You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия менен ажырашып, Европага баш байлообу? Армениядагы шайлоодон эмнени күтүүгө болот?
- Author, Григор Атанесян
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 8 мүнөт
Арменияда жана анын айланасында топтолгон тышкы жана ички тирешүүлөр 7-июнга белгиленген шайлоонун алдында ачыкка чыкты. Алар ондогон жылдарга өлкөнүн багытын аныкташы ыктымал. Орусия Ереванга кысым жасап, же аны же Батышты тандоону талап кылып, эгерде Евробиримдикти тандаса, кесепеттери оор болорун эскертүүдө.
Ошол эле учурда өлкөнүн ичинде да кырдаал тынч эмес: премьер-министр Никол Пашинян саясий каршылаштарын "чөгөлөтүп, жок кылам" деп коркутуп, ал эми күч түзүмдөрү оппозиция лидерлерине кылмыш иштерин козгоп жатышат.
Бардык тараптар шайлоо алдындагы үгүт иштеринде маалыматтарды бурмалап, фейктерди жана мамлекетке чыккынчылык жасады деген айыптарды колдонууда.
Бир кармаштын артынан экинчиси: Пашиняндын шайлоого даярдыгы
Никол Пашинян премьер-министр болуп турган сегиз жылдын ичинде Армения согушта жеңилип, оор соккуларды башынан өткөрдү, бирок бийликтин сынчылары коомго татыктуу альтернативаны сунуштай алышкан жок. Оппозициянын бетке кармаганы мурдагы президенттер болду, бирок эл аларды коррупция менен байланышкан жетекчилер катары эстеп калган.
Мына ушундай шарттарда Пашинян көптөгөн кризистерге жана жаңжалдарга карабастан бийликти сактап кала алды. Убакыттын өтүшү менен иши да жүрүшө баштады. Украинага бастырып киргенден кийин Орусиядан келген адамдардын жана капиталдын агымы Армениянын экономикасына белек болуп калды. ИДПнын рекорддук өсүшү социалдык чыңалууну азайтып, бийликке жолдорду курууга, мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөөгө, жалпы медициналык камсыздандыруу системасын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.
Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдөгү жылыш да Пашинянга жардам берди. АКШнын катышуусу менен бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Трамптын жолу" тууралуу келишим түзүлгөн. Армениянын көз карандысыз тарыхында биринчи жолу анын тургундары жаңы согуш башталат деп коркпой жашап калышты. Азербайжан менен жетишилген тынчтыктын баасы кымбатка турду – армяндар Тоолуу Карабактан чыгып кетүүгө мажбур болуп, качкындар өкмөттү өз мекенин сатты деп айыпташууда. Бироқ алардын нараазычылыгы жалпы өлкө ичинде кеңири колдоо таба албады.
Мунун баары алдыдагы добуш берүүдө бийликтеги "Жарандык келишим" партиясынын жеңишине шарт түзүп жаткандай болгон, бирок Пашинян шайлоо алдындагы күрөштү көз жаздымда калтырбоону чечти. Оппозиция шайлоого катышчу талапкерлерди аныктап, шайлоо штабдарын ачканга чейин премьер-министр Армениянын Апостолдук чиркөөсүнүн жетекчилигине каршы ири өнөктүктү баштады. Чиркөө мамлекеттен ажыратылган жана саясатка тикелей катышпайт, бирок ал коомдун консервативдүү бөлүгүнүн үнү катары кызмат кылып келет жана саясий оппозициядан айырмаланып, эл арасында өтө чоң сый-урматка ээ.
Пашинян жана анын тегерегиндегилер епископторду Кремлге иштейт деп, ошондой эле жүрүм-туруму адепсиз деп айыпташууда. Бул айыптар сотто далилденген эмес. Чиркөө бул айыптоолорду христиандыкка каршы күрөш деп баалады. Чиркөөнүн башкы меценаты, орус-армян миллиардери Самвел Карапетян чиркөөнү коргоп чыкканда "бийликти басып алууга үндөгөн" деген айып менен камакка алынган. Миллиардеге таандык "Армениянын электр тармактары" компаниясы мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн.
Армениянын бийлиги Карапетяндын артында да Кремль менен ФСБ турат деп ырастайт. Бизнесмен болсо бул айыптарды четке кагып келет. Кандай болгон күндө да, Пашинян атаандашын "калугалык олигарх" деп атап, анын Орусия менен байланышын баса белгилеп келет – Карапетян көп жыл Калугада жашап, иштеген.
Камакка алынганга чейин Карапетян армян саясатына ачык катышкан эмес, бирок кийин ал "Күчтүү Армения" партиясын түзүп, Батыш ЖМКларында Карапетянды жана армян чиркөөсүн коргогон, масштабы кеңири пиар өнөктүгүн жүргүзгөн адвокаттарды жалдаган.
Шайлоо алдындагы үгүт плакаттарда Карапетяндын жылмайып түшкөн сүрөттү чыкканы менен, экинчи жана үчүнчү жарандыгынан улам (бизнесмен Орусиянын жана Кипрдин жарандыгын алган) шайлоого катыша албайт. "Күчтүү Армениянын" шайлоо алдындагы тизмесинин башында анын жээни Нарек турат. Армян бийлиги ага каршы да май айында кылмыш ишин козгогон.
Коом арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Карапетяновдун партиясы кийинки парламентте негизги оппозициялык күчкө айланышы мүмкүн. Самвел Карапетян 8% ишеним рейтинги менен Арменияда популярдуулугу боюнча экинчи саясатчы болуп калды (Пашиняндыкы 29%).
Пашинян каршылаштарынын баарын чыккынчылыкка айыптап келсе, оппозиция да ушундай айыптарды коюп, аны Анкарага жана Бакуга баш ийет дешет. Башкаруучу партия сыяктуу эле оппозиция да бул айыптарды тастыктаган эч кандай олуттуу далилдерди бере элек.
Кандай болгон күндө да, оппозициянын катарында жаңы адамдардын пайда болушу алдыдагы шайлоодо бийликке олуттуу коркунуч жараткан деле жок. Эксперттер башкаруучу партия шайлоодо жеңип, Пашинян кайрадан премьер-министр болуп шайланат деп божомолдоп жатышат.
Шайлоодон кийин эмне болот – кызыктын баары мына ушунда.
Ажырашуу менен бүтчүдөй: Орусия Арменияны кантип жоготууда
"Кремлдин агенттеринин изине түшкөнүн" армян бийлиги өз электоратына гана эмес, европалык лидерлерге да айтып келет. Алар менен сүйлөшкөндө Пашинян жана анын тарапкерлери Арменияны Украина жана Молдова сыяктуу жаш демократия катары, Орусиянын колониализминен суурулуп чыгып, Евробиримдикке кирүүгө даяр мамлекет катары көрсөтүүгө аракет кылып келишет.
Май айында Европалык саясий коомчулуктун саммитинде жана ЕБ-Армения саммитинде Франциянын президенти Эмманюэль Макрон "Армения Европага карай чечкиндүү багыт алды" деп ишендирди, ал эми евродипломатиянын башчысы Кая Каллас Ереван үчүн Евробиримдикке мүчөлүк ачык болушу мүмкүн экенин билдирди. Иш жүзүндө азырынча Евробиримдикке талапкер өлкөнүн статусу жөнүндө сөз болгон жок. Армениянын жарандары үчүн Европага сапарларды визасыз кылуу маселеси гана талкууланууда.
Бирок Еревандын риторикасы Кремлдин кыжырын келтирип, Евробиримдикке кирүү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүк менен шайкеш келбей турганын көп эскертип келет. ЕАЭБ – бул Москванын жетекчилиги алдындагы бажы блогу, ага мүчө болуу менен Армения олуттуу пайда таап келүүдө.
Орусия Армениянын негизги соода өнөктөшү болуп саналат жана ЕАЭБге мүчөлүк алымсыз соода дегенди билдирет, эмгек мигранттары үчүн жеңилдетилген шарттар каралган жана газга олуттуу арзандатуу менен коштолот. Армян бийлиги азыркы учурдагы сезилерлик экономикалык пайда менен келечектеги евроинтеграциянын ортосунда тандоо жасагысы келбей жатат. Ереван "убагы келгенде тандоо жасарын" ырастап келет.
Сегиз жылдын ичинде Москва Пашинян менен иш алып барганды үйрөнүп, өз дарегине айтылган дооматтарды көрмөксөнгө салганы менен, бул жолу Путин Ереван так бир чечимге келиши керектигин айтты – же Орусия менен калат же Евробиримдикке кирүүнү чечет. "Ушуга жараша биз да тиешелүү тыянактарды чыгарып, жумшак, интеллигенттүү ажырашуу жолуна түшөт элек", - деген Путин аялы менен он үч жыл мурда ажырашкан.
Мындай метафора армян жетекчилигине жага берген жок. "Бул нике жана алименттер эмес, бул – саясат. Биз алимент сурайын же балдарды талашайын деген жокпуз жана мындай сөздөргө каршыбыз", - деди парламенттин төрагасы Ален Симонян. Ал өткөн жылы аялы менен ажырашып, медиада кызуу талкууга түшкөн.
Путинден кийин эле Мамлекеттик Думанын төрагасы Володин, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Шойгу жана анын орун басары, экс-президент Медведев Ереванга доомат коюп, сөөмөй кезей башташты. Алар Армения Европаны тандаса, Орусия менен эркин соода бүтөрүн, газдын баасы кымбаттай турганын жана башка жагымсыз кесепеттер болорун эскертишти.
Сөздөн ишке өтүп, май айында Орусия армян жашылчаларын, жемиштерин, коньягын, шарабын, минералдык суусун жана гүлдөрүн импорттоону чектеген.
Еревандагы Демократия жана коопсуздук боюнча регионалдык борбордун директору Тигран Григоряндын айтымында, учурда Арменияда орусиялык маанилүү активдер коркунучта болгондуктан, Москва Армениянын саясатында болуп жаткан окуяларга мурдагыдан да катаал жооп кайтарууда.
Учурда Армениянын темир жолдоруна концессиялык башкаруу Орусиянын колунда. Пашиняндын ошол башкарууну башка өлкөгө (азыр Казакстан негизги талапкер болуп эсептелүүдө) өткөрүп берүү ниети Кремлди тынчсыздандырат деп эсептейт Тигран Григорян.
"Ар кандай макулдашылбаган кадамды Орусия кызыл сызык катары баалайт. Орустар бул концессиялык келишимден, темир жолду көзөмөлдөөдөн жана башкаруудан баш тартууга даяр эмес", - деди эксперт Civilnet басылмасынын подкастында.
Мындан тышкары, "Росатом" Арменияда жаңы атомдук электр станциясын кургусу келет, бирок Ереван макул болууга шашылбастан, бул багытта АКШ жана Франция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Саясат таануучу Микаэл Золян Кремль Армениядагы позициясын жоготуп алышы мүмкүн экенин эми гана баамдай баштады деп эсептейт.
"Биринчи жолу Армения Батыш менен Орусиянын геосаясий атаандаштыгынын аренасына айланды. Буга чейин Армениянын бийлигине ким гана келбесин, Москва бул өлкөнү өзүнүн таасири алдындагы аймак катары эсептечү", - дейт Пашиняндын блогунан парламенттин мурдагы депутаты Золян.
"Эми армян бийлиги "деколонизация", АКШ менен кызматташуу жана Евробиримдик менен интеграция жөнүндө сөз козгоп жатат. Пашиняндын шайлоо өнөктөгүнүн башкы көзүр картасы – Батыш менен жакындашуу жана АКШнын ортомчулугу алдында Азербайжан менен түзүлгөн макулдашуулар".
Баш ийдирүү жана жок кылуу: армян демократиясынын өзгөчөлүктөрү
Ереванга иш сапары менен келгенде Франциянын президенти Макрон "Армения өз демократиясын бекемдей алды", - деп айтты. Макрон менен Пашинян өлкө боюнча чакан гастроль уюштуруп, анда француз-армян шансоньеси Шарль Азнавурдун La Bohème ыры гимн болгон. Ал тургай Макрон бул ырды расмий кечки тамакта ырдап, Пашинян барабанда коштоп ырдаган.
Ереван демократияны жана европалык баалуулуктарды карманарын Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жана башка европалык лидерлер да май айында айтышкан.
"Бирок Армениянын ичинде кырдаал мындай эмес. Биз тездик менен антидемократиялык багытта баратабыз", - деп эсептейт саясат таануучу Григорян.
Акыркы жылдары оппозиционерлерге, бийликти сындаган блогерлерге жана коомдук ишмерлерге, ошондой эле Армян Апостолдук чиркөөсүнүн башчысына жана анын епископторуна кылмыш иштери козголгон.
Май айынын ортосунда Артур Осипян аттуу карабактык качкын премьер-министр менен бул аймактын тагдыры боюнча айтыша кеткен. Премьер өзүн кармай албай, орой жооп кайтарган. Ал эми Осипянды премьердин жансакчылары жана бийликтин жактоочулары артка сүйрөп кетишкен. Ушундан кийин Пашинян мегафонду кармап алып, абдан кыйкырган: "Карабак маселеси курчуп турганда, барып өлүп бербейт белең? Анда сен эмнеге тирүү калдың?! Эй, акмак! Сен эмнеге тирүү жүрөсүң? Ошол жерде өлүп бербейт белең!". (Айтмакчы, Осипян Экинчи Карабак согушунда алдыңкы катарда согушкан).
Ошол эле митингде Пашинян сынчыларын да кемсинтип, сөөмөй кезеген. Пашинян "Баарыңарды чөгөлөтүп, жок кылам!" деп кыйкырып, негизги оппозициялык партиялардын лидерлеринин аттарын атаган.
Ошол эле күнү премьер-министр менен айтышкан Осипян кармалып, көп өтпөй сот аны эки айга камакка алган. СИЗОдо Осипян ачкачылык жарыялаган. Осипяндын камакка алынышы армян коомчулугун дүрбөлөңгө салды. Армениядагы укук коргоочу топтордун, анын ичинде бийликчил топтордун биргелешкен билдирүүсүндө "Осипянга коюлган айыптар мыйзамсыз, негизсиз жана саясий өңүтү бар" деп айтылат.
Жакында эле Пашинян митингде оппозициялык партиялардын биринин лидерине кылмыш иши козголорун айткан болчу, бул чын чыкты. Дагы бир оппозиционердин, депутаттын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.
Ошондой эле Пашинян башка партиянын башчысынын бизнесин улутташтыруу тууралуу планын жарыялап, ошол эле күнү Башкы прокуратура бул компанияны менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар болгон деп тапты. Мунун алдында Еревандын тургуну башкаруучу партиянын шайлоо алдындагы плакатын айрып салганы үчүн кармалган. Полиция аны психикалык оорулуу деп эсептеп, психиатриялык ооруканага жеткиргенден бир нече сааттан кийин ал өз жанын кыйган.
"Бийлик бир адамдын колунда топтолду, - дейт Тигран Григорян. – Башкаруучу партиянын лидери Никол Пашинян укук коргоо органдарын да, сот системасын да көзөмөлдөп жатат".
Эксперт шайлоодон кийин оппозицияга каршы өнөктүк күчөйт деп болжолдойт. "Мунун бир себеби – укук коргоочулар жана коомдук ишмерлер аларга жакпаган жана идеологиялык жактан пикир келишпеген оппозиционерлердин куугунтукталышын көрмөксөнгө салып жатышат".
Бирок бийликтин сынчыларынын камакка алынышын жана козголгон кылмыш иштерин Батыш да байкамаксан болууда. Буга чейинки режимдин тушунда европалык дипломаттар оппозиционерлердин куугунтукталышына байланыштуу тынбай тынчсыздануусун билдирип келишсе, азыр бир дагы сын айтылган жок, армян демократиясын мактаган гана сөздөр жаңырууда.
Мартта Арменияга Human Rights Watch уюмунун мурдагы башчысы, учурда Принстон университетинин профессору Кеннет Рот келген. Ал Батыштын үн катпаганына геосаясат себеп болуп жатканын айтты.
"Пашинян оппозицияга каршы күрөшүн Европага кандайча түшүндүрсө болорун жакшы билип алды. Пашинян Орусиянын таасирине каршы күрөшүп жатканын айткандыктан европалык лидерлер ага ишенишет", - деп жазды Рот.
Пашинян болсо Армениянын демократия менен да, Орусия менен мамилелеринде да көйгөйү жок деп ишендирип келет. "Армения – демократиялык өлкө, бизде ар дайым саясий процесстер болуп турат жана бул биз үчүн кадыресе көрүнүш", - деди ал апрелдин башында Кремлде Путин менен сүйлөшүү маалында.
Пашинян Армениянын түрмөлөрүндө бир да саясий туткун болбогонун, социалдык тармактар толугу менен эркин экенин, ал эми айрым жарандар өлкөдө демократия өтө эле көп болгондой сезип жатканын айтты.
"Алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен Армениядагы демократия жана элдик бийлик дагы да бекемделип, армян-орус мамилелери да динамикалуу өнүгө берет деп ишенем", - деди Пашинян Путинге. (ZMa)