Өлүм жазасынан аман калган Криста Пайк эсине келди

Сүрөттүн булагы, АКШнын Теннесси штатындагы түзөтүү иштери боюнча департамент
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШда өлүм жазасын аткаруу учурунда сайылган эки уколдон кийин да аман калган 50 жаштагы Криста Пайк "эсине келип, сүйлөй аларын" адвокаттары билдиришти.
Адвокаттардын билдирүүсүнө караганда, Пайк Теннесси штатындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул ооруканага Криста өткөн аптада өлүм жазасына тартуу аракети ишпей ашпай калгандан кийин жеткирилген. Пайкка өлүм жазасын аткаруу учурунда колдонулган күчтүү уктатуучу дары – пентобарбиталдын эки дозасы сайылгандан кийин эс-учун жоготкону менен, аман калган.
Ошондон бери дарыгерлер анын организминен пентобарбиталды чыгарууга аракет кылып жатышат.
АКШнын мыйзамдарына ылайык, өлүм жазасына кесилген адамга мындай ийне эки жолу гана сайылса болот.
Адвокаттардын маалыматына ылайык, ийне сайып жаткан маалда Криста алган жаракаттарына карабастан, учурда ооруканада колдоруна кишен салынып, төшөккө байланган абалда жатат.
Соттун өкүмү аткарылардын алдында Пайктын адвокаты анын кан тамырларынын түзүлүшү өзгөчө болгонун, ушундан улам өлүм жазасы ага "ашыкча азап" алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.
Адвокаттар Пайкты өлүм жазасына тартуу аракети эки жолу ишке ашпай, анын аман калганы "медициналык көз караштан алганда буга чейин такыр болбогон окуя" экенин билдиришти. Мындан ары аны абалы кандай болору белгисиз. "Бирок, Пайктын ден соолугунун калыбына келиши узак убакытты талап кылат деп ойлойбуз", - деп айтылат адвокаттардын билдирүүсүндө.
АКШнын тарыхында өлүм жазасына тартылып, эки жолу ийне сайылып, бирок андан аман калган адам болгон эмес.
Эми мындан ары окуя кандай өнүгөрү белгисиз: Теннесси штатынын бийлиги сот өкүмүн кайра аткарууга аракет кылабы же жокпу – муну азырынча айтыша элек.
Бирок Теннесси штатынын губернатору Билл Ли өлүм жазасын аткарууну жылдын аягына чейин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды, ал эми штаттын түрмө системасынын башчысы кызматынан кетүүнү ойлонуп жатканын билдирди.
Адвокаттардын бири Стивен Феррелл буга чейин губернаторду Пайктын өлүм жазасын "бери дегенде" өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырууга чакырган. "Криста өлүм жазасын ишке ашыруу аракети учурунда өтө оор азапты башынан өткөрдү. Ал түрмөдө 30 жылдан ашык отурду. Ушуга чейин кандай азапка дуушар болгонун биз азырынча билбейбиз жана балким, эч качан билбей да калышыбыз мүмкүн", - деди Феррел.
Пайк 18 жашында ошол кездеги жигити Тадарил Шипп менен бирге 19 жаштагы Коллин Слеммерди сабап, кыйнап, өлтүрүшкөн. Алар Коллин менен мүнөзү оор өспүрүмдөр үчүн уюштурулган лагерде таанышкан. Эгерде соттун өкүмү ишке ашырылса, Пайк Теннесси штатында 200 жылдан ашык убакыттан бери өлүм жазасына тартылган биринчи аял болмок.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын жаза аткаруу системасынын өкүлдөрү эмне үчүн өлүмгө алып келиши керек болгон эки ийне сайылгандан кийин да Пайк аман калганын түшүндүргөн билдирүүлөрдү азырынча жасай элек.
Адвокаттарга консультация берген анестезиолог Жоэл Зивот эгерде Кристага сайылган пентобарбиталдын эки дозасы канга жеткенде, "ал сөзсүз өлмөк" деп айтты.
Зивоттун айтымында, уколдор венага эмес, теринин астына жасалган болушу мүмкүн, башкача айтканда пентобарбитал аялдын кан айлануу системасына жетпей, теринин астындагы ткандарга тарап, дал ушул себептен аман калган болушу мүмкүн.
Адвокаттар Пайктын анатомиялык өзгөчөлүктөрү бар экенин эскертип келишкен. Алар Пайк тромбоцитоз (кандын уюшуна байланышкан оору) менен ооруй турганын жана кан тамырлары ичке болгонун, ушундан улам өлүмгө алып келүүчү ийне сайылганда Пайк өзгөчө оор азап тартышы мүмкүн экенин айтышкан.
Пентобарбиталдын эки дозасынын кесепеттери кандай болушу мүмкүн экенин дарыгерлер азырынча билишпейт. Зивоттун айтымында, экинчи уколдон кийин Пайкка медициналык жардам кечигип жасалгандыктан, анын мээси жабыркашы ыктымал, бирок так диагноз коюу үчүн "сапаттуу неврологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүш керек".
Зивоттун баамында, Пайктын жашоо сапатына олуттуу таасир этиши ыктымал "олуттуу медициналык көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн".
Пайк эсине келгенден кийин Би-Би-Си комментарий алуу үчүн Зивотко кайрылган эле жана учурда андан жооп күтүп жатат.
Криминолог жана Фордхем университетинин юридика факультетинин профессору Дебора Денно Би-Би-Сиге Пайктын эсине келип, сүйлөп калганына "абдан таң калганын" айтып, буга чейин мындай окуя эч болбогонун белгиледи.
Анын айтымында, Пайк – өлүмгө алып келүүчү ийне саюу аркылуу өлүм жазасына өкүм кылынса да, аман калган сегизинчи адам. Бирок, буга чейинки жети учурда жазаны аткаруучулар соттолуучулардын тамырына ийне сая албай коюшкан.
"Пайк – уулуу зат сайылгандан кийин да аман калган жалгыз адам", - деп түшүндүрдү Денно. (ZMa)
























