Укук коргоочу Стив Свердлов Кыргызстанга кире албай кеткенин айтты

Стив Свердлов

Сүрөттүн булагы, Social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Стив Свердлов
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Түштүк Калифорния университетинин профессору, адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы белгилүү изилдөөчү Стив Свердлов 19-майда "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, кайра Стамбулга жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге кабарлады.

Айтымында, ал Кыргызстанга Түштүк Калифорния университетинин 16 алдыңкы студенти менен келе жаткан. Чек арадан студенттерди өткөрүшкөн, бирок өзүн киргизбей коюшкан.

"Мен азыр учактамын, кайра Стамбулга жөнөтүп жатышат. Студенттерим Бишкекте жалгыз калды. Азыр биз эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Бул абдан өзгөчө жана оор жагдай болду. Мейли, менде көйгөй бар экен. Бирок Кыргызстандын атайын кызматы Түштүк Калифорния университетинин 16 жаш, лидер студенттеринин алдында өлкөнүн имиджин бузуп койду. Бул узакка чейин эсте кала турган трагедия",- деди ал Би-Би-Сиге.

Стив Свердлов Кыргызстанга эмне үчүн кире албай калганынын себебин билбей турганын айтып, бирок аны адам укуктары жаатындагы ишмердиги менен байланыштырды.

Ошондой эле ал мурда иштеп кеткен Human Rights Watch уюмунун айрым кызматкерлерине да Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган учурларды эске салды. Айрым журналисттер да өлкөгө кире албай калган учурлар болгонун билдирди.

Мындай жагдайларга карабастан Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирем деген үмүт менен келгенин кошумчалады.

Аталган маселе боюнча тиешелүү органдар азырынча расмий маалымат бере элек.

Стив Свердлов буга чейин Human Rights Watch уюмунда иштеп, негизинен Борбор Азиядагы адам укуктары жана жарандык коом маселелерин изилдеген.