"Педофилдерге жазаны жеңилдетүү тууралуу сөз болгон эмес": Депутат Абдибаева УКМКга арыз жазды

Депутат
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева анын 29-сентябрда парламенттин комитет жыйынында айткан сөздөрү боюнча тарап жаткан маалыматтарды "жалган жалаа, каралоо" деп атады. Ал бул боюнча өзү гана эмес, эки коомдук бирикме Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу депутат парламент жыйынында кайрылуу жасап жатып айтты.

Айтымында, соңку күндөрү анын комитеттеги сөздөрү социалдык тармактарда, айрым ЖМКлар, блогерлер тарабынан бурмаланып таратылып жатат.

"Бул сөздөр ар кандай адамдар, блогерлер тарабынан телеканалдарга чейин негизсиз бурмаланып жатканы баарыбызга белгилүү. Бул анык кызыкдар тараптардын жасаган иш-аракети. Ошол эле учурда коомго жалган маалымат таратып, эл өкүлүн каралап, жалаа жаап, акарат келтирип жатканына байланыштуу бул иштин артында кимдер турганын аныктоо максатында УКМКга мен эле эмес, эки коомдук бирикменин атынан дагы арыз берилди. Себеби жөн жерден ызы-чуу көтөрүп, мандатка чейин киришип кеткен адамдардын мыйзам алдында жоопкерчилиги каралбаса, алардын көшөгө артында жем таштаган демөөрчүлөрү аныкталбай калышы мүмкүн. Ар ким өз оюн айтууга укуктуу, бирок маалымат коомчулукка так, текшерилген жана бурмаланбаган түрдө жеткирилиши керек",- деди ал.

Абдибаева 29-сентябрдагы комитет жыйынында педофилдерге же кылмыш жасаган адамдарга жазаны жеңилдетүү, пробация берүү тууралуу сөз болбогонун айтты.

"Бул жерде педофилге же кылмыш жасаган кылмышкерге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү тууралуу сөз болгон эмес. Комитетте отургандардын баары күбө. Аял, эне, эл өкүлү катары мен кандай негизге таянып, жаш өспүрүмдөргө зордук-зомбулук кылган кылмышкерге жеңилдик сурайм? Кылмыш кылдыбы, жазасын алыш керек. Керек болсо жазалар күчөтүлүшү керек",- деди депутат.

Анын айтымында, комитетте көтөрүлгөн маселе анын жеке сунушу же жеке пикири эмес. Абдибаева 7-чакырылышта аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча мыйзамды күчөтүүнү колдогон демилгечилердин бири болгонун кошумчалады.

Ага 26-майда укук коргоо багытындагы коомдук бирикменин төрайымынын атынан кайрылуу түшкөнүн айтты.

Кайрылууда Кылмыш-жаза кодексинин 154,157,158-беренелерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселелери көтөрүлгөн. Анын негизги максаты - бул беренелерди колдонуу практикасын комплекстүү талдоо, ар бир кылмыштын конкреттүү жагдайларын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укуктук баа берүү жана жаза чарасынын жасалган кылмышка шайкештигин камсыз кылуу экени айтылган.

"Бул кайрылуу мага эле биринчи жолу келип жаткан жок. Жарандар президентке, Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага, ИИМге кайрылышкан. 154, 157, 158-беренелерди карап, күмөндүү же күнөөсү далилденбеген жагдайлар болсо, жазаны жеңилдетүүнү карап берсе кандай болот деген таризде тиешелүү органдарга кайрылгам",- деди Абдибаева.

Айсаракан Абдибаева 29-сентябрдагы комитеттин жыйынында Кылмыш жаза кодексинин 154, 157, 158-беренелерине байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ал мыйзамга пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранган.

Анын сөздөрү социалдык тармактарда талкууга түшүп, "депутат педофилдерди коргоп жатат" деген пикирлер да айтылган.

Абдибаеваны депутаттык мандатын тапшырууга чакырган талаптар да айтылып, 1-октябрдан тартып бул боюнча петиция жарыяланган.