Хуситтер Йемендин Аден шаарындагы аэропортко баллистикалык ракеталар менен сокку урду

Сүрөттүн булагы, SALEH AL-OBEIDI/AFP via Getty Images
Шаршемби күнү таң эрте Иранды колдогон Йемен хуситтери Аден шаарындагы эл аралык аэропортко баллистикалык ракеталар жана жардыргыч заттар жүктөлгөн дрондор менен сокку урду. Бул тууралуу Йемендин Транспорт министрлиги билдирди.
Министрлик X социалдык тармагына билдирүү жарыялап, окуяны "жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин жана экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүнө реалдуу коркунуч жараткан жийиркеничтүү чабуул" деп атады. Алдын ала маалымат боюнча, кол салуудан эч ким жабыркаган эмес.
Министрликтин маалыматына караганда, ракеталардын бири аэропорттун учуп-конуу тилкесине жакын жерге Каирден келе жаткан учактын конуусуна бир нече мүнөт калганда түшкөн. Бийлик учактын конуусун токтотуп, аны Жидда шаарына багыттаган.
Учуп-конуу тилкесинде турган эки учак жаңы соккулар болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам коопсуз аймакка чыгарылган. Азырынча хуситтер окуя боюнча комментарий бере элек. Аден эл аралык аэропорту Йемендин хуситтер көзөмөлдөбөгөн аймактары үчүн негизги эл аралык транспорттук түйүн болуп саналат.
Йемендин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүн колдогон, Сауд Арабиясы башында турган коалиция Эр-Рияддын түндүгүндө хуситтер тарабынан учурулган баллистикалык ракета жок кылынганын билдирди.
Коалиция хуситтер көзөмөлдөгөн Сана шаарынын үстүнөн ракета учуруучу түзүлүштү аныктаганын жана аны жок кылууга даярданып жатканын маалымдады. Бирок окуядан улам жабыркагандар же келтирилген зыян тууралуу так маалымат берген жок.
Хуситтердин аскердик өкүлү Яхья Сари топ Эр-Рияддагы Король Халид атындагы эл аралык аэропортко бир нече дрон менен сокку урганын билдирди. Сауд Арабиясы азырынча аэропортко чабуул болгонун ырастай элек.
Бул чабуулдар Йемендеги согуштук аракеттер бир нече багытта күчөп жаткан учурга туш келди. Сауд Арабиясы колдогон өкмөттүк күчтөр акыркы жумаларда Кызыл деңиздин жээгинде жаңы аймактарды ээлеген хуситтерге каршы контрчабуул баштаган.
Бул жумада Йемендин өкмөттүк күчтөрү Сауд Арабиясы баштаган коалициянын абадан колдоосу менен стратегиялык мааниге ээ Баб-эль-Мандеб кысыгы жана Мока шаары жайгашкан Кызыл деңиздин жээгин кайра көзөмөлгө алуу үчүн чабуул баштаган. Анын жүрүшүндө хуситтер өткөн айда басып алган аймактардан сүрүлүп чыгарылган.
Буга чейин Сауд Арабиясы баштаган коалиция хуситтер тарабынан өлкөнүн түштүк-батышындагы Хамис-Мушаит шаарына карай учурулган баллистикалык ракетаны жок кылганын билдирген.
Хуситтердин аскердик өкүлү Яхья Сари дагы бир билдирүүсүндө топ Хамис-Мушаит шаарындагы Абха эл аралык аэропортуна жана аскердик базага баллистикалык ракеталар, дрондор менен сокку урганын айткан.
Бул билдирүү коалиция Хамис-Мушаитке жакын жерде жок кылган ракетага байланыштуубу же жокпу азырынча белгисиз. Сауд Арабиясынын бийлиги Абха аэропортуна чабуул болгонун азырынча ырастай элек.




























