You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Израил менен Ливан ок атышууну токтотууну макулдашты. Башкы шарт - "Хезболланын" аткылоодон баш тартуусу
Израил менен Ливан ок атышууну токтотуу режимин сактоону макулдашканы айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө. Келишим Иран колдоп келе жаткан "Хезболла" куралдуу тобу тарабынан ок атышуунун "толук токтотушунан көз каранды".
Билдирүүдө "Израил менен Ливандын ортосундагы мамилелердин келечегин эки суверендүү өкмөт чечиши керек" деп көрсөтүлгөн, ал эми "кандайдыр бир мамлекеттик же мамлекеттик эмес субъект тарабынан Ливандын келечегин барымтага алуу" аракеттери чектен тышкары четке кагылат.
Келишимдин шарттарына ылайык, "Хезболла" ок атышууну толугу менен токтотушу керек, ал эми анын согушкерлери Ливандын түштүгүндөгү чек арадан тартып Литани дарыясына чейинки аймакты бошотуп кетиши зарыл. Бул аймак келишимде Литанинин Түштүк сектору деп аталат. Учурда бул аймакты Израилдин армиясы көзөмөлдөп турат.
Март айынын аягында Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү кеңири аймакта коопсуздук зонасын түзөрүн жана Израилдин түндүгү коопсуз болмоюнча, жер которгон миңдеген адамдардын кайтып келишине уруксат берилбей турганын билдирген.
Ок атышууну токтотуу боюнча келишим дүйшөмбү күнү макулдашылган жарым-жартылай ок атышууну токтотуудан кийин кабыл алынды. Ливан тараптын билдирүүсүнө караганда, ага ылайык, Израил "Хезболланын" кол салбоосунун ордуна Бейрутту бомбалоодон баш тартат.
Эки өлкө "ар тараптуу келишимге жетишүү максатында" кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн 22-июнда кайрадан жолугушат. "Хезболла" азырынча бул билдирүү боюнча коомчулукка расмий пикирин билдире элек.
Келишимге шаршемби күнү Вашингтондо израилдик жана ливандык дипломаттар келишимдин шарттарын бекемдөө үчүн сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүн өткөргөндөн кийин жетишилди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио журналисттерге берген маегинде "[Ливанда] "Хезболладан" көз карандысыз коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттер планын" иштеп чыгууга үмүттөнөрүн билдирди.
Бул аптада жарым-жартылай ок атышууну токтотуу келишиминин туруктуулугу израилдик аскерлер тарабынан да, "Хезболла" тарабынан да сыналды.
Израилдин аскерлери Ливандан учурулган учкучсуз учак (дрон) жана эки снаряд атып түшүрүлгөнүн жарыялашты.
Өз кезегинде Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги шаршемби күнү Израилдин өлкө аймагына жасаган соккуларынан тогуз адам каза болгонун кабарлады. Алардын арасында түштүктөгү Шехур районунда тез жардам унаасына жасалган соккудан каза тапкан эки фельдшер да бар.
Ливан өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, дүйшөмбү күнү жетишилген алдын ала ок атышууну токтотуу келишиминде "Хезболла" Израилге кол салуудан баш тартканы үчүн, Израил Бейрутка каршы кеңири масштабдуу чабуул баштабайт" деп айтылат.
Ливан өкмөтү "Хезболла" өз макулдугун ырастаганын билдирди, бирок топтун саясий кеңешинин мүчөсү Махмуд Камати шейшемби күнү Би-Би-Сиге: "Ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай келишим болгон жок, болгону Дахияны коргоо гана болду", - деп айткан.
Дахия - Бейруттун түштүк бөлүгү жана ал "Хезболланын" таянычы деп эсептелет. Израил бул районго баарынан көп сокку урат.
Камати ошондой эле "Хезболла" Вашингтондогу ливан-израил сүйлөшүүлөрүндө кабыл алынган эч кандай милдеттенмелерди аткарбай турганын кошумчалады.
"Биз бул сүйлөшүүлөрдүн бизге эч кандай тиешеси жок деп эсептейбиз жана алардын жыйынтыктарын же чечимдерин тааныбайбыз, анткени биз аларды принципиалдуу түрдө четке кагабыз", - деди ал.