"Мамлекеттик айыптоочу менен уруштум". Тилекматтын сотунда күбөлөр көрсөтмө берди, жубайы бийликке даттанды

Активист Тилекмат Күрөңов сот отурумдарынын биринде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активист Тилекмат Күрөңов сот отурумдарынын биринде
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Курөңовдун соту уланууда.

Активист Би-Би-Синин суроолоруна учкай жооп берип, абалы канааттандыраарлык экенин, соттун адилет чечимин күтүп жатканын айтты:

"Адилет чечим чыгат деп күтүп жатам. Бир гана айкыйкат чечим – ал менин акталышым".

Жакындарынын айтымында, жалпы 28 күбөнүн 20сы көрсөтмө берип бүттү. Бүгүн күбө катары саясатчы Жеңиш Молдокматов, юрист Канат Хасанов, блогер Илим Карыпбеков келди.

"Мен башынан эле айткам. Бул жерде чакырык болгон эмес. Мен юрист катары билем. Төңкөрүш дегенде атайын чакырык болот. Бирок чакырык бул жерде жок. Ал конституциялык укугун колдонуп, өзүнүн пикирин айткан. Азыр ошону айтып бердим", - деди юрист Канат Хасанов.

"Мамлекеттик айыптоочу менен аябай уруштук. Анткени мамлекеттик айыптоочу даяр эмес экен. Бир дагы суроо бере алган жок мага. Иш боюнча эмне маселеңиз бар деп жалпылап айтып жатат. Күнөөлүү-күнөөлүү эмеспи дейт. Мен күбөлөрдү чакыргандан кийин ар бирине тиешелүү суроо берүү керек, сурооңор дайын эмес экен, кантип жигитти күнөөлөп жатасыңар деп айттым. Мага тергөөдө эки суроо коюлган: бул Кемпир-Абад анан "Ханституцияга каршы борбор". Мен ачык айттым: "Ханституцияга каршы борборду" мен негиздегем. Жоопкерчилик толук менде болгон. Ал боюнча мен жооп бердим. Кемпир-Абад боюнча толук жоопкерчилик менде болгон. Акыры акталдык", - деди Жеңиш Молдокматов.

Отурумга чакырылган блогер Илим Карыпбеков кандай негизде күбө катары чакырылып калганын деле билбей турганын айтты:

"Күрөңовдун айрым сөздөрү, айрым кадамдары боюнча комментарий бергем. Ошол боюнча мени чакырышкан. Чынын айтсам, ошол кезде тарыхчама эмне деп жазганым деле эсимде жок. Себеби көп убакыт болуп кетти да. Күрөңовдун отурганына бир же эки жылдан ашып кетти го дейм. Ошондо берген көрсөтмөмдү көрсөтүлө, кайсы жерден комментарий бериптирмин десем да, көрсөтүп бере алышкан жок азырынча. Эмне деп жазганымды билбейм, бирок ар бир тарыхчама жооп берем, анан оюма келгенди жаза бербейм. Демек, мен жазып жатсам, мен фактыларга, аргументтерге, жүйөлөргө таянып айтам. Ошондуктан ошондо айткан сөзүмдүн баары жөндүү. Бирок эмне деп айтканым азыр эсимде жок".

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Азырынча мурдагы депутаттар Эмил Жамгырчиев, Орозайым Нарматова, Кубанычбек Кадыров, блогер Атай Бейшенбек, Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов күбө катары көрсөтмө берише элек. Кийинки сот отуруму 2-октябрда өтөт.

Бул арада активисттин АКШдагы жубайы өкмөт башчы Адылбек Касмалиевге жана спикер Марлен Маматалиевге Фейсбук аркылуу кайрылуу жолдоп, жолдошу Тилекмат Күрөңов абакта кысымга кабылып жатканына даттанды:

"Бүгүн 25-сентябрда Ленин райондук сот отурумунда Тилекмат Кудайберген уулу СИЗО-1 дин кызматкерлери тарабынан кысымга кабылып жатканын, ар-намысын басмырлап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кемсинтишкенин айтып даттанган. Качанкыга чейин жабык жайлар боюнча маселе көтөрүлгөндө ЖАМК "чындыкка дал келбейт" деп кутула берет? Качан ведомстволор аралык жана Жогорку Кеңеш менен биргеликте комиссия түзүлүп, бир олуттуу териштирүү же текшерүү болот? Жабык жайларда кармалып турган адамдардын укуктарынын сакталышы мамлекеттик органдардын түздөн-түз жоопкерчилигинде. Качанкыга чейин жоопкерчиликке тартылбашына ишенген кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин уланта беришет?"

Бул боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы комментарий бере элек.

периште эмесмин

Тилекмат Кудайберген уулу 40 жашта. Нарын облусуна карашатуу Кочкор районундагы Чоң-Туз айылында туулган, бирок Ысык-Көлдө чоңойгон. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Жакындарынын айтымында, ал ар кыл жумушта иштеген, миграцияда дагы жүргөн.

Тилекмат Кудайберген уулунун ысымы коомчулукка 2020-жылы, өлкөнү Сооронбай Жээнбеков башкарып турганда белгилүү боло баштаган. Ал 5-6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык билдирген. Ушул эле жылы декабрда "Жетим-Тоону коргоо" боюнча кыймыл түзгөн. Жакындары дал ошондон тарта ага каршы кескин куугунтуктоо башталганын белгилеп келишет. Кийин ал "Ханституцияга каршы" деп аталган топко мүчө болгон.

Активит 2021-жылы "Республика" партиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоодо "Туран" партиясынан атынан талапкерлигин койгон.

Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти күч менен басууга чакырык жасаган деген айып менен 2021-жылы 15-мартта кармалган.

Ушул эле жылы августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Тергөө Куренов 2020-жылы "Республика" партиясынын атынан шайлоого катышканда шайлоочулардын добушун сатып алган деген кине койгон.

Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы сентябрда эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Кийинчерээк ал Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга алмаштырууга каршы чыккан активист жана саясачылардын катарына кошулуп, нааразылык билдирген.

Ошол эле жылы активист-саясатчылар тобунун отузга жакын мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.

Кошмо Штаттара жашап жатканда да ал кыргыз бийлигин сындап келген. 2024-жылы 10-январда УКМК аны "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Атайын кызмат 2025-жылдын 19-апрелинде активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кудайберген уулу кармалган учурда ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп билдирген.

"Тилекмат Кудайберген уулу республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен жапырт башаламандык уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

2026-жылдын февралында ага айыбы угузулуп, соттук иши башталган.

Тилекмат Кудайберген уулуна Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси - Бийликти күч менен басып алуу; Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар; Жапырт баш аламандыктарды уюштуруу; Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылууда.

Активисттин жактоочулары да, жакындары да бул айыптоолорго макул эмес.