Прокурор Темирлан Султанбековду 9 жылга, Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев баш болгон бир нече адам жарыш сөзгө чыгышты.
Сот отуруму жабык өтүүдө. Мамлекеттик айыптоочу Темирлан Султанбековду 7 жыл 6 ай эркинен ажыратууну суранды. Мындан тышкары мурдагы өкүм боюнча өтөлбөй калган мөөнөтү эске алынып, акыркы жазаны 9 жылга чейин көбөйтүп эсептөөнү өтүндү.
Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 ай, Эрмек Эрматовду 7 жыл 6 айга кесип, Кубанычбек Кадыровду болсо жазаларды кошуу менен жалпы 9 жыл эркинен ажыратууну суранды.
Абдурахим Абдрахмановго мурдагы өкүм боюнча өтөлбөй калган мөөнөтү эске алынып 9 жыл, Казакстан жараны Серикбай Кабыланбекке 7 жыл 6 ай жаза берүүнү өтүндү.
Алар "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча айыпталып жатышат. Жакындары прокурордун өтүнүчү менен макул болбой, муну саясий куугунтук деп сыпатташууда.
"Албетте, мунун баарын саясий куугунтук деп эсептейм. Бирок кудайым бар, көрөбүз. Биз акыйкаттыкты гана сурап жатабыз. Сот жараяны ачык өтүп, элге көрсөтүлүшү керек эле. Эл сындап, баасын берет эле. Бирок булар башка жол менен кетишти. Эптеп эле баланы соттоп, түрмөгө отургузалы деп жатышат, - деди Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков.
Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган ондой адам 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Милиция аларды жапырт башаламандыкка айыптаган.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.
Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.
Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Ушул жумада Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакев тил кат менен бошотулду. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин айрымдарынын иши өзүнчө тергелип жатат.




























