You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кайгуул кызматынын унаасын сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган мас айдоочу камалды
Ошто жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматтык унаасын сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган мас айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 1-июнь күнү саат 13:00 чамасында Өзгөн-Мырза-Аке жолунун 2-чакырымында, Манас көчөсүндө токтоп турган "Kia K5" үлгүсүндөгү унааны күмүш түстөгү "Mercedes-Benz C200" үлгүсүндөгү унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.
Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушунда, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында айдоочуну токтотууга аракет кылышкан.
Бирок ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.
Кийинчерээк Кыргыз-Чек постунда патрулдук унаа менен жол тосулган учурда да айдоочу токтобостон кызматтык унааны сүзүп өткөн, андан соң "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп барып токтогон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Mercedes-Benz C200" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда экени аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 18 жаштагы айдоочу шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга да тарап, кызуу талкуу жаратууда.