Ишкердин талкуу жараткан билдирүүсү, президенттик аппараттын жообу. Эксперттер эмне дейт?

a collage of Orunbekov and Kenjebaev with the Kyrgyz White House behind them

Сүрөттүн булагы, collage

    • Author, Элеанора Куленбекова, Заирбек Бактыбаев
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Кыргызстандык ишкер Сыргак Кенжебаевдин чет өлкөдө туруп бийликке байланыштуу айткан сын-пикирлерине Президенттик администрация жооп кайтарды. Кенжебаев акыркы күндөрү жарыялаган видеолорунда президент Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровдун мамлекеттик иштерге, анын ичинде бажы тармагындагы иштерге кийлигишери тууралуу билдирүүлөрдү жасаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул айыптоолорду калп деп, Кенжебаевдин өзүнө байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча кылмыш иштери болгонун эске салды.

"Ынтымак-Ордо" ишкер Сыргак Кенжебаевдин бийликке байланыштуу билдирүүлөрүнө 10-августта жооп кайтарды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбековдун видео аркылуу жасаган билдирүүсүндө Кенжебаевди "алдамчылык" менен жүргөн адам деп сыпаттады:

"Сөз болуп жаткан Сыргак Кенжебаев тууралуу интернеттен маалыматтарды издеп көрдүм. Сиздер да издеп көрсөңүздөр болот. 2019-жылы бир инвесторду алдап, 350 миң долларын алып коюп, кылмыш иши козголгон далилдер жүрөт. Негизи эле жүрүм-туруму, өзүнүн жашоосу бүт эле алдамчылык, "мошенничество" менен алектенген адам экен. Алдамчылык менен жүргөн, туура эмес жолдо жүргөн адам калптарды айтып жатат. Сиз менен бизди ишендиргенге аракет кылып жатат".

Кенжебаев эмнелерди айтты?

Сыргак Кенжебаев

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыргак Кенжебаев

Сыргак Кенжебаев өз видеолорунда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаров менен 1,5 жыл чогуу иштегенин айтып, Сабыр Жапаровдун жеке кеңсеси тууралуу сөз кылат. Кенжебаевдин айтымында, ал кеңседе жогорку кызматтагы адамдар менен жолугушуулар өтүп, мамлекеттик жумуштарга кийгилишет.

"Офис деген түшүнүк барбы бизде? Бар. Офисти ким тейлейт? Президенттин улуу агасы Сабыр Жапаров тейлейт. Кыңыр офисте мамлекеттик иштерге кийлигишпеш керек", - деген Сыргак Кенжебаев видеолорунун биринде.

Ошондой эле ал коомдук-саясий абал, мамлекеттин саясатына байланышкан билдирүүлөрдү жасап жатат.

"Сабыр Жапаров офис уюштуруп алган. Ал жерде Сабыр Жапаров жалгыз эле эмес, Жапаровдордун бир туугандары, дегеле үй-бүлөсү ошол жерге кирип алып, каалаган чоңду чакырып, каалаган чоңду кетирип, ошол жерден Кыргызстандын көп саясий маселеси чечилет. Андан кийин ал кеңседе толугу менен, бул маалыматты мен жалгыз эле билбейм, муну мен логист деп бажынын ичинде жүргөндүн баары, жүк ташууда иштегендин баары, Дордойдун баары, "самопошивде" жүргөндүн баары билет. Кыргызстанда бажыны Сабыр Жапаров, анын уулу Азат Жапаров башкарат. Эмне, мыйзам жол береби ушундайга? Бербейт. Бирок президенттин администрациясы дагы, Экономика министрлиги дагы, Бажы кызматынын өзү дагы муну чече албайт".

"Сыргак Кенжебаевдин айткандары калп жана ушак"

Дайырбек Орунбеков

Сүрөттүн булагы, SNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дайырбек Орунбеков

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кенжебаевдин билдирүүлөрү караманча-калп экенин билдирип, бажынын ишмердиги, жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу көрсөтүп, айыптоолорду четке какты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Жакшы билесиздер, бажы тармагы 2020-жылга чейин эң коррупцияга баткан, уурдап жатат десе, эл ишене турган тармак болгон. Ошол себептен бул модага айланып калган. Президентти каралагысы келгендер анын агасы бажыдан уурдап жатыптыр деп, жоопкерчиликсиз, эч кандай фактыга таянбаган ушагын кээ бирөөлөр талкуулап, ушундай болушу мүмкүнбү деген шек саноого түртүп койду. 2020-жылга чейин бажынын кирешеси 20 миллиарддын тегерегинде эле болчу. 2021-жылы 46,9 миллиард сомго, 2022-жылы 74,3 миллиардга сомго жетти. 2023-жылы 111,5 миллиард, 2024-жылы 123,1 миллиард, 2025-жылы 157,4 миллиард сом киреше түшкөн", - деди Дайырбек Орунбеков.

Анын айтымында, Кенжебаевдин Сабыр Жапаров менен чогуу жүргөн учурлары тартылган видео жана сүрөттөрү чагымчылдык менен алдын ала даярдалган.

"Сыргак Кенжебаев менен Садыр Жапаровдун чогуу видеосу, сүрөттөрү каяктан чыгып калды деген суроо болуп калышы мүмкүн. Мен да кызыгып, телефон чалып, Сабыр агадан сурады. Кантип видеодо чогуу жүрөсүздөр, мурда кийин тааныш белеңиздер десем, бир агротармагында идеяларын айтып, Европадан инвесторлорду алып келейин деп жаттым эле деп, жакшы сунуштарды айтып келген жана чакырган дейт. Чакырып, офисине барганбыз дейт. Сүрөттөрдү карасаңыз, Сыргак Кенжебаев төрдө олтурат, Сабыр Жапаров столдун берки төмөн жагында олтурат. Ошондо тартып алыптыр. Экинчиси ошол агротармактагы долбоорлорун айтып, машинеде чогуу олтурдук эле дейт. Адам менен адам жолугат, адам менен адам бир машинеге түшөт. Адамдын ою таза эмес экенин түшүнсөңүздөр болот. Сабыр Жапаров уктап жатса, бул акырын видеого тартып жатат", - деди Дайырбек Орунбеков.

Эксперттер эмне дейт?

Венера Акматова

Сүрөттүн булагы, COURTESY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венера Акматова

Сыргак Кенжебаев өз билдирүүлөрүндө кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес. Анткен менен анын видеолору социалдык тармактарда талкууларды жаратты.

Эксперт Венера Акматова буларды билдирди:

"Теңиз Бөлтүрүктүн жазгандарын окуп жатам, интервьюсун да угуп чыктым, Сыргак Кенжебаевди дагы угуп жатабыз. Биз критикалык ой жүгүртүп, бир тараптуу кабыл албастан, сынчыл, акыл эстүү, күмөн саноо менен кабыл алышыбыз керек. Бирок ошол эле учурда алардын айткандарын да негизсиз деп, бир тараптуу жокко чыгарганга да биздин акыбыз жок", - дейт эксперт Венера Акматова.

Теңиз Бөлтүрүк демекчи, ал дагы акыркы кезде "Кумтөргө" байланыштуу бийликти сындаган жана кенди мамлекетке алуудагы өзүнүн ролун белгилеген билдирүүлөрдү жасап жатат. Бир кезде "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучусу болгон Теңиз Бөлтүрүк камалып чыккандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен жана учурда чет мамлекетте жашайт.

Саясат талдоочу Эмил Жураев Сыргак Кенжебаев маалыматты далидер менен коштоп, окуяларды ирети менен айтса, балким салмагы болот беле деген пикирде. Ошол эле маалда эксперт бийлик дагы жөндүү маалыматтык саясат жүргүзбөй жатканын белгиледи.

"Мүмкүн өз оюнда "бомба", өз оюнда "компромат" деген сыяктуу маалыматтар чаржайыт, түшүнүксүз эле болуп калды. Жалпысынан ар кандай, мыйзамдан сырткары ыкмалар колдонулуп жатат деген маселелерге, коюлган жүйөлөргө, менимче, бийлик тарабынан жөндүү, негиздүү жооп берилсе жакшы болмок. Жалпысынан эле экономикалык, башкаруу чөйрөлөрүндөгү маалымат өтө кыска, аз өлчөмдө берилип келет. Ошол эле Дайырбек Орунбеков көрсөткөн маалыматта Сыргак Кенжебаев айткан ар бир сөзгө, дооматка толук кандуу маалымат берилсе жакшы болмок".

Орунбеков Сыргак Кенжебаевге жооп кайтарууда аны "баскан-турганы туура эмес" адам катары сыпаттады. Активист Айбек Теңизбай бийлик тарабынан сын – пикирлерге жооп берүүдө адамды каралабай, факт менен маалымат берсе, таасирдүүрөк болмок деген ойдо.

"Маалыматтык саясатка жооп бере турган аламдардын, расмий бийлик өкүлдөрүнүн, тийиштүү мамлекеттик мекемелердин сындарга карата жооптору өтө натыйжасыз болуп жатканын байкап жатабыз. Жекеге өткөн билдирүүлөр, жооптор элди канааттандырбай жатат. Ошондон улам так далилдерге, факттарга, аргументтерге, статистикаларга таянып, ачык-айкын жооп берсе, элге дагы сиңимдүү болмок деген пикирдемин".

"Сыргак Кенжебаев камалып чыккан"

Адилет Айтикеев (солдо) жана Дайырбек Орунбеков (оңдо)

Сүрөттүн булагы, SNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адилет Айтикеев (солдо) жана Дайырбек Орунбеков (оңдо)

Соңку кезде бийликчил риторика менен белгилүү, АКШда жашаган кыргызстандык активист жана журналист Адилет Айтикеев да Сыргак Кенжебаев жөнүндө Фейсбук баракчасында пикирин билдирди. Анда Айтикеев Кенжебаевге былтыр да кылмыш иши козголгон деген маалыматтарды чыгарды. Ал Кенжебаев ушул кылмыш ишине байланыштуу бийликке өчөшүп калган деп эсептейт.

"Кечээ мен президентти жана анын жакындарын айыптап жаткан Сыргак Кенжебаев жөнүндө кайрылуу кылгам. Анан мага кошумча маалыматтар келди. Сыргак Кенжебаевдин максаты эмне болгон, эмне максатты көздөгөн? Эмне үчүн президентти сындап, каралап чыгып жатат? Анын бир канча себептери бар экен. Сыргак Кенжебаев президенттин агасы менен жакын болуп жүргөн кезде бир канча адамдардан, инвесторлордон, бизнесмендерден акча алып, аларды сызга отургузат".

Би-Би-Си Сыргак Кенжебаевге козголгон кылмыш иши барбы деп Ички иштер министрлигине кайрылды. Азырынча министрлик бул суроого жооп бере элек.

Садыр Жапаров: Туугандарымдын эч кимиси мамлекеттик иштерге аралашпайт

Сыргак Кенжебаевдин айткандары тууралуу президенттин агасы Сабыр Жапаров комментарий бере элек. Буга чейин президент Садыр Жапаров жакындарын мамлекеттик иштерге аралаштырбай турганын бир канча жолу айткан. Бул тууралуу быйыл апрелде "Кактус медиа" сайтына берген маегинде да билдирген.

"Менин балдарым эле эмес, жалпы үй-бүлөмдүн жана туугандарымдын эч кимиси мамлекеттик иштерге аралашпайт. Башынан эле жакындарыма жана туугандарыма: "Мурунку президенттердин катасын кайталабайлы" деп катуу эскерткем. Алар мамлекетке жана саясатка тиешеси жок иштер менен алектенишет. Алардын арасында Кыргызстанга инвестор тарткандар да бар. Ал эми кичүү уулум тууралуу айта турган болсом, саясий процесстердин чордонунда жүрүп, мамлекеттик кызматта иштеп жатып, кээде балдарыма жетиштүү көңүл буруп жатамбы деп ойлонуп калам. Айрыкча кичүү уулумдун жанында сейрек болом. Ошондуктан Нурдөөлөт кээде мени коштоп жүрөт. Ал англис тилин жакшы билгендиктен, котормочулук да кылат. Бирок ал мамлекетке байланышкан эч кандай иштерге аралашпайт жана мамлекеттик мекемелер менен бизнес жүргүзбөйт" -деген президент агасы Сабыр Жапаровдун "Кумтөрдүн" ишине аралашат деген сөздөрдү да четке каккан.

Сыргак Кенжебаев ким?

Сыргак Кенжебаев

Сүрөттүн булагы, SNS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыргак Кенжебаев

Чуулгандуу видеолорун чыгарып жаткан 44 жаштагы Сыргак Кенжебаев органикалык азык-түлүк жаатында ишкер экени белгилүү. Кезинде "Юнилаб", "Сапфир" сыяктуу компанияларды негиздегени айтылат. Ачык булактарда ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени тууралуу маалыматтар кездешет.

2021-жылы "Азаттык" партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган, бирок өткөн эмес. Экс-депутат Ширин Айтматованын мурунку жолдошу экени да маалым. 2019-жылы декабрда алдамчылыкка байланыштуу камалган. Ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып укук коргоо оргнадарына кайрылган. Бул Ширин Айтматова оппозициялык "Үмүт 2020" кыймылын негиздеп, Райымбек Матраимовдун бажы кызматындагы коррупциялык иштери жана таасири тууралуу курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү чабал жүрүп жатат деп, сындаган учурга туш келген. Ал кезде айрымдар Сыргак Кенжебаевдин камалышын Ширин Айтматовага басым көрсөтүү катары сыпатташкан.