Талибан министринин Өзбекстандагы исламдын абалы тууралуу айтканы талкуу жаратты

Ооганстандын Талибан өкмөтүнүн даават боюнча министри Мухаммад Халид Ханафи

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстандын Талибан өкмөтүнүн даават боюнча министри Мухаммад Халид Ханафи
    • Author, Би-Би-Синин Өзбек кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ооганстандын Талибан өкмөтүнүн даават боюнча министри шейх Мухаммад Халид Ханафинин Өзбекстан тууралуу айткан сөздөрү кеңири талкууларды жаратты. Анын белгилешинче, Өзбекстанда "Исламдын аты гана калган". Бул билдирүү ооган саясий серепчилери жана аймактык талдоочулар тарабынан кескин сындалууда.

Макала BBC Monitoring маалыматынын негизинде жазылды.

Талаштуу билдирүү

Маалыматтарга караганда, Ханафи бул сөздөрдү 10-июлда Ооганстандын түштүк-чыгыш провинцияларынан келген уламалар менен болгон жолугушууда айткан. Ал өз сөзүндө Талибан курган исламий түзүмдү коргоп, дин аалымдарын "Исламды сактоого" чакырган.

Министрдин пикиринде, Ислам үммөтүнө башчылык кылуу жоопкерчилиги уламалардын мойнунда болушу керек. Ошону менен бирге ал Өзбекстандын дин аалымдарын да сындап, өлкөдө диний маселелерди дин кызматкерлери эмес, дүйнөвий мамлекеттик система аныктап жатканын белгилеген.

Ханафинин айтымында, Өзбекстан бай исламий мураска ээ болгонуна карабастан, анын сөзү менен айтканда, "чыныгы Исламдан" алыстаган.

Билдирүүдөн кийин жаралган сындардан соң, Талибандын расмий маалымат булактары бул сөздөр камтылган видеону социалдык тармактардагы баракчаларынан өчүрүп салганы айтылууда. Өзбекстандын расмий өкүлдөрү болсо азырынча бул билдирүүгө реакция билдире элек.

Эмне үчүн дал Өзбекстан тууралуу сөздөргө көңүл бурулду?

Серепчилер белгилегендей, Ханафинин Өзбекстанды тикелей аташы кокустук эмес.

Самарканд, Бухара жана Термез кылымдар бою Ислам илим-билиминин борборлору катары таанылган. Бул аймактар Имам Бухарий, Имам Термизий, Абу Мансур Матуридий сыяктуу улуу диний алптар чыккан жер болуп саналат. Ошондой эле хадис, тафсир, фикх жана калам илимдеринин өнүгүшүндө да бул шаарлар маанилүү орунду ээлеген.

Ошондуктан, көптөгөн сынчылар Талибан аткаминеринин билдирүүсүн жөн гана диний баа берүү эмес, Өзбекстандын тарыхый жана диний мурасына карата талаштуу мамиле катары баалашууда.

Талибандын дүйнө таанымы тууралуу талаштар

АКШда жайгашкан Amu TV басылмасынын жазышынча, Ханафинин сөздөрү Өзбекстандагы диний кырдаалга берилген баа эле эмес, Талибан кыймылынын кененирээк дүйнө таанымын чагылдырат.

Басылманын талдоочуларынын пикиринде, Талибан өзүнүн Ислам талдоосун жападан жалгыз туура жол катары көрөт. Ушул көз караштан алганда, Бухараны, Самарканды жана Термезди атап өтүүнүн да символикалык мааниси болгон.

Сынчылар эмне деп жатышат?

Ооганстандын Качкындар иштери боюнча мурдагы министри Нур Рахман Ахлаки бул билдирүүнү Талибандын өзүн башкалардын ыйманын өлчөй турган чен-өлчөм катары көрүшүнүн үлгүсү деп атады.

Анын пикиринде, Талибан өзүн Исламдын жалгыз мурасчысы катары көрсөтүүгө умтулат жана бул мамиле аймак мамлекеттери үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ахлаки Өзбекстандын Талибан менен болгон тыгыз кызматташтыгы тууралуу пикирин билдирип, экстремисттик идеялар мамлекеттик чек аралар менен чектелбестигин белгиледи.

Өзбекстан жана Талибан мамилелери

Акыркы жылдары Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Талибан менен эң активдүү диалог түзгөн өлкөлөрдүн бирине айланды.

Ташкент менен Кабулдун ортосунда соода, транспорт, транзиттик коридорлор, электр энергиясы жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтык күчөдү. Өзбекстан Талибан администрациясынын маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары каралууда.

Бирок айрым талдоочулар экономикалык байланыштар менен кошо идеологиялык таасир этүү коркунучу дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертип келет.

Жаштар жана диний өздүк маселеси

Revayat басылмасынын талдоосуна ылайык, Өзбекстанда, өзгөчө жаштар арасында исламдык диний мурасты кайрадан таанып-билүүгө кызыгуу күчөөдө.

Басылманын авторлору эгер бул жараян радикалдуу идеялар менен байланышып калса, экстремисттик көз караштардын жайылышы үчүн шарт түзүлүшү мүмкүн экенин белгилешет.

Аймак үчүн маанилүү суроо

Женевадагы БУУнун алдындагы Ооганстандын туруктуу өкүлү Насир Андиша да Борбор Азия мамлекеттеринин Талибан менен мамилелерди нормалдаштыруу саясаты тууралуу эскертти.

Анын пикиринде, бир гана экономикалык жана практикалык кызыкчылыктарга таянган мамиле Талибандын идеологиялык максаттарын көз жаздымда калтырышы мүмкүн.

Мурдагы ооган депутаты жана окумуштуу Сардар Рахмонуглынын белгилешинче, Ханафинин сөздөрү Талибан өзүнүн диний моделин Ооганстандан сырткары да жайылтылышы мүмкүн болгон үлгү катары көрөрүн билдирет.

Азырынча Ташкент бул билдирүүгө расмий реакциясын билдире элек. Бирок талкуулар Талибан менен мамилелер эми жөн гана соода же коопсуздук маселеси эмес, идеологиялык жана маданий коопсуздук көз карашынан да бааланып жатканын көрсөтөт.