"Оттун оозунан кайтарып алдык". Бийлик Орусиядагы түрмөдөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн жигитти кайтарып келди

a collage

Сүрөттүн булагы, COLLAGE

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргыз бийлиги Орусиянын түрмөсүнөн түз эле Украинадагы согушка жөнөтүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургунун орто жолдон Кыргызстанга кайтарып алууга жетишти. Каармандын өтүнүчүнөн улам анын атын атабайбыз.

Аксы районунун тургуну майда кылмыш үчүн Смоленск шаарындагы абакка алты айга кесилген. Анын айтымында, эркиндикке чыгар алдында ур-токмокко алып, абактан түз эле согушка алып жөнөшкөн.

"Орусиянын түрмөсүнө түшүп калгам. Абактан чыгаарда мени уруп-сабап, согушка алып кетишти. Төрт бала мени машинеге салып, бир сутканын ичине Луганскиге жеткиришти. Жолдон мени алып кетип жаткан аскер адамдары уктап жатканда жанымдагы бир тажик баланын телефонун сурап, Москвадагы туугандарыма чалдым. "Тез элчиликке чалгыла, мени зордоп эле согушка алып кетип жатат, бүгүн түндө кабар бергиле" дедим. Рахмат айтам. Анткени, элчиликтин адамдары менин артымдан кууп келишти. Анан мен тиги аскерлерге: "Мени алып кетпегиле, менин артыман келатышат десем, тигилер менин колу-бутумду байлап, элчиликтин адамдары дарбазанын алдында күтүп турганда, жабык машиненин ичине салып, алып чыгып кетишип, Луганскиге жеткиришти", - деди ал.

Кыргызстандыкты Луганскиде даярдыктан өткөрө баштаган. Бирок ал ошол учурда да кыргыз бийлиги кайтарып аларына ишенгенин айтат.

"Мен түрмөдөн барбадымбы ал жакка. Ошол түрмө ал жакта бейиш болуп калат. Жашоо өтө оор. Аны сөз менен жеткириш кыйын. 25 чарчы метрде 30га жакын адам жашайт. Жуунганга шарт жок", — деди ал.

Депутаттын кайрылуусу

Үч ай мурун депутат Айсара Абдибаева Жогорку Кеңештин жыйынында ушул окуя тууралуу айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Ал өз сөзүндө кыргызстандык жаран согушка катышууга каршы болгонуна карабай, кыйноо жана басым алдында алып кетишкенин белгилеген.

"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровго кайрылам, ушул биздин жараныбызды согушка катышууга каршы экендигине байланыштуу Кыргызстанга кайтарып беришсе", - деген эл өкүлү эки өлкөнүн тиешелүү органдарына атайын арыз менен бир нече ирет кайрылган.

Абдибаева бул ишти эки өлкөнүн мамилесине доо кетирбөө үчүн дыкат жүргүзүү зарыл болгонун айтты.

"Биз, тиешелүү органдар, мен - депутат, элчилер, күч органдары, коргоо министри дагы мыйзамдуулукту сактап, камсыз кылып берсек дедим. Биз стратегиялык жактан эң чоң өнөктөш болгон Орусия менен аябай тыгыз байланыштабыз, иш алып барабыз. Ошол эл аралык мамилелерди бузуп албайлы, көлөкө түшүрбөйлү деген ойду дагы ачык жаздым", - деди депутат.

Анын айтымында, бул маселе боюнча президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына да маалымат берилген. Тышкы иштер министрлиги Орусияга эки жолу нота жөнөткөн.

kyrgyz MP Aisara Abdibaeva
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсара Абдибаева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айсара Абдибаева эл аралык деңгээлде мындай маселени чечүү оңой болбогонун белгиледи.

"Элчи Кубанычбек Кеңешович Бөкөнтаев менен сүйлөшүп жатып айттым: "Мен депутат катары жардам бере албасам, элчи жардам бере албаса, мамлекетте эң күчтүү орган болгон коргоо министри жардам бере албаса, анда биздин эмне керегибиз бар дедим. "Туура айтасыз, ар тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп, алар да аябай аракет кылышты", - деди Абдибаева.

Анын белгилешинче, кийин Кыргызстандын президентинин аппараты менен Орусия президентинин аппаратынын ортосунда да сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Андан кийин орус президентинин аппаратынын адамдарынан кат келди. Ошол арыздын негизинде кыргызстандыктын контракты токтотулду деп. Орус аскер прокуратурасы тарабынан тиешелүү адамдардын үстүнөн иш козголду деп маалымат келди. Сүйүнүчтүү кабар келип, кубандык", - деди ал.

Абдибаева кыргызстандык жаранды "оттун оозунан кайтарып алдык" деп эсептейт.

"Бала келди. Мындайча айтканда, оттун оозунан кайтарып алдык. Бул эми биздин өлкөдө канчанчы жолу экенин билбейм, бирок биз мыйзам чегинде иш алып бардык. Кайрылууларды кайра-кайра тиешелүү органдарга жиберип жаттык. Ар бир мамлекеттин өзүнүн ички мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу менен жакшы жыйынтыктарды берет деп ойлойм", - деди депутат.

"Мен чексиз ыраазымын"

an elderly man sitting on a bench
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бердалы Мырзаев, атасы

Согушка жетпей Кыргызстанга кайтып келген жарандын атасы Бердалы Мырзаев уулунун мекенине кайтып келишине көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдирип, көзүнө жаш алды.

"Менин аялым өзү толук эле болчу, бир айда кичинекей аял болуп калды. Эненики атаныкынан да күчтүү экен. Аэропортто баламды тосуп алганда ыйлап күтүп турган. Балам тааныбай өтүп кетейин деди апасын. Апасы ыйлаганда анан тапты. Корктум. Эч убакта ал жакка киргенден кийин кайтпайт экен", - деди ал.

"Мен чексиз ыраазымын. Айсарага, президентибизге, Кулубаевге", - деп кошумчалады ал.

Согушка жөнөтүлүп, бирок Украинадагы согушка жетпей Кыргызстанга кайтарылган жаран учурда балдары жана үй-бүлөсү менен туулган жери Аксыда жашоосун улантууда.

Украинадагы согушка канча кыргызстандык барган?

Орус бийлиги абактагылар же мигранттар согушка барууга мажбурланганы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Орусиянын Украинадагы согушу төрт жарым жылга чукулдады. Миңдеген борбор азиялык мигранттар, анын ичинде жүздөгөн кыргызстандыктар бул кандуу уруштун курмандыгы болууда. Алардын айрымдары абактан кысым астында согушка айдалса, башкалары орус паспорту же убада кылынган чоң акча үчүн кан майданга аттанышат.

Украинада согуш башталганы Кыргызстан бейтарап позицияда экенин кайталап келет. Ошондой эле кыргыз бийлиги өз жарандарын согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга барып, тигил же бул тараптын катарында болуудан карманууга чакырат.

Кыргыз бийлиги буга чейин согушка тартылган кыргызстандыктардын саны боюнча маалымат бере элек.

Орус армиясынын катарында согушуп, каза тапкан кыргызстандыктардын саны азырынча так эмес. Би-Би-Си орус кызматы жеке булактары аркылуу 89 кыргызстандыктын өлүмүн аныктай алса, Украинанын "Хочу жить" долбоору урушта каза тапкандардын кеминде 143ү кыргыз тектүү экенин айтууда.