"Кыргыздар кыргызча сүйлөшпөйт экен". Чет элдиктер эмнеге кыргыз тилин үйрөнүшөт?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 8 мүнөт
Кыргызстанда бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонунун 37 жылдыгы белгиленип жатат. Би-Би-Си Кыргызстанда жашап, кыргыз маданиятын кыргыз тили аркылуу тааныгысы келген чет өлкөлүктөр тууралуу айтып берет. Дүйнөнүн булуң-бурчунан Кыргызстанга келген чет элдиктер кыргыз тилин эмнеге үйрөнүп жатышат? Бул эмне үчүн маанилүү жана алар канча убакытта кыргызча сүйлөп калышты?
Жапон кызы Мисузу: Мага кыргыздыкындай жашоо жарашат экен
Жапон кызы Мисузу Огата мындан алты жыл мурун Кыргызстанга келген. Ал Кыргызстанга келгенден тарта кыргыз тилин үйрөнө баштаган. Азыр Мисузу кыргызча жакшы сүйлөйт.
Анын айтымында, кыргыз тилин, деги эле чет тилдерди үйрөнүүдө негизги ыкма - ошол тилде сүйлөгөн адамдар менен көбүрөөк баарлашуу жана пикир алмашуу.

"Сүйлөш керек. Өзүңдүн оюңду топтоп, ошол тилде сүйлөп көрүш керек. Туура эмес болсо деле сөз айтып көрүш керек. Ар бир адам менен өзүң жөнүндө айтканга аракет кылып, өзүңдү угуп, көп кайталап отуруп, анан көнүп кетет экенсиз. Ошону байкадым".
Мисузу комузда да ойной алат. Ал эки жылдан бери 15ке жакын күү үйрөнүп, азыр түрдүү иш-чараларда сахнага чыгып, комуз чертет. Ал улуттук музыка аркылуу элдин маданиятына дагы да сүңгүп кирүүгө болот деп эсептейт. Бүгүн ал бизге "Кыз ойготор" күүсүн чертип берди.
"Мен чет өлкөлүк болгонум үчүн бул жердин улуттук маданияты, адамдары менен жакшы мамиледе болуу абдан жакшы нерсе деп ойлойм. Себеби, башка өлкөдө жашоо чет элдиктер үчүн кыйын болот. Башында, мисалы, тил билбейт. Бирок тил билбесе да, колунда аспап болсо, үн чыгарып, ал үндү дүйнө жүзүндөгү адамдардын баары түшүнөт. Музыка аркылуу чет өлкөдөн келген туристтер менен деле, жергиликтүү адамдар менен деле жан дүйнө аркылуу сүйлөшсө болот. Ошондуктан комуз мен үчүн абдан маанилүү. Мен комузда ойноп атканда, өзүмдүн жан дүйнөм абдан кенен, терең болорун байкадым".
Мисузу Кыргызстанда орус тили көп колдонуларын байкаган. Ал Жапониянын мисалында элдин эне тилине кандай мамиле кыларын айтып берди.
"Мен дайыма сурап турам, бул орусча сөзбү же кыргызчабы деп. Кээ бир адамдар айрым сөздөрдүн кыргызчасын билбейт экенбиз деп калышат. Анан Кыргызстанда кыргыздар кыргызча анча көп сүйлөбөйт экенбиз деген маселени көп айтышты. Ошентип, кыргыздар көбүнчө орусча, өзгөчө шаарда орусча сүйлөшөрүн билдим. Жапондор бир гана тилде - эне тили болгон жапончо эле сүйлөп, жашайбыз. Кыргызстанга келсе, элдер эркин, эки тилде сүйлөй алышат экен. Кыргыз маданиятына, кыргыз элине дагы үйрөнүшүбүз керек окшойт. Эмнеге биз кыргыз тилин үйрөнүшүбүз керек дегендин маанисин толук түшүнүшсө, баары көңүл бөлүп, кызыгып баштайт деп ойлойм".
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жапон кызы кыргыз тамактарын сүйүп жейт. Анын сүйүктүү тамактарынын бири - кургак кесме. Аны Ысык-Көлгө барганда жеп көргөнүн айтат.
"Курут көп жейм. Кымыз дагы иче баштадым. Бешбармак жейм. Чучук мага жагат. Ысык-Көлгө быйыл көп бардым. Аякта "кургак кесме" деген тамак бар экен. Ошол аябай жагат мага, дагы дымдама, оромо жагат. Кыргыздардын үйдө жасалган бардык тамактары жагат экен мага".
Мисузуга Кыргызстанда жашоо жагып, бул жакта калгысы келерин айтты. Мындан улам атайын кыргыз тилин билүу деңгээлин аныктаган Кыргызтесттин сынагын да тапшырайын деп жатат.
"Мен азыр деле кыргызча окуп жатам. Кыргызтест деген мамлекеттик тест бар. Мен ошол Кыргызтестке тапшырайын деп жатам. Буйруса, мен Кыргызстанда калгым келет. Ошондуктан, туруктуу жашоого дагы тапшырайын деп жатам. Бул жакта эркин жашаган аябай жагып жатат. Жашоонун кенендиги, жаратылыш, көлгө барып эс алып, тоого барып эс алып, ушундай жашоо мага абдан жарашарын өзүм акыркы кезде байкадым. Жапонияда үйдө болгондо киного барып, кофейняга барып, ошондой эле күндөр өтчү. А азыр өзгөрдү. Бул жакка келип, жаратылышка көп чыгам. Кооз жаратылыш бар, даамдуу тамактар бар. Өзүмдүн мекеним Кыргызстан болуп калабы деген да ой келип жатат".
Ыктыярчы Скот Ален агай
Кыргызча үйрөнүп жаткан америкалык Скот Ален Кыргызстанга келгенине төрт ай боло элек. Ал АКШ өкмөтүнүн Тынчтык корпусунун ыктыярчысы болуп келип, Бишкек мамлекеттик университетинде англис тилинен сабак бере баштаган.

"Менин атым Скот агай, Скот Ален, кыргызча Сүйүн байке", - дейт Скот Ален.
Ал бул ысымды эмнеге алып калганын айтып берди.
"Мен тандаган жокмун. Айылдагы менин үй-бүлөм ушундай ат коюп коюшкан. Мен волонтермун, Тынчтык корпусу аркылуу. Кыргызстан кооз экен. Кыргыз тили, тоолор, бийик тоолор, жакшы адамдар, даамдуу тамактар: шорпо айран менен, манты жасадым үй-бүлөм менен. Дымдама, палоо, лагман - баары даамдуу".
Үч айдын ичинде эле кыргызча жеңил сүйлөмдөрдү түзүп калган ыктыярчы буга чейин бир топ өлкөлөрдө жашап келгенин айтты. Ал тил аркылуу гана башка элдин маданиятын тереңирээк түшүнүүгө болот деп эсептейт.
"Мен үчүн кыргыз тилин үйрөнүү абдан маанилүү. Мен кыргызча жакшы сүйлөгүм келет. Мен жаңы эле баштабадымбы. Бирок мен Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын жакшылап түшүнгүм келет. Ошондуктан мунун баарын кыргыз тили аркылуу кылсам дейм".
Скот Ален алгач Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында үч ай жашаган. Ал жакта Скот камыр жайып, манты, боорсоктон бери жасап көргөн экен. Азыр болсо Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы үй-бүлөсү менен жашайт.
"Бул менин бөлмөм. Үй-бүлөм менен Бишкекте жашайм. Бул жакта кыргызча үйрөнөм. Бул жакта сабак планын жазам. Карышкыр, тоо арстаны, бугу..."
Сүйүн байке белекке алган калпак, чыптамасын кийип, кыргызча обон да созуп берди.
Ал азыр бишкектик Мирлан Туркебаевдин үйүндө жашап жатат. Үйдүн кожоюну анын келиши менен үй-бүлөдө кыргызча көбүрөөк сүйлөшүп калышканын айтат.
"Көп убакта биз орусча сүйлөйт экенбиз. Азыр Сүйүн байке келгенден бери кыргызча сүйлөй баштадык толугу менен. Антпесе кыргыз тилибизди деле көп колдонбойт экенбиз. Кыргызча сүйлөп баратып деле "а так", "может быть" деген сөздөрдү кошуп кетет экенбиз. Анан Сүйүн байке такалып туруп калат, эмне дешти дегенсип.Аракети аябай күчтүү. Эшикке чыксам, чогуу чыгат. Башында көнө албай жаткам, азыр көнүп калдым. Эмнени кармасам да, Сүйүн байке, жүр дейм. Акыркы жолу мурдагы күнү чөп жулдук экөөбүз. Ошондо дагы көп сүйлөштүк. Бул эмне, семиз кандай деп айтылат, арык кандай деп айтылат деп сурап отурду", - деди Мирлан Туркебаев.
Ошентип, америкалык Скот Ален кыргызстандык бир үй-бүлөнү кыргызча сүйлөтүп жатканына күбө болдук.
Америкалык корейлер Арстан менен Эстер
"Менин кыргыз атым Арстан. Бирок улутум корей. Өзүмдүн атым Жун Мо".
"Менин корей атым Е Сул, кыргызча атым Эстер".
Арстан менен Эстер - америкалык корейлер . Аларга кыргыз аттарын бул жактагы достору коюп берген.
Жубайлар Кыргызстанга келгенине бир эле жыл болсо дагы, кыргызча оюн жакшы түшүндүрө алышат.

Эстер: "Менин келгениме бир жыл болду. Келгенде мен аябай кыргызча сүйлөгүм келген. Мен баштаганда бир жумада 15 сааттан окуп жаттым. Анан аябай үйрөнгүм келгендиктен, аракет кылдым. Биринчи сөздөрдү үйрөнүп, анан кийин сүйлөшүп баштаганга аябай кубанып жүрдүк".
Арстан: "Мен болсо, азыр үй-бүлөм менен бир жыл болду келгениме. Бирок андан мурун бойдок кезимде, мындан беш-алты жыл мурун бойдок кезимде келип, бир жыл жашап кеткем. Ошол убакта мен Славян университетине барып, алты ай кыргызча катуу окуп, үйрөндүм. Анан ошол убакыттын ичинде көп дос таап, жолдо жүрүп, сүйлөшүп, айтор үйдө болгон эмесмин. Ошол үчүн тез үйрөнүп кеттим окшойт".
Арстан менен Эстер кайра Америкага кете тургандарын айтышты. Бирок анда эмне үчүн кыргыз тилин үйрөнүп жатасыздар деген суроого мындайча жооп беришти:
Арстан: "Мындай да, биз Америкага барганда элдин баары англисче сүйлөшөт. Францияга барганда, элдери французча билишет. Бирок Кыргызстанда болсо, мурда совет өлкөлөрүнө киргендиктен, орусча көп сүйлөшүп калган экен. Анан биз тарых ошондой деп түшүнөбүз, бирок Кыргызстандын өзүнүн мамлекеттик тилин билген аябай маанилүү деп ойлойм. Биз дагы бул жакка келгенде, кыргызча биринчи үйрөнүш керекпи же орусчабы деп ойлонуп, бирок кыргызча маанилүү деп кыргызча үйрөнүүнү чечкенбиз".
Жубайлар кыргызча үйрөнүүдөгү кездешкен кыйынчылыктар менен бөлүшүштү. Алардын айтымында, сөздүк менен телефондон да жакшы жардам бере турган курал - бул адамдар менен жандуу сүйлөшүү.
Эстер: "Мен көчөдө жүргөндө, жүзүм кыргыздарга окшош болгондуктан, мага баары орус тилинде сүйлөшөт да. Анан мен кечирим сурап, мени орусча билбейм дейм. Бүгүн дагы орус тилдүү аял менен сүйлөшүп, ал кыргызча билбей же англисче билбей, мен орусча билбей кыйналдык. Ушул жагынан кыйынчылык мага. Башында кыргызча үйрөнүп баштаганда кыйын болду. Бирок кийин сөздөрдү жаттап, достор менен, күйөөм менен практика кылып, кийин жеңил боло баштады. Анан мен кыргызчаны аябай жакшы көрөм".
Арстан: "Мен үйрөнүп баштаганда дагы кыйынчылыктар абдан көп болчу. Бирок достор менен жүргөндө мен дайыма сөздүк менен жүрчүмүн. Анан алар менен сүйлөшкөндө, кандайсыз дедиң беле, жана эмнени айттың деп, түшүнбөй калганда, досум таап берчү да. Балким, жаңы үйрөнүп жаткандарга сунуш айтсам, сөздүк же телефонду колдонбой эле адамдар менен сүйлөшүп, кыйналып үйрөнгөндө, менимче, жакшыраак, батыраак үйрөнөт го дейм".
Америкалык корейлер бешбармакты жакшы көрүшөт экен.
Арстан: "Албетте, мага бешбармак жагат. Бешбармак, лагман. Негизи, жалпы бардык тамактарды эле жакшы көрөбүз. Бирок жалгыз бирөөнү тандай турган болсок, бешбармак болуп калат го. Кыздарыбыз кесме жакшы көргөндүктөн, алар да бешбармак жакшы көрүшөт".
Арстан бизге ырдап да берди. Ал Омарды, Эстер Жаксты жакшы көрөрүн айтышты.
Арстан менен Эстер Кыргызстандын көп жерине барышкан. Алар бул жактын табиятына суктанышат. Ошондой эле жубайлар кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришти.
Арстан: "Кыргызстан деген аябай кооз жер. Бизге жаккан жери да көп. Барып көргөн жерлер да көп. Мен досторум менен жолукканда, алар дагы Суусамыр же Сары-Челекке бара элек экен. Ошол үчүн кыргыздардын өзүнө дагы айткым келет. Өзүңүздүн мамлекетиңиз аябай сонун, сонун жерде жашайсыңар. Эми Бишкектен чыгып, аябай кооз жерлерге барып, жүрсөңөр сонун болмок деп айткыбыз келет. Мисалы, биз базарга барганда, сатуучуларды биринчи жолу эле көрөбүз да. Бирок бизди көптөн бери билгендей, тааныштай, аябай бизге суктанып, урмат көрсөтүшөт, жакшы сөздөрдү айтышат. Ошол үчүн биз аябай ыраазыбыз".
"Кыргыз тилине кызыккан чет элдиктер да көп"
Бишкекте чет өлкөлүктөргө кыргызча үйрөткөн атайын курстар бар. Биз алардын бирине баш бактык.
Алтынай Абдыкеева - кыргыз тилин окуткан курстун негиздөөчүсү. Ал Кыргызстанда биринчилерден болуп кыргыз тилин үйрөтүүчү платформаны ишке киргизген. Ал платформа аркылуу жарандар дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун кыргызча үйрөнө алышат.

"Азыркы учурда кыргыз тилине кызыккан чет элдиктер да көп. Ошондой эле жергиликтүү калк да бар. Алар кыргыз тилинен Кыргызтест деген сынак бар. Ошондон өтүү үчүн келип үйрөнүп жатышат. Ошолорго биз LEARNkg платформасынан атайын аккаунт ачып, ошол жактан окутабыз".
Алтынайдын айтымында, эгер чет элдик жаран нөлдөн баштап кыргызча үйрөнсө, анын платформасы аркылуу үч айда базалык түшүнүккө ээ боло алат.
"Эгерде чет жактан эч кандай алфавит жөнүндө түшүнүгү жок жаран келсе, аны эң баштапкы деңгээлге отургузабыз. А1 деңгээлинде күнүнө 15-20 мүнөт окуса, болжол менен үч айда өздөштүрүп кете алат. Үч айда өзүнүн пикирин билдире алат, башкаларды түшүнүп кете алат".

Биз Алтынайдын окуучуларын кепке тартып көрдүк. Алардын айрымдары окуп жатканына үч ай болсо, башкалары эки жылдан бери кыргызча үйрөнүп келишет.
"Менин атым Крей. Мен 26 жаштамын, Америкадан келип, азыр Бишкекте жашайм. Палоо, манты, самсы, куурдак, шашлык жакшы көрөм. Мен куурдакты жакшы кылам. Кыргызстан абдан кооз. Тоолор жакшы, Ысык-Көл абдан кооз, жакшы. Тамак даамдуу. Адамдар жакшы".
Америкалык Крейден тышкары франциялык Артур дагы Алтынайдын окуучусу. Ал кыргыз азыктарын колдонуп, кадимки италиялык тирамису таттуусун жасайт экен.
"Мен төрт айдан бери Кыргызстанда жашайм, биринчи жолу төрт жыл мурун Кыргызстанга саякаттап келгем. Мен десерттерди жасайм. Мен кыргыз азыктары менен тирамису жасайм. Каймак, бозо, сүмөлөк, максым менен жасайм".

Бишкекте төрт айдан бери жашап жаткан Артур борбордо кыргыз тилине муктаждык аз экенин да байкаган. Ошентсе да ал кыргызча жакшы сүйлөгүсү келерин билдирди.
"Мен Нарын, Караколго барганда, мен кыргызча ал жакта маанилүү экенин көрөм. Бишкекте бирок башкача. Менин ишимде деле мен кыргыз тилин колдонбойм. Сатканда орусчаны колдоном, себеби бизнестин тили орус тили экен. Мен көбүрөөк колдонгум келет, бирок бул өтө татаал. Грамматикасы да башкача. Кыргызстанда кыргызча сүйлөш керек. Менин сүйлөшкөн кызым кыргыз, кыргызча мен үчүн маанилүү. Мен Кыргызстанда жашагым келет. Биринчиси, Кыргызстанда үй-бүлө маанилүү. Экинчиси, Кыргызстанда адамдар стрессиз жашайт. Европадагыдай эмес. Европада адамдар иш-иш деп, стрессте жүрүшөт. Бул жакта "без проблем" деп жүрө беришет. Адамдар чоң жүрөк".
Кыргызстандын ири шаарларында кыргызча сүйлөө маселеси улам көтөрүлүп келет. Эне тилинде сүйлөй албаган жарандар кыргызча үйрөтүүдөгү усулдардын жетишсиздиги, бала бакча жана мектеп же чөйрөнүн таасири сыяктуу жүйөлөрүн айтып келишет. Бирок кандай жагдайда болбосун, кайсы улуттан жана кандай куракта болбосун, биздин бүгүнкү каармандар кыргызча үйрөнүүгө мүмкүн экенин өз мисалында далилдеп турушат көрүнөт.
1989-жылы 23-сентябрда "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик макам берилген. Ошондон бери Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдонулуп келет.





























