You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кой-Таш" иши: Фарид Ниязов ырайым менен бошоду, Ирина Карамушкина күтүп жатат
Кыргызстанда чуулгандуу "Кой-Таш" иши боюнча соттолгон саясатчылардын бири, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан бошотулса, ушул эле иш боюнча соттолгон экс-депутат Ирина Карамушкина да ырайым күтүүдө.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго президент Садыр Жапаров ырайым берип, абактан бошотулуп жатканы 31-майда белгилүү болду.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Ниязов ырайым сурап апрель айында кайрылган:
"Ушул жылы 20-апрелде Фарид Аблезимович ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен президенттин атына кайрылган. Ал өтүнүчүндө ден соолугунун абалын айтып, абалы оор экенин көрсөткөн. Тагыраагы, дагы өтөөгө калган мөөнөттөн бошотуңуз деп кайрылган".
68 жаштагы Фарид Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси, кеңешчиси болуп иштеген.
Ал Кой-Таш окуяларында - 2019-жылдын 8-августунда кармалган.
2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда Ниязов башка саясатчылар сыяктуу эле эркиндикке чыккан, бирок 9-октябрда кайра кармалган. 2025-жылдын 3-июнунда Биринчи май райондук соту Ниязовду 7 жыл 8 айга эркинен ажыратууга өкүм кылган.
Карамушкина өтүнүчүнө жооп күтүүдө
"Кой-Таш" иши боюнча соттолгон мурдагы депутат Ирина Карамушкина да ырайым күтүп жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Айбек Турдуев билдирди.
"Күтүп жатабыз. Фарид Ниязов чыкты, эми бизге деле ырайым болот го деп ойлоп жатам. Үмүттөнүп отурабыз. Ноябрдын ортолорунда апасы ырайымга жазган. Бирок кийин өзүңүз да жазыңыз дешкен. Ошондо ал декабрда жазган. Бардык документтер оң корутунду менен Ырайым берүү боюнча комиссияга жиберилген. Эми комиссия чечиши керек. Анан ал президентке берет. Бүгүн да Ырайым берүү боюнча комиссияга байланышып, биздин иш кайсы баскычта экенин сурап көрөм го. Биз ырайымды мартта күткөнбүз, туулган күнүндө күткөнбүз, май майрамдарында да күттүк".
Ирина Карамушкина 62 жашта, Жогорку Кеңештин үч жолу чакырылышынын депутаты болгон.
Былтыр 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кой-Таш" иши боюнча жалпы 20дай кишиге чечим чыгарган. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сыртынан 11 жыл 6 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга соттолгон. Экс-депутат Ирина Карамушкинага сегиз жыл берилген. Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга өкүм кылынган.
Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Атамбаев 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.
Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.