АКШ менен Иран бири-бирине сокку урду. Бирок Трамп жарашуу дагы деле күчүндө деп айтты

Трамп

Сүрөттүн булагы, Anna Moneymaker / Getty Images

    • Author, Оттили Митчелл
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу келишими дагы эле күчүндө экенин билдирди. Бул билдирүү Ормуз кысыгында Иран менен АКШнын аскердик кемелеринин ортосунда кагылышуу болгондон кийин жасалды. Эки тарап тең жаңжал үчүн бири-бирин айыптоодо.

АКШнын маалыматына караганда, Иран үч аскердик кемеге ракета, дрон жана чакан кайыктар менен чабуул жасады. Вашингтон муну "себепсиз кол салуу" деп атады, ал эми Трамп "Иран биз менен ойноп жатат" деди.

Ирандын жогорку аскердик жетекчилиги АКШны Ормуз кысыгына жакын жерде ирандык мунай танкерине жана дагы бир кемеге сокку урду деп айыптады. Ошондой эле жээк аймактарына абадан чабуул жасалганын билдирди.

Бул чыңалуу Ирандын тышкы иштер министрлиги АКШ сунуштаган согушту токтотуу планын карап жатканын билдиргенден бир күн өткөндөн кийин болду.

Жумага караган түнү Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги да Иран тараптан жасалган ракета жана дрон чабуулдарына каршы абадан коргонуу системалары иштеп жатканын маалымдады. Бул ок атышууну токтотуу келишими өтө туруксуз экенин көрсөттү.

Иран мамлекеттик медиасы алгач Ормуз кысыгында "жарылуулар" болгонун жазып, аны "душман менен болгон атышуу" деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда Тегеранда да жарылуулар угулганы кабарланды.

Көп өтпөй Ирандын жогорку аскердик командачылыгы АКШнын абадан соккулары Бандар-Хамир, Сирик жана Кешм аралынын жээктерине урулганын билдирди. Алар жооп катары америкалык аскердик кемелерге чабуул коюлуп, "олуттуу зыян келтирилгенин" айтышты.

АКШнын Борбордук командачылыгы (Centcom) болсо Ирандын чабуулун "себепсиз агрессия" деп атап, Иран бир нече ракета, дрон жана чакан кайыктарды колдонгонун билдирди. Ошондой эле америкалык күчтөр жооп катары Ирандын аскердик объектилерин, анын ичинде ракета жана дрон учуруучу жайларды бутага алганын маалымдады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

АКШнын Борбордук командачылыгы билдиргендей, алар АКШ күчтөрүнө коркунуч жараткан буталарды жок кылып, Ирандын аскердик объектилерине сокку урган. Мындай объекттерге ракета жана дрон учуруучу жайлар, командалык башкаруу борборлору, ошондой эле чалгындоо жана көзөмөл системалары кирди.

Centcom өз билдирүүсүндө кырдаалды күчөтүүнү максат кылбаганын, бирок америкалык аскерлерди коргоо үчүн толук даяр абалда кала берерин белгилеген.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social баракчасында АКШ Ирандын бир нече чакан кайыгын жок кылганын жазды. Ал бул кайыктар "суу үстүнө көпөлөктөй болуп акырын кулап түштү" деп образдуу мүнөздөгөн.

АКШ президенти Дональд Трамп ирандык чабуулчуларга "олуттуу зыян келтирилгенин" айтып, алар катуу сокку алганын белгиледи.

Ал ошондой эле тынчтык келишими боюнча эскертүүсүн кайталап, эгер Иран келишимге тез арада макул болбосо, АКШ келечекте мындан да катуу жана "олуттуу күч менен" жооп кайтарарын айтты.

Израилден келген булак Би-Би-Сиге акыркы окуяларга Израилдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Бул чыңалуу АКШ президенти буга чейин Ирандагы жаңжал "жакында бүтөт" деп айтканына карабастан күчөп жатат.

АКШнын Axios басылмасы билдиргендей, Ак үй Иран менен 14 пункттан турган түшүнүшүү меморандумуна жакындап калышы мүмкүн деп эсептейт. Бул документ кийинчерээк өзөктүк маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөргө негиз болуп бериши ыктымал.

Шаршемби күнү Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү АКШнын акыркы сунушу каралып жатканын айтып, Тегеран өз пикирлерин Пакистан аркылуу ортомчуларга жеткирерин билдирген.

Ал эми Пакистандын тышкы иштер министри өлкө бул ок атышууну токтотууну туруктуу тынчтыкка айландырууга аракет кылып жатканын белгилеген.

Бирок Иран парламентинин жогорку даражалуу мүчөсү 14 пункттан турган меморандумду "каалоолор тизмеси" деп четке какты.

Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын өкүлү Ибрахим Резаи X тармагында Иран "согушка же катуу аракетке даяр турат" (ред."has its finger on the trigger" ) деп жазып, эгер АКШ "капитуляция кылбаса жана керектүү шарттарды аткарбаса", Иран "катуу жана өкүнүчтүү жооп кайтарарын" эскертти.

АКШ да, Иран да тынчтык келишими боюнча өз шарттары аткарылбаса, зордук-зомбулук күчөшү мүмкүн экенин айтып, кырдаалдын курчушу тууралуу эскертүүлөрдү берип келишет.

6-майда Truth Social баракчасына АКШ президенти Дональд Трамп билдирүү жазып, эгер Иран келишимге макул болбосо, "бомбалоо башталат жана ал мурдагыдан да күчтүү жана катуураак болот" деп эскертти.

Ал буга чейин "Эпикалык жинденүү" деп аталган АКШ-Израил биргелешкен операциясы Иран белгиленген шарттарга макул болсо, аягына чыга турганын айткан эле. Бул билдирүүдөн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио операция өз максатына жетип, аяктаганын билдирген.

Трамп ошондой эле Иран өзөктүк куралга ээ болбоого макул болгонун, мындан тышкары дагы башка шарттарга да макулдук бергенин кайра кайталады. Бирок бул маалымат Тегеран тарабынан расмий тастыкталган эмес. Ирандын өзөктүк программасы эки тараптын ортосундагы негизги талаш маселелердин бири бойдон калууда.