Экс-депутат Нурлан Сулайманов "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда

кылмыш
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сулаймановдун кармалганы тууралуу маалымат 5-октябрда тараган. Ал ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалганы кийинчерээк маалым болгон.

Адеп Сулайманов кайсы берене менен жоопкерчиликке тартылып жатканы расмий айтылган эмес. Соттун чечими менен ал 2026-жылдын 3-декабрына чейин камакка алынган.

Нурлан Сулайманов 2005-2010-жылдары транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген. 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте транспорт, коммуникациялар, байланыш жана архитектура, ошондой эле бюджет жана финансы боюнча комитетти жетектеген.

Башкы прокуратура 2012-жылы Сулаймановго транспорт жана жолдор министри болуп турган кезде жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Ага ошол кезде "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Тергөө 2007-жылы жол куруу техникасын жана жабдууларын сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүдө айрым компаниялардын кызыкчылыктары көздөгөн деп айыптаган.

2014-жылы Сулаймановго издөө да жарыяланган. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту 2016-жылдын 22-апрелинде ага байланыштуу кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтоткон. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Cаясий айдыңда Сулайманов Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын адамдардын бири катары сыпатталып жүрөт. Анын аты Ташиевдин уулу Тай-Мурас катышкан Өзгөн айланма жолун куруу боюнча долбоордо да аталган.

Нурлан Сулаймановдун уулу Элдар Сулайманов да Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон. Алгач парламентке 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келген. 2025-жылдын 30-ноябрындагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо Элдар Сулайманов №5 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган.

Бирок 2026-жылдын 10-февралындагы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин Элдар Сурайманов да депутаттык креслодон баш тарткан. Анын аты буга чейин да коомчулукта талкууга түшүп, мурдагы жубайы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып келген.