You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
БУУнун Коопсуздук кеңеши: Германия шайланбай калды, Кыргызстандын тарыхый жеңиши
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Германия шаршемби күнү Башкы Ассамблеяда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, өз тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланбай калды. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украина менен Израилди жигердүү колдоо өлкөнүн Коопсуздук кеңешинен орун албай калышына себеп болгонун айтып, бул жыйынтыкты "ачуу жеңилиш" деп атады. Ошол эле учурда туруктуу эмес мүчөлөрдүн катарына биринчи жолу Кыргызстан кирди.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Португалия 134, Австрия 131, ал эми Германия 104 добуш алды. Шайлануу үчүн Башкы Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн добуштарынын кеминде үчтөн экисин, тагыраагы, 127 добуш алуу талап кылынган.
"Биз Украинаны чечкиндүү колдойбуз, ал эми Орусия мындай үндүн Коопсуздук кеңешинде угулушун каалабайт", - деди Вадефуль.
Ал ошондой эле Орусиянын Германиянын мүчөлүгүнө каршы өнөктүк жүргүзгөнү "эч кимге сыр эмес" экенин кошумчалады. Орусия бул айыптоолорго жооп берген жок.
"Биз айрым маселелер боюнча ар дайым так позицияны карманып келгенбиз жана мүчө мамлекеттердин баары эле биздин көз карашыбызды бөлүшө бербейт, - деди ал. - Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда Германиянын Израил үчүн ар дайым өзгөчө жоопкерчилик алып келгени да анын добуш жоготуусуна алып келиши мүмкүн эле".
Ал кошумчалагандай, Германиянын жеңилишине өлкөнүн бул күрөшкө өтө кеч киришкени да өз таасирин тийгизген.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши беш туруктуу мүчөдөн (Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана АКШ) жана он туруктуу эмес мүчөдөн турат. Ал БУУнун юридикалык жактан милдеттүү чечимдерди кабыл алууга, мисалы, санкцияларды киргизүүгө жана күч колдонууну жактырууга укуктуу жалгыз органы болуп саналат.
Германия аймактык топтон Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө алты жолу шайланган жана буга чейин Башкы Ассамблеядагы добуш берүүлөрдө бир дагы жолу жеңилген эмес. Добуш берүүнүн алдында Вадефуль БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн алдында өлкөнүн позициясын жеке өзү коргоп, жигердүү өнөктүк жүргүзгөн.
Шайлоодогу бул ийгиликсиздик Германиянын канцлери Фридрих Мерц үчүн олуттуу сокку болду. Сынчылардын айтымында, ал өлкө ичинде кыйын абалда калган болсо, эми эл аралык майданда да ыңгайсыз абалга кептелди. Себеби ал башында өзүн Германиянын эл аралык аренадагы беделин бекемдей ала турган инсан катары көрсөткөн болчу.
Кыргызстандын тарыхый жеңиши
Туруктуу эмес мүчөлөрдүн курамына ошондой эле Кыргызстан, Зимбабве, Тринидад жана Тобаго шайланды. Алардын убактылуу мүчөлүк мөөнөтү 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат жана эки жылга созулат.
Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Азия-Тынч океан чөлкөмүнөн БУУнун Коопсуздук кеңешинен орун алды. Ал добуш берүүнүн төрт айлампасында Филиппинди артта калтырды. Кыргызстанды 142 өлкө колдоп добуш берсе, 49у каршы болгон.
Кыргыз бийлиги бул окуяны "өлкөнүн эң маанилүү жетишкендиктеринин бири" жана "тарыхый жеңиш" деп атады. Өлкө президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине убактылуу мүчө болушу эл аралык коомчулуктун чоң ишенимин айгинелей турганын белгиледи.
"Бул Кыргызстан үчүн жөн гана байкоочу болуп калбастан, таасир этүүнүн кыйла глобалдык деңгээлине чыгууга, жаңы демилгелерди көтөрүүгө жана эл аралык коопсуздук маселелеринде чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Өлкө өзүнүн артыкчылыктуу багыттарын түздөн-түз билдирүүгө, аймактын маселелерин көтөрүүгө жана дүйнөлүк саясатта өз үнүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алат - бул өлкөнүн статусун жана Кыргызстандын дүйнөгө таанылышын байкаларлык түрдө күчөтөт", - деп түшүндүрдү саясат таануучу Наргиза Мураталиева.
Жыйынтыктар жарыялангандан кийин Кыргызстандын делегаттары БУУнун Башкы Ассамблеясынын залында кол чаап, бир нече мүнөт бою башка дипломаттар менен бирге жеңишти майрамдашты.