You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чакан өлкөлөрдүн үнү болобуз". БУУнун Коопсуздук кеңеши Кыргызстанга эмне берет?
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышууда. 3-июнда өтүүчү шайлоодо Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн бир орун үчүн Кыргызстан Филиппин менен атаандашып жатат.
Бул жарышта түрк тилдүү өлкөлөр жана Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө 57 мамлекеттин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын талапкерлигин колдой турганы белгиленүүдө. Ошондой эле Кытай менен Орусия да Кыргызстанга добуш берери айтылууда.
Ал эми АКШ бул маселеде өзүнүн Тайванга жакын жайгашкан өнөктөшү жана чөлкөмдөгү дымактуу АСЕАН уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Филиппинди колдойт деп күтүлүүдө.
Филиппин тарап Түштүк-Чыгыш Азияда эл аралык деңиз укуктарынын үстөмдүгүн сактоо боюнча аракеттерине басым жасаса, Кыргызстан өз кезегинде парламенттеги аялдардын жогорку өкүлчүлүгүн жана гендердик теңчиликти камсыздоону башкы планга чыгарууда.
БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуунун артыкчылыктары
Коопсуздук кеңеши - Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жооптуу эң башкы органы.
Ал эл аралык тынчтыкка коркунуч келтирген талаш-тартыштарды иликтеп, аларды тынчтык жолу менен жөнгө салуу ыкмаларын сунуштайт. Эл аралык мыйзамдарды одоно бузган мамлекеттерге каршы экономикалык, соода жана дипломатиялык чектөөлөрдү, санкцияларды киргизүүдө Коопсуздук кеңеши БУУнун мүчөлөрүн милдеттендирүүгө укуктуу.
Ошондой эле бул кеңеш зарыл учурларда тынчтык орнотуучу миссияларды жайгаштыруу же мүчө мамлекеттердин аскердик кийлигишүүсүнө уруксат берүү мандатына ээ.
Мындан сырткары, Коопсуздук кеңеши БУУга жаңы мүчө мамлекеттерди кабыл алууну сунуштоодо жана Уюмдун Башкы катчысын дайындоо боюнча добуш берүүдө негизги ролду ойнойт.
Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуу өлкөгө бир нече саясий артыкчылыктарды берет жана улуттук кызыкчылыктарды эл аралык деңгээлде коргоого шарт түзөт:
- Мүчө өлкө глобалдык коопсуздук күн тартибин калыптандырууга, ири чыр-чатактар боюнча чечим кабыл алууга жана резолюциялардын долбоорлорун иштеп чыгууга түз катышат. Ошондой эле аскердик операцияларга уруксат берүү же санкция киргизүү маселелеринде добуш берүү укугуна ээ болот.
- Мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы жогорулап, дипломатиялык бедели бекемделет.
- Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы ай сайын алмашып турат. Мүчө өлкө кеңешти жетектеген маалында өз чөлкөмүндөгү көйгөйлөргө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура алат.
- АКШнын Принстон университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө ылайык, Коопсуздук кеңешине мүчө болгон өлкөлөргө ошол мөөнөт ичинде сырттан келген каржылык жана гуманитардык жардамдардын көлөмү өсөт.
- Дүйнөнүн эң кубаттуу державалары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана туруктуу байланыш түзүүгө теңдешсиз мүмкүнчүлүк ачылат.
Дүйнөлүк саясаттагы геосаясий өзгөрүүлөр
Кыргызстан менен Филиппиндин БУУдагы бул атаандаштыгы дүйнөлүк саясаттагы ири өзгөрүүлөрдү даана чагылдырган көрүнүш катары сыпатталууда. Мурда атаандашсыз өтчү бул шайлоо, бүгүн БУУдагы кызыгууну эң көп арттырган окуялардын бирине айланды. Бул шайлоонун жыйынтыгы Уюмдун келечектеги ишмердүүлүгү кайсы багытта өнүгө турганынан кабар берет.
Чек ара маселелеринин чечилиши жана чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы мамилелердин жакшырышы менен Борбор Азия дүйнөлүк саясатта жөн гана байкоочу эмес, барган сайын жигердүү катышуучу жана маанилүү стратегиялык аренага айланууда.
Борбор Азия эми мурдагыдай "ири державанын арткы короосу" эмес, үч ири саясий күчтүн кызыкчылыктар кагылышкан аянты катары каралууда: аймактагы таасирин жоготкусу келбеген Москва, энергоресурстарды ташуу үчүн деңиз жолдоруна кургактагы жаңы альтернативаларды издеген Бээжин жана аймактагы сейрек кездешүүчү минералдардын кендерин иштетүүгө кызыкдар болгон Вашингтон.
Кыргыз бийлигинин билдирүүлөрү
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Башкы Ассамблеядагы дебат учурунда Кыргызстан жаш, өнүгүп келе жаткан өлкө катары Глобалдык Түштүктүн көйгөйлөрүн терең түшүнөрүн жана алар менен тилектеш экенин билдирди:
"Биз бир гана өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн эмес, дүйнөлүк башкарууда барган сайын маанилүү ролго умтулуп жаткан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, чакан өлкөлөрдүн, тоолуу аймактардын, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн, чакан аралдардын жана жаңы калыптанып жаткан коомдордун үнүн катуураак угузууга көмөктөшүү үчүн келдик. Бүгүн Коопсуздук кеңешине адамзаттын басым бөлүгүнүн күнүмдүк жашоосун жана түйшүктөрүн жакшы билген өлкөлөр керек. Азык-түлүк коопсуздугунун жоктугу, суу тартыштыгы, миграция, очойгон карыздар, климаттын өзгөрүшү эмнени алып келерин, кошуналар ортосунда тынчтыкты орнотууну билген өлкөлөр керек", - деди ал.
Касымалиева Кыргызстан Борбор Азияда чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүдө, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана кошуна мамлекеттер ортосунда өз ара ишенимди орнотууда жигердүү роль ойноп жатканын кошумчалады.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Коопсуздук Кеңешиндеги ачык дебатта сүйлөгөн сөзүндө бул орган "жабык клубга" айланбашы керектигин баса белгиледи.
"Биз эл аралык укукка жана БУУнун Уставына болгон урматтоону бекемдешибиз керек. Бардык мүчө мамлекеттер бирдей эрежелерди сактоого тийиш. Тандалма мамиле эл аралык системанын ишенимдүүлүгүн алсыратат", - деди Кулубаев.
Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгү мамлекеттердин көлөмүнө жана таасирине карабастан тең укуктуулук, инклюзивдүүлүк жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделиши шарт. ТИМ башчысы Кеңештин күчү анын ар түрдүүлүгүндө жана чоң-кичинесине карабай бардык мамлекеттердин үнүн уга билүү жөндөмүндө экенин айтты.
Кулубаев мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, теңдигин, өз ара урматтоону жана ички иштерге кийлигишпөөнү караган БУУнун борбордук координациялык ролун чыңдоону колдоорун билдирди. Ошондой эле Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү аркылуу БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону сунуштады.
Министр эгер эл аралык коомчулук ишеним көрсөтсө, Кыргызстан мамлекеттердин ортосунда көпүрө болууга, эл аралык укукка жана БУУнун уставына берилген ишенимдүү өнөктөш катары иш алып барууга даяр экенин убада кылды.
Мындан эки апта мурун президент Садыр Жапаров да дүйнө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуу жасап, Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырган:
"Биздин өлкө башка алтымыш мамлекет менен бир катарда Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес, ал эми биздин атаандашыбыз - Филиппин - буга чейин кеңештин курамына төрт жолу шайланган. Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайланууга тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болот", - деди президент.
Ал ошондой эле дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөгөнүн, эл аралык укуктун универсалдуулугу алсыраганын, чыр-чатактардын келип чыгуу коркунучу күндөн күнгө өсүп жатканын белгиледи.
"Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда. Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак".
Добуш берүү жараяны
Коопсуздук кеңеши жалпысынан 15 мамлекеттен турат. Алардын бешөө - АКШ, Орусия, Кытай, Франция жана Улуу Британия - туруктуу мүчөлөр жана вето укугуна ээ. Калган 10 мамлекет туруктуу эмес мүчө катары эки жылдык мөөнөткө шайланат.
Кеңештин туруктуу эмес мүчөлөрүн БУУнун Башкы Ассамблеясы жашыруун добуш берүү аркылуу тандайт. Жеңишке жетиш үчүн талапкер өлкө добуш берүүгө катышкан мамлекеттердин үчтөн экисинин колдоосуна ээ болушу керек - бул адатта 120дан 129га чейинки добушту талап кылат.
Кыргызстан - ушул күнгө чейин бул Кеңешке эч качан мүчө болбогон 59 өлкөнүн бири.
Расмий Бишкек БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө 2011-жылы ат салышып, Пакистанга утулуп калган. Ал эми Филиппин бул кеңешке төрт жолу мүчө болгон, акыркы жолу 2004–2005-жылдары шайланган.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн азырынча Казакстан гана 2017–2018-жылдары Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары кирүүгө жетишкен.
3-июндагы шайлоодо жеңип чыккан мамлекет өз милдетин 2027-жылдын 1-январынан тарта аткарууга киришет.