"Учкун" басма үйүнүн директору кызматтан кетти

Сүрөттүн булагы, Social
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Учкун" басма үйүнүн директору Бакытбек Султанов кызматынан кетти. Бул маалыматты мекеменин басма сөз кызматы Би-Би-Сиге ырастады.
Маалыматка караганда, Султановдун ден соолугу жакшы болбой жүргөн. Буга байланыштуу ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалганы айтылды. Буга чейин Тапаев Президенттин Иш башкармалыгында Маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Султановдун кызматтан кетиши окуу китептеринин тартыштыгы жана аларды базарларда сатуу маселеси коомчулукта кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.
Буга чейин акысыз берилүүгө тийиш болгон "Учкун" басмаканасынан чыгарылган окуу китептер "Дордой" базарында сатылып жатканы тууралуу маалым тарап, коомдо кызуу талкуу жараткан.
Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев укук коргоо органдарына текшерүү жүргүзүүнү тапшырган. Кийин окуу китептерин базарларда сатуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренси боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.
Окуядан кийин Бишкектеги базарларда жаңы окуу китептери сатыктан алынып, ата-энелер балдарына керектүү китептерди табуу дагы кыйындаганын айтып чыгышкан. Өлкөнүн айрым базарларында текшерүүлөр да жүргүзүлгөн.
Окуу китептеринин жетишсиздиги бул окуяга чейин эле ата-энелердин жана мугалимдердин негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келген.




























