УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиев мамлекетке 15 млн долларлык мүлкүн өткөрүп бергенин билдирди

Куванычбек Конгантиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куванычбек Конгантиев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы депутат Куванычбек Конгантиев Бишкектеги жер тилкелерин берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттолгонун билдирди.

УКМКнын 6-августта тараткан маалыматына караганда, бул иш Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүүдө коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергелген.

Атайын кызмат Куванычбек Конгантиев Бишкек мэриясынын алдындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган учурда кызматтык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгы жана ага байланыштуу адамдардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп билдирди.

"Тергөө учурунда айыпталуучу күнөөсүн моюнга алып, күнөөнү таануу боюнча келишим түзгөн, тергөөгө көмөк көрсөткөн жана өз ыктыяры менен "Роял Констракшн" компаниясынын курулуп жаткан объектилериндеги жалпы базар баасы 15 миллион АКШ долларын түзгөн (Улуттук банктын курсу боюнча 1 миллиард 311 миллион 750 миң сом) 6500 чарчы метр турак жай жана коммерциялык жайларды мамлекеттин менчигине өткөрүп берген. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы өкүмү менен К. Конгантиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмышты жасаган деп күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин кирешесине 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу түрүндөгү жаза дайындалган" деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевди кызмат абалынан "кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып пул салганы 6-августта белгилүү болду. Бул тууралуу чечим 2026-жылдын 15-июлунда эле чыгарылган.

Конгантиевге кылмыш иши 10-мартта козголуп, УКМК аны дароо кармаган. Ленин райондук соту экс-депутатты атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

УКМК мурдагы депутат аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды колдонуп, жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурган деп айыптаган.

Куванычбек Конгантиев кармалар алдында, 10-мартта депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы канааттандырган. Ал мандатын тапшыруу себебин коомчулукка түшүндүргөн эмес.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

9-мартта социалдык тармактарда анын жана жакындарынын активдери, мүлктөрү жана байланыштары тууралуу видео тараган. Роликтин автору ага жакын адамдардын ондогон компаниялары жана ар кандай бизнестери бар экенин билдирген. Конгантиев өзү бул кептерге азыркыга чейин комментарий бере элек.

Сот аны үч айдан кийин, 15-июнда үй камагына чыгарган.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №21 шайлоо округунан шайланган. Парламенттеги "Эл үмүтү Ата-Журт" депутаттык тобуна кирген. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеп жаткан.

Конгантиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде бир канча жолу депутат болгон.

Ал УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардан болгону айтылып келет. Ташиев 10-февралда кызматынан бошотулган. Ал 2-июлда "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу төрт жылга соттолгон жана үч жылдык пробация менен эркиндикте калган.

Куванычбек Конгантиев - мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.