Францияда тынч башталган митингдер башаламандыкка айланды

Лиондогу өрттөнүп жаткан тосмолор
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лиондогу өрттөнүп жаткан тосмолор
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Шейшембиде нааразычылык акциялары Франциянын 30дан ашык шаарында жана калктуу конуштарында өткөнүн демонстрациянын уюштуруучуларынын бири, L'Union Étudiante студенттердин кошууну билдирди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан өлкө боюнча 86 миңге жакын адам митингге чыккан, анын 40 миңи – Парижде.

Демонстрациялар Марсель, Ницца, Нант, Лион жана башка шаарларда да өтүп жатат.

Уюштуруучулар шейшембиге пландалган митингдер тынч маанайда өтөрүн билдиришкен, бирок Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Парижде эртең менен эле митингчилер таштанды контейнерлеринен тосмолорду кура башташкан. Ал эми күндүз кээ бир райондордо нааразычылык акциясына чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуулар болгону тууралуу маалыматтар түштү.

Тактап айтканда, Франциянын түндүк-чыгышындагы Страсбург шаарында акциянын катышуучулары полицияга петардаларды ыргытышкан.

Франциянын түндүк-батышындагы Ренн шаарында полиция кагылышуу учурунда митингчилерди токтотуу үчүн суу аткычтарды колдонду.

Көптөгөн шаарларда окуучулар "Бизди көздөн жаш агызуучу газ менен ууландырбастан, биздин үнүбүздү угушун каалайбыз" жана "Биздин келечегибиз – бул тандоо маселеси эмес" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Башаламандыктар бир жумадан бери уланууда жана митингчилердин аракеттери "окуучулар жакшы келечек үчүн күрөшүп жатат" деп ырастаган уюштуруучулардын билдирүүлөрүнө таптакыр дал келбей калды. Жалпы Франция боюнча ондогон окуу жайлары өрттөлүп, шаарлардын инфраструктурасына олуттуу материалдык зыян келтирилди, ондогон мугалимдер жана мектеп директорлору сабалып, ооруканага жаткырылды.

Кесиптик кошуундардын маалыматы боюнча, өлкөдө эки миңге жакын мектеп жана коллеж жабылып, окуу процесси белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Премьер-министр Себастьен Лекорню шейшембиде журналисттерге билдиргендей, башаламандык учурунда 715 полиция жана жандарм, 215 окуучу жана 85 мектеп кызматкери жаракат алган.

Ланс шаарыда полиция ыргыткан үн чыгарчу гранатаны жерден ала койгон 15 жаштагы өспүрүм колунан ажырады – граната жарылып, колун жулуп кеткен.

"Мектептерди өрттөө менен мектеп имараттарынын абалын жакшыртууга болбойт. Мугалимдерди сабоо менен алардын ордуна башка мугалимдерди табуу мүмкүн эмес", - деди Лекорню.

Ушул сааттарга карата беш миңден ашык адам кармалды.

Нааразычылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири болгон Франциянын Студенттер союзу (L'Union Etudiante) кечээ кечинде митингдерге 450 миң адам катышканын билдирди.

Бийлик андан кыйла аз сандарды келтирүүдө: Франциянын Ички иштер министрлиги күндүн башында борбордук аймактын тышында митингге чыккандардын санын 86 миң адам деп баалаган, ал эми Парижде бийликтин божомолу боюнча көчөлөргө 20 миңден 40 миңге чейин адам чыкты.

Окуучулардын жалпы улуттук нааразылык акциялары сентябрдын аягында борбор калаадагы Иль-де-Франс аймагында башталган.

Алгачкы акциялар өзүнөн-өзү эле башталып кеткени менен, өтө кыска мөөнөттө митингдерге жогорку класстын окуучуларынын кошууну – Union Syndicale Lycéenne (USL) кошулуп, окуу жайларды жалпы улуттук блокадалоого үндөгөн.

Марселдеги нааразычылык акциясы тынч эле башталган, бирок шаар бийлиги бардык чукул кырдаалдар кызматтары жогорку даярдыкта турганын билдирди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марселдеги нааразычылык акциясы тынч эле башталган, бирок шаар бийлиги бардык чукул кырдаалдар кызматтары жогорку даярдыкта турганын билдирди

Union Syndicale Lycéenne (USL) кесиптик кошууну учурда 1800 лицейди митингчилер бөгөттөп салганын же Билим берүү министрлиги жапканын ырастайт.

Кесиптик кошуун ошондой эле университеттердин 90% бөгөттөлгөнүн билдирди. Уюм соцтармактарга чыгарган билдирүүсүндө азыркы нааразычылык акцияларынын масштабын "жаңы рекорд" деп баалады.

Шейшембиде кесиптик кошуун бийликке койгон талаптарын кайталады. Алардын арасында жогорку окуу жайларында 150 миң кошумча орун түзүү, мектептерди чукул арада калыбына келтирүүгө 10 миллиард евро бөлүү жана мугалимдерди "жапырт түрдө ишке алуу" бар.

Айрым шаарларда нааразы болгон окуучуларга "Parents Present" кыймылынын алкагында алардын жакындары да кошулуп жатышат.

Ата-энелерди окуу күнүнүн узактыгы тынчсыздандырууда. Адатта сабактар эртең менен саат 08:30да башталып, кээде саат 18:00гө чейин созулушу мүмкүн.

Нааразы болгон окуучулардын ата-энелери да митингдерге кошулушту
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нааразы болгон окуучулардын ата-энелери да митингдерге кошулушту

Француз өкмөт кандай чараларды көрүүдө?

Франция

Франциянын премьер-министри Себастьен Лекорню митингдерди токтотууга аракет жасап, министрлерге окуучулардын негизги талаптарын карап чыгууну тапшырды.

Тактап айтканда, мугалимдер тартыш болуп жаткан чакта алардын санын көбөйтүү, он саатка чейин созулган окуу күнүнүн узактыгын кайра карап чыгуу жана түшкү тынымдардын убактысын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу жөнүндө сөз болуп жатат.

Лекорню ошондой эле өкмөт эскирген мектеп имараттарынын көйгөйүн чечерин билдирди. Министрлер биринчи сунуштарын октябрдын аягына чейин бериши керек.

Дүйшөмбүдө Франциянын Билим берүү министрлиги жогорку класстын окуучулары менен жалпы улуттук консультацияларды баштады, аларга мектептердеги билим берүүнү жакшыртуу боюнча идеяларын айтуу сунушталды.

Билим берүү министри Эдуар Жеффре "окуучулардын мектептеги тажрыйбасынын көп түрдүүлүгүн эске алуу" керектигин билдирди. Анын айтымында, консультациялар бийликке "алардын сунуштарын угуп чыгып, алар менен бирге конкреттүү чечимдерди даярдоого" мүмкүндүк берет. (ZMa)