"Жараян 13-августка жылды": Ташиевдердин иши Бишкек шаардык сотунда каралууда

"75чилердин иши" боюнча сот отуруму шаардык сотто карала баштады
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "75чилердин иши" боюнча сот отуруму шаардык сотто карала баштады
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаардык соту 10-августта "75чилердин каты" деп аталган иш боюнча апелляциялык арыздарды кароого киришти. Алгачкы соттук отурумда адвокаттар мамлекеттик айыптоочунун Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө карата сунушу менен таанышуу үчүн убакыт сурашты. Сот өтүнүчтү канааттандырып, жараян 13-августка жылдырылды.

Сот жообуна тартылып жаткан саясатчылар иш боюнча кеңири маалымат беришкен жок.

Курманкул Зулушев: "Азыр башталсын, анан маалымат беребиз. Сот өкүмүнө макул эмес үчүн арыз жаздык да".

Бекболот Талгарбеков: "Сот жашыруун өтүп жатат. Ошондуктан эч нерсе дей албайм".

Эмилбек Узакбаев: "Биздин күнөөбүз жок да. Ден соолугум жакшы, ооруканага жатып чыктым".

Кусан Асанов: "Соттук ачык өткөрүү менин колумдан келбейт да. Сот башталганда айтабыз. Жараян башталсын. Көрөбүз. Ооба, сот жараянын ачык өткөрүүнү талап кылабыз".

Сот жараяны боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Ал конвойлор жана кызматтык унаалар өтчү эшиктен унаасы менен кирип кетти.

Бул жараянда Шаирбек Ташиевдин адокаты Жыргалбек Бабаев дагы Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргоп жатканы белгилүү болду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Прокуратуранын сунушу менен таанышуу үчүн сот жараяны жылды. Кийинки отурум 13-августта болот", - деди Жыргалбек Бабаев.

Бул иште бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз саясатчынын жана коомдук ишмердин иши каралууда.

Алар райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна өз-өзүнчө апелляциялык арыз менен кайрылышкан жана актоону өтүнүп жатышат. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Апелляциялык арызды алгачкылардан болуп Камчыбек Ташиевдин жактоочулары беришкен. Адвокат Икрамидин Айткулов мурда билдиргендей, алар соттон Ташиевди толугу менен актоону өтүнүшкөн.

Кийинчерээк ушундай эле арыздарды башка айыпталуучулардын жактоочулары да тапшырган.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Кийин бул кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.