«Бишкек Аренадагы» билдирүү: Үгүтпү же кызматтык сөзбү?
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышында сөз сүйлөдү. Ал сөзүндө акыркы алты жылдагы экономикалык көрсөткүчтөргө, ушул аралыкта курулган объектилерге жана бийликтин алдыдагы пландарына токтолду. Айрымдар президенттин сөзүн январь айындагы шайлоонун алдындагы мөөнөтүнөн мурда үгүт деп сыпатташса, Садыр Жапаровдун тарапташтары жана БШК анда үгүттүн белгиси жок экенин билдирүүдө.
Садыр Жапаров 5-октябрда "Бишкек Аренадагы" сөзүндө анын командасы бийликке келгенине туура алты жыл болгонун белгиледи.
Жапаровдун билдирүүсү
"Бүгүн биздин бийлик башына келгенибизге туура алты жыл толуптур. Алты жылдын ичинде биз кыйын акыбалга келип калган мамлекетибизди экономикалык жактан, тышкы саясат жагынан баарын бир нукка, рельске салып оңдоп кеттик", - деди президент.
Садыр Жапаров өлкө боюнча 1075 объект жана 521 завод-фабрика курулганын айтып, алдыдагы пландар тууралуу да сөз кылды. Анын айтымында, 2027-жылы бийлик 111 мектеп куруп, 44 райондук оорукана бөлүмүнүн курулушун аяктоону пландап жатат. Жапаров ошондой эле өлкөдө "Бишкек Арена" сыяктуу стадиондун "дагы онун салабыз" деп айтты.
Анын айтымында, өлкөдө тынчтык, биримдик жана ынтымак сакталса, Кыргызстандын экономикасы өсүшүн улантат.
Жапаров ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын өсүшү тууралуу сөз кылып, анын Орусиянын Украинадагы согушуна тиешеси жоктугун айтты.
"Урматтуу кыргызстандыктар, мен сиздердин басымдуу көпчүлүгүңүздөрдүн, калың элдин колдоосун сезип турам. Ошондуктан илгери гана кете беребиз. Экономикабыз мындан ары өсүү темпин токтотпойт. Биз келген жылдары бюджет абдан начар, дефицит... Сырткы карызды кантип төлөйбүз деп айлабызды таппай турганбыз, 2020-жылдын аягында. 2021-жылдын аягы менен биз бюджетти 180 миллиард таза киреше менен жаптык. Биздин ички дүң продукциябыз 2021-жылдын аягында өсө баштаган. 9 пайыздан кем эмес. Мына акыркы төрт-беш жылда токтобой өсүп келатат. Эмне үчүн айтып жатам? Анткени чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары өздөрүнүн ой-пикирлерин жазып, айтып жатышпайбы. 2022-жылы Орусия менен Украинанын ортосунда согуш болуп кеткенине байланыштуу Кыргызстандын экономикасы өсүп жатат деп. Жок, андай эмес", - деди Жапаров.
Эксперттер эмне дейт?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттик шайлоого үч айдан ашык убакыт калганда айтылган Садыр Жапаровдун бул сөздөрүнөн кийин айрымдар мөөнөтүнөн мурда үгүт маселесин көтөрүштү.
Алардын бири саясат таануучу Эмилбек Жороев Фейсбуктагы баракчасында Жапаровдун сөзүн "агитациялык" деп баалады.
"Келаткан шайлоодо азыркы президент накта фаворит, анысын эч ким талашпаса керек. Бирок ошого карабастан (же, так ошол себептен) бүгүн "Бишкек Аренанын" ачылышына, бекер концерт алдында (мамлекеттик каржы эсебинен деп билебиз) президент чыгып, кыска бирок дап-даана агитациялык сөз сүйлөгөнү кейиштүү болду. Эч кандай зарылчылык жок болчу. Ансыз деле анын ар бир кыймылы, кадамы агитациялык мааниге ээ. Бүгүнкү анын сөзүнөн кийин, "мөөнөтүнөн мурда агитация жүргүзүү" деген беренени жокко чыгарып эле коюу туура деп ойлойм. Президент Жапаровго карата эч кандай чара көрүлбөйт. Ошондуктан ал беренени жок эле кылуу керек, башкалар деле аракетин көрө берсин. Негизи эле ушул талап мурдатан эле талаштуу, реалдуулуктан алыс болуп келет", - деп жазды Жороев.

Сүрөттүн булагы, Official
Юрист Нурбек Токтакунов да Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө шайлоого катышарын билдирген саясатчылар Өмүрбек Суваналиевге жана Сыймык Жапыкеевге кайрылып, "стадиондо мөөнөтүнөн мурда үгүт иштери болушунча жүрүп жатат" деп айтты жана өздөрүнүн буга чейин журналист Эрнист Кыязовго курган подкаст-маектерин чыгарууга уруксат берүүгө чакырды.
Бийлик менен БШКнын позициясы
Бирок мөөнөтүнөн мурда үгүп жүрүп жатат деген бул сыяктуу айыптоолорго президенттин жакын тарапкери Атай Бейшенбек ошол эле Фейсбук аркылуу жооп берип, президент өлкөдө жасалып жаткан иштерди тизмектеп бергени үгүткө жатпасын белгиледи:
"Шайлоо алдындагы үгүт менен президенттин өз милдетин аткаруусун аралаштырбайлы. Мыйзамда үгүт деген шайлоочуну белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же каршы добуш берүүгө үндөгөн, анын тандоосуна таасир этүүгө багытталган аракет деп түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, "мени шайлагыла", "мага добуш бергиле", "мени колдогула", "мени шайласаңар муну жасайм" деген чакырыктар үгүттүн белгилерине кирет", - деп жазды Атай Бейшенбек.
Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүттүн тартиби конституциялык мыйзам жана БШКнын атайын жобосу менен жөнгө салынат.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 22-беренесинде шайлоо алдындагы үгүт деп эмнелер эсептелери көрсөтүлгөн.
БШКнын 2025-жылдагы №37 токтому менен бекитилген Үгүт жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо да бар. Ага 2026-жылдын 19-августунда өзгөртүүлөр кирген. Анда үгүт бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтой турганы жазылган.
БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Би-Би-Сиге эртелей үгүткө эмнелер кирерин түшүндүрүп берди:

Сүрөттүн булагы, Official
"Эртелей үгүттү аныктоодо биз талапкердин аты аталганына карабайбыз. Негизги критерий бул материалдардын мазмуну, максаты жана шайлоочуга тийгизген таасири. Эгер добуш берүүгө чакырык болсо, талапкерлерге артыкчылык берилсе, анын шайланышы же шайланбашынын кесепеттери сүрөттөлсө, кызматтык ишине тиешеси жок ишмердиги үгүт максатында жайылтылса, анда үгүттүн белгилери болушу мүмкүн".
БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун "Бишкек Аренада" сүйлөгөн сөзүн үгүт деп карабаш керек:
"Үгүт эмес, толугу менен үгүт эмес. Президент катары өзүнүн ишмердигин негизинде сүйлөдү", -деди Оторбаев.
Мыйзам боюнча Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн учурда да президенттик кызматын уланта алат. Президент кызматтык ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү эмес. Би-Би-Си буга чейин БШК төрагасын Тынчтыкбек Шайназаровго Боршайком мындай шартта президенттин сөздөрү кандай учурда бул үгүт, кайсы учурда мамлекеттик иш-чара деп айырмаланат деген суроо узаткан.
"Талапкер өзүн көрсөткөндөн кийин анын кыймыл-аракеттери кандайдыр бир деңгээлде шайлоочуларга, жарандарга таасир тийгизе турган болсо, үгүт ишине аралашкан элементтер пайда болот. Ошондой үгүт элементтери болсо, анда бул туура эмес болот. Мен ойлойм, президент Садыр Жапаров мыйзамдын талаптарын билет. Баары мыйзам чегинде болот. Ал эми иш-чараларга катышууга ал укуктуу," - деп жооп берген эле Тынчтыкбек Шайназаров.

БШК төрагасы президент өзү башынан административдик ресурска каршы экенин белгилеп, кызматы абалынан кыянат пайдаланбай турганын кошумчалаган эле:
"Мисалы, Кытайдын төрагасы келди дейли. Президент аны тосуп алат, жолугушуу өткөрөт. "Си Цзиньпин менен көрүшсөм, башкача ойлоп калат" деп андай иш-чарага барбай койбойт да. Бул анын милдети. Албетте, ал үгүт иштери башталганда элди топтоп, "келгиле, колдогула, шайлагыла" дебейт", - деген эле Шайназаров.
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого барарын 13-августта журналист Али Токтакунов менен маегинде айткан. Андан кийин президенттик жарышка түшүү тууралуу ниетин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев билдирген. Бирок азырынча эч бир талапкер БШКга расмий түрдө кайрыла элек.
Жапыкеев менен Суваналиев журналист Эрнис Кыязовдун подкастына маек беришкен. Бирок талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө байланыштуу талаптардан улам, бул маектер азырынча жарыялана элек.
"Ал маекти жарыялабай турууну мен журналист Эрнис Кыязовго өзүм сунуш келтиргем. Интервьюда "мен президент болуп калсам", "шайланып калсам" деген жерлер бар. Юрист катары мен билем ал үгүт болуп каларын. Ошондуктан мен Кыязовго ошондо сунуш келтирдим. Расмий үгүт башталган ал маек чыгат, аны үгүт катары колдонобуз", - деди саясатчы Өмүрбек Суваналиев.
БШКнын жобосуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Үгүт деп талапкерди колдоп же ага каршы добуш берүүгө үндөгөн, айрым талапкерлерди колдоону билдирген жана алардын шайланышы же шайланбай калышынын кесепеттерин баяндаган маалыматтар эсептелет.





























