You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ менен Иран сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда кайрадан бири-бирине сокку урду
АКШ менен Иран Ормуз кысыгынын аймагындагы аскердик объектилерге абадан сокку урганын билдиришти. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы өткөн дем алыш күндөрү Горук аймагындагы жана Кешм аралындагы ирандык радарларга, дрондорду башкаруу борборлоруна "өзүн коргоо максатында сокку урганын" маалымдады.
Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) жооп иретинде америкалык аскерлер пайдаланган авиабазага сокку урганын билдирди. Бирок, Тегеран кайсы база бутага алынганын так айткан жок.
Вашингтон ишемби жана жекшемби күндөрү жасалган соккулар "Ирандын агрессивдүү аракеттерине", анын ичинде эл аралык суулардын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрүүгө жооп болгонун билдирди.
АКШнын Борбордук командачылыгы америкалык истребителдер Ирандын абадан коргонуу системаларына жана жердеги башкаруу пунктуна сокку урганын кабарлады. Ошондой эле АКШ аймактык суулар аркылуу өтүп жаткан кемелерге "ачык коркунуч жараткан" эки ирандык сокку уруучу дрон жок кылынганын маалымдады.
Вашингтондун маалыматы боюнча, чабуулдарда АКШнын бир дагы аскер кызматкери жабыркаган эмес.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШ Перс булуңундагы Сирри аралындагы байланыш мунарасына кол салуу үчүн колдонгон аба базасына сокку урганын билдирди.
Ирандын аскерлери эгер АКШ жаңы аба соккуларын жасай турган болсо, алардын жообу "такыр башкача болот" деп эскертишти. Бул тууралуу КСИР билдирүүсүн Ирандын Fars маалымат агенттиги жарыялаган.
Өткөн аптада Тегеран АКШнын мурунку аба соккулары үчүн өч алуу максатында Кувейттеги аба базасына кол салган. АКШ соккулар Иран күчтөрүнүн Ормуз кысыгына мина коюусуна жол бербөө үчүн жасалган деп ырастаган.
Буга чейин америкалык маалымат каражаттары АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандан эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишиминин долбооруна "өзгөртүүлөрдү киргизүүнү" талап кылганын жазышкан. Axios басылмасы өз булактарына таянып, Трамп документте Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу конкреттүү жеңилдиктер көрсөтүлүшүн талап кылып жатканын билдирген.
АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу режими апрель айынын башынан бери күчүндө. Дональд Трамп АКШ менен Иран туруктуу келишимге жакындап калганын жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бир нече жолу билдирген, бирок азырынча расмий келишимге жетише элек.
Axios маалыматы боюнча, тараптар меморандумдун көпчүлүк шарттары боюнча макулдашышкан. Алардын катарына Ормуз кысыгы аркылуу бажы төлөмдөрүсүз жана тоскоолдуксуз кемелердин эркин жүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле Ирандын кысыктан 30 күндүн ичинде деңиз миналарын алып салуу милдеттенмеси кирет.
Келишим ошондой эле Тегерандын өзөктүк программасы боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Иранга каршы санкцияларды жеңилдетүү маселесин кароого жол ачышы керек.
Ошол эле учурда бир катар маселелер боюнча талаштар дагы эле сакталып калууда. Вашингтондо келишимдин ишке ашпай калуу коркунучу дагы эле бар экенин моюнга алышууда.
CBS News маалымдагандай, келишимдин соңку вариантында ок атышууну токтотуу режимин дагы 60 күнгө узартуу тууралуу пункт камтылган. Бул тараптар үчүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра улантууга мүмкүнчүлүк берет.