнап алганга чейин убакыт берүүнү суранып жатышат.
"Азыр жайдын ортосу. Мындай ысыкта көчөттөрдү казып алып башка жакка көчүрө албайбыз. Октябрга чейин убакыт беришсе, мөмөбүздү терип алып, көчөттөрдү казып кетмекпиз. Ошондо жок дегенде эмгегибиз текке кетпейт эле",- деди Сыяда Айдарбекова.

Сүрөттүн булагы, Жахангир Надырбеков, дыйкан
"Октябрга чейин күтүп беришсе, эл түшүмүн жыйнап алмак. Кулпунайдын көчөтүн 30 сомдон, малинаны 50-60 сомдон сатып алабыз. Булардын баарына миңдеген сом чыгым кеткен. Азыр болсо чыгымыбызды дагы актай элекпиз. Суунун акчасын төлөдүк, ижарасын төлөдүк. Эми түшүмдү алабыз дегенде баары талаада калып жатат",- деди дагы бир дыйкан Жахангир Надырбеков.
Жер үлүштөрүнүн ээлери менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү бийлик алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Жол курулушун убактылуу токтотууга мүмкүн эмес экенин айтты.

"Бул жолду октябрь айына чейин бүтүрүшүбүз керек. Учурда Чыгыш айланма жолу курулуп жатат. Ахунбаев көчөсү ошол жолго кошулат. Сентябрда мектептер, университеттер ачылып, шаарда кайрадан чоң тыгын башталат. Ошондуктан шаардын үстүңкү бөлүгүндөгү жолдорду кеңейтип жатабыз. Бул жерде он чакты дыйкандын маселеси менен бир жарым миллион шаар тургунунун кызыкчылыгы бет келип жатат. Ошол эле учурда биз дыйкандардын маселесин да мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылып жатабыз",- деди Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков.
Бишкектин чыгыш тарабындагы 160-контур деп аталган айдоо аянты жалпысынан болжол менен 1200 гектарды түзөт. Шаардын башкы планына ылайык, жакынкы жылдары бул аймак акырындык менен турак-жай конушуна айланат. Учурда шаар бийлиги ал жерге Ахунбаев көчөсүнүн улансыдын курууну пландап жатат.
































