Акаевден Жапаровго чейин: Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун саясий сабактары
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эгемен Кыргызстандын тарыхында сегиз жолу жалпы элдик добуш берүү аркылуу президенттер шайланды. Элдик толкундоолордун аркасы менен үч жолу бийлик алмашып, президенттер кызматынан мөөнөтүнөн мурда кеткенден тышкары мамлекет башчынын ыйгарым укуктары бир нече жолу өзгөрдү. Бийлик бирде шайлоо аркылуу, бирде көчөдө алмашты...
Президенттик шайлоолор Кыргызстандын саясий тарыхына кандай сабак калтырды?
Акаевдин доору: үч шайлоо жана Жоогазын ыңкылабы
Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийинки - биринчи - президенттик шайлоо 1991-жылы октябрь айында өттү. Аскар Акаев шайлоочулардын 95 пайыздан ашуун добушун алып, президент болуп калды. Акаев андан бир жыл мурун эле Жогорку Кеңештеги добуш берүү менен президенттик кызматка келген эле.

Сүрөттүн булагы, Official
"Биз, адегенде Жогорку Кеңеш шайлаганбыз. Андан кийин ГКЧП чыккандан кийин, Аскар Акаев дагы акылдуу эстүү киши, "мен кантсе да жалпы элдин ишеничин алышым керек" деп, кезексиз шайлоо өткөрүп жиберди. 1990-жылы октябрда шайлоо өттү. Кийин ал Жогорку Кеңеште шайланганын эмес, ошол шайлоону эске алып, эки жолу президент болсом болот деген аргументтерге таянды", -дейт Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев.
Ошентип, 1995-жылы Акаев кайра шайланды. 2000-жылы болсо Конституциялык соттун талкуу жараткан чечими анын үчүнчү жолу президенттикке ат салышуусуна жол ачты.
"Конституциялык сот да ошону туура көрдү. Анда мен да Жогорку Кеңештин төрагасы элем. Мен деле чыгынып ошого катуу каршы чыкканым жок. Кантсе да Кыргызстанда тынчтык болсун, жаңыдан эле көтөрүлүп келе жатабыз деген ой болду. Өз элине тынчтык, жакшылык каалайсың. Кайра-кайра шайлоо кыла бергенде эмне? А бирок Аскар Акаевдин кемчилиги, шайлоо-референдумга көп көңүл буруп, экономика, элдин турмушун оңдоого аз көңүл буруп койду. Акыры эл үчүн да, өзү үчүн да кейиштүү окуяларга алып келди", -дейт Эркебаев.
Акаевдин бийликте узакка калуусу коомдогу нааразылыкты күчөтүп, президенттик шайлоолордун адилеттүүлүгү тууралуу суроолорду көбөйттү. Бул нааразылык 2005-жылы Жоогазын ыңкылабына алып келип, Акаевдин бийликтен кетиши менен аяктады.
Акаев акыркы президенттик мөөнөтүнөн кийин бийликтен кетүүнү көздөгөнүн соңку маектеринде айтып жүрөт.

Сүрөттүн булагы, AFP PHOTO/ VYACHESLAV OSELEDKO
Жоогазын ыңкылабынан кийин бийлик алмашып, ошол жылдын июль айында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев жеңишке жетти.
"Бакиев келди да, президент болгондон кийин "Акаев кабыл алган конституция жакшы эле экен, иштебей атыптыр" деп, Конституцияны өзгөртпөй туруп алды. Өзгөртпөй туруп алгандан кийин эл кайра көтөрүлүп, "Акаевдин ордуна келип эле, үй-бүлөң менен ошондой эле отуруп алдың, ошол эле Конституция менен жашаганы кетип жатасың" деп дароо эле 2006-жылдан баштап Бакиевге каршы чыкты", - деп эскерет саясатчы Азимбек Бекназаров.
Ошентип, Бакиевдин кайрадан бийликке келиши менен Акаевдин тушундагы башкаруу ыкмасы өзгөрбөй калгандай таасир жаратты. Бул коомдогу нааразылыкты күчөтүп, Бакиевдин бийлигине каршы жаңы саясий толкунга жол ачты.
Бакиевдин кайра шайланышы жана Апрель окуялары
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстанда саясий кризис 2009-жылы Бакиев кайрадан президент болуп шайлангандан кийин ого бетер курчуду.
Эл аралык байкоочулар бул шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн, оппозициялык күчтөрдүн үгүт иштерине тоскоолдук жаралганын билдирген.
Шайлоо күнү оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды негиз кылып, талапкерлигин алып саларын жарыялады.
Кантсе да БШК 76 пайыздан ашык добуш менен Бакиевди жеңүүчү деп тааныды.
Ал эми бир жылдан кийин, 2010-жылы, бийлик дагы бир жолу элдик толкундоонун эпкини менен алмашты.
"2009-жылы Бакиев так ушул Акаевдин методдорун колдонду. 2008-жылы жаңы Конституция күчүнө кирди. Парламент жаңыланды, эми мен дагы барышым (ред. президенттик шайлоого) керек деди. Бирок эл ошондо ушунчалык чыңалып калган экен. Мына бир жылга жетпей Апрель революциясында эл Бакиевдин өзүн кууп чыкты".
Апрель окуялары эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң кандуу кара так катары калды.

Сүрөттүн булагы, AFP PHOTO / VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апрель окуясынан кийин Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болду. Ал бийликке кадыресе президенттик шайлоо өнөктүгү аркылуу эмес, 2010-жылдын июнь айындагы конституциялык референдумдун жыйынтыгы менен келген.
Ошентсе да Отунбаева Кыргызстан эле бүткүл Борбор Азиядагы биринчи айым президент катары тарыхта калды.
Парламенттик башкаруудагы президенттик шайлоолор
2011-жылдын күзүндө Кыргызстан парламенттик башкарууга багыт алган жаңы Конституциянын негизинде биринчи президенттик шайлоосун өткөрдү. Алмазбек Атамбаев жеңип келди. Ал шайлоого Адахан Мадумаров да талапкер болуп катышып, экинчи орунду ээледи.
Мадумаров андан кийин Сооронбай Жээнбековдун жеңиши (54%) менен аяктаган 2017-жылдагы да катышты.
Атамбаев алты жылдык президенттик мөөнөтүндө эч кандай мураскер даярдабай турганын айтканы менен шайлоо жылы талапкер Сооронбай Жээнбековду ачык сүрөгөнү белгилүү.
"Соке (ред. Сооронбай Жээнбеков) шайланганда Алмазбек Атамбаев эмне деди эле. "3% кадыр баркы менен я его протащил" деди. Ушундай деп сүйлөдү. Демек, шайлоо болгон жок. "Мен" аны алып өттүм деди, кыргызча которгондо. Соңку шайлоолор кандай өткөнүн билесиңер. Коркутуу-үркүтүү менен. Соңку президенттик шайлоодо жапайы тандоо болду, жапайы жол менен өттү. Ошентип уланып келе жатат", - дейт "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Сүрөттүн булагы, AFP PHOTO / Vyacheslav OSELEDKO
Мадумаров Садыр Жапаров дээрдик 80 пайыздык добуш менен утуп чыккан 2021-жылдагы президенттик шайлоодо да ат салышкан. Ал 6,74% пайыз добуш алып, маарага экинчи келген.
Бул ирет соттуулук маселесине байланыштуу 2027-жылдын январындагы президенттик шайлоого катыша албай турат.
"Бизде, кыргызда, аракеттеги бийликтеги киши эч качан жеңилүүгө дуушар болбойт. Ооздон чыкканда эле 80% деп чыгышат. 80%дан түшпөйт. Европа өлкөлөрүндө 20-24% добуш алып партия лидерлери өлкө жетекчилиги болуп келе берет. А бизде муну уят көрөт. Эл колдойт десе эле 90%дан төмөн түшурбөйт. Аны алдын ала жарыялайт, "мени 90% эле колдойт" деп", - дейт Адахан Мадумаров.
2020-жылдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгынан чыккан нааразылыктар жана Октябрь окуяларынан кийинки саясий өзгөрүүлөр Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши менен чектелген жок.
2021-жылдагы референдумдар аркылуу Кыргызстан кайра президенттик башкарууга кайтты.
Парламенттик башкаруу: эксперимент эмнеге иштеген жок?
Эмне үчүн Кыргызстан кайра президенттик башкарууга келди?
"Кыргызстан эгемендик алары менен президенттик башкаруу бийлигинен баштадык. Бара-бара Конституциялык өзгөрүүлөр кире берип, прзиденттик институт, башкаруу күчтөнө берди. Анан барып 2010-жылдардан 2020-жылга чейин парламенттик институт күчөп, аралаш бийлик формасын көрдүк. Анан ал да болбой 2021-жылдан тарта Конституция кескин борбордоштурулган, күчтүү президенттик башкаруу формасына кайтты. Бул эмне себептен болду десек, өзгөрө берген, туруксуз, үзгүлтүккө кайра-кайра учурай берген саясий өнүүгүбүздүн кесепети",- дейит саясат талдоочу Эмилбек Жороев.
Парламенттик башкарууга өтүү саясий системаны өзгөрткөнү менен партиялардын өздөрү бул системанын негизги институтуна айлана алган жок. 2010-жылдан кийин депутаттар партиялык тизме аркылуу шайлана баштаганда, партиялардын программасы жана идеологиясынан көрө алардын каржылык мүмкүнчүлүгү жана лидерлеринин таасири маанилүү болуп калды.
Партиялык тизмедеги өтүмдүү, айрыкча алдыңкы орундар акчага сатылат деген дооматтар кеңири айтылды. Изилдөөлөрдө да партиялык тизменин орундарын сатып алуу практикасынын айынан депутаттык мандат бара -бара инвестицияны кайтаруу каражатына айлана баштаганы белгиленет.
Ошентип, Кыргызстанда башкаруу формасы өзгөргөнү менен аны иштете турган саясий партиялардын жана институттардын өзү жетиштүү деңгээлде калыптанып жетишкен эмес. Натыйжада парламент - саясий программалар атаандашкан жерден тышкары, ар кандай топтордун таасир жана кызыкчылык үчүн күрөшкөн аянтчасына айланды.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бийликке келген жаңы жетекчилик парламенттик башкаруудан баш тартып, президенттик башкарууга кайтуу чечимин кабыл алды. Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Бул кадам парламенттик системанын натыйжасыздыгына жана өлкөдөгү саясий кризиске жооп катары түшүндүрүлдү.
"Бийликтин эффективдүү боло албаганы, коррупция, жоопкерчиликти эч ким тартпаганы, ошонун баарысына жооп катары жаңы жетечилик, лидерлер тобу анда ушундай күчтүү президенттик бийлик орнотолу, бийликти бир колго топтойлу деген рецепт сунушталган болчу. Ошону менен келе жатабыз",- деп талдайт эксперт Эмилбек Жороев.
Кыргызстандагы президенттик шайлоолор: өткөндөн бүгүнкүгө
35 жыл ичинде Кыргызстанда президенттер да, Конституция да, шайлоонун эрежелери да улам өзгөрүп келди. Үч жолу массалык нааразылык жана саясий кризис президенттердин мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетишине алып келди. Муну менен катар президенттик бийликтин ыйгарым укуктары да кайра каралып жатты. Шайлоолордо административдик ресурс сыяктуу көйгөйлөр утур-утур айтылып келди.
Эми өлкө жаңы президенттик шайлоонун алдында турат. Соңку 17 жылдан бери биринчи жолу кызматтагы президент экинчи мөөнөтүнө аттанууда. Садыр Жапаров бул жолку жарышта талапкерлигин коюп, дагы бир мөөнөткө бара турганын ырастады.
"Барам мен... Дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды". "Баарына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Орусча айтканда, флаг в руки...".
2027-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин азырынча президент Садыр Жапаров, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана саясатчы Сыймык Жапыкеев билдиришти.
27-январда өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча арыздарды кабыл алуу добуш берүүгө 75 күн калганда 13-ноябрда токтойт.
Кыргызстандын тарыхы көрсөткөндөй, президенттик шайлоолор өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү болуп келди.
Бирок бул шайлоолор эркин тандоону, бийликтин тынч жол менен алмашуусун толук камсыздай алдыбы?






























