"Үч жашыруун күбө бар". Зулушев ачык сотту жактай турганын айтты

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон, айыпталуучулардын арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев да бар чуулгандуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев 4-июндагы сотко келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип, соттук жараяндын коомчулук үчүн ачык болушун колдой турганын билдирди.

"Сот ачык өтсө жакшы болмок. Бирок тергөөдө ушинтип чечилиптир. Сот колдогон экен. Ачык сот болуп, коомчулук билгени жакшы да", - деди Зулушев.

"75чилердин катына" байланышкан кылмыш ишине тергөө органдары тарабынан "жашыруун" деген купуялык белгиси коюлгандыктан, соттук отурумдар башынан бери коомчулукка жана жалпы ЖМК өкүлдөрүнө жабык тартипте өткөрүлүп келет. Сотту ачык өткөрүү тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлгөн.

Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кылмыш ишинде үч жашыруун күбөнүн көрсөтмөлөрү бар экени белгилүү болгонун айтты. Ага ылайык, ал тергөө учурунда көрсөтмө берген үч жашыруун күбөнүн сурак протоколдору менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн сотко келтирген.

"Биз кылмыш ишке тиркелбеген үч жашыруун күбөнүн сурак протоколу бар экенин билдик. Алар анкеткалык маалыматтарды гана жашырууга укуктуу, бирок көрсөтмөлөрдүн өзү кылмыш ишине тиркелиши керек болчу. Кылмыш ишинин документтеринде ал жок. Түштөн кийин ошол жашыруун үч сурак протоколу менен таанышабыз. Анан процесс уланат", - деди Айткулов.

Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Камчыбек Ташиевге карата "75тин иши" деп аталган иш боюнча кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталууда.

Аны менен бирге бул иш боюнча дагы жети адам өтүп жатат.

Алар: Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.