You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Интернет аркылуу ири көлөмдө синтетикалык баңгизат саткан топ кармалды
Интернет дүкөндөрү аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды сатып жүргөн трансулуттук баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
20-майда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Telegram" тиркемесиндеги "SUM shop.kg" деп аталган интернет-нарко дүкөнгө карата "контролдук сатып алуу" ыкмасы колдонулуп, электрондук капчыкка акча каражатын которуу жолу менен "Alpha PVP" деп аталган баңгизат сатып алынган.
Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринен ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды өз жанында алып жүргөн учурда 19, 22, 17 жаштагы Кыргызстандын үч жараны кылмыш үстүнөн кармалган.
Тинтүү учурунда жанынан "Alpha PVP" жана "Мефедрон" синтетикалык баңгизаттар табылган.
Мындан тышкары, алардын биринин жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында жашыруун жайларга катылган өзгөчө ири өлчөмдөгү "Alpha PVP" синтетикалык баңгизаты чыккан.
Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылат.
"Азыр синтетикалык баңгизаттардын жаңы түрлөрү көбөйүп, аларды интернет-мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу жашыруун сатуу ыкмалары кеңири жайылууда. Белгилүү бир акча сунушталып, бул иштерге жаштар көп тартылып жатат. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерди балдарына көбүрөөк көңүл бурууга, алардын убактысын кантип өткөрүп жатканын жана кимдер менен байланышып жүргөнүн көзөмөлдөөгө, ошондой эле баңгизаттын зыяны тууралуу дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат",- деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай мүнөздөгү кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилиги каралган. Күнөөлүү деп табылган адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.
2023-жылы Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен маңзат сыяктуу таасир этүүчү кээ бир күчтүү дары-дармектер катуу көзөмөлгө алынган.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, өспүрүмдөр арасында маңзатка байланыштуу кылмыштар жылдан жылга өсүүдө.
Эгерде 2022-жылы баңги зат жүгүртүүгө аралашкан төрт жашы жете элек бала кармалган болсо, 2023-жылы бул сан тогузга жеткен. Ал эми 2024-жылы он жети өспүрүм кармалган.