"Мопеддердин" доору бүтүп баратат – Орусия "шахеддерди" өзгөртүүдө

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Би-Би-Синин Украин кызматы, Киев
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
"Шахед-136" (орусча версиясы – "Герань-2") дрондорун 2022-жылдын күз мезгилинен бери орус армиясы Украинанын оругуна абадан жапырт сокку уруу үчүн негизги каражат катары колдонуп келген. Эми бул дрондордун доору бүтүп баратат – алардын ордуна реактивдүү аналогдору колдонулмакчы. Украинанын абадан коргонуу системасына мындай дрондорду атып түшүрүү оңой болбойт. Бул куралдын жардамы менен Орусия Кара деңиздеги украиналык портторду бөгөттөй алды.
5-августка караган түнү Киевди аткылоо маалында учурулган дрондордун жарымынан көбүн реактивдүү дрондор түзгөнүн Украинанын Аба күчтөрү билдирди. Ошол түнү орусиялыктар 115 дронду учурган, алардын дээрлик 85% атып түшүрүлгөн.
Кийинки күнү орусиялыктар 101 "шахедди" учурду, бул жолу да алардын жарымынан көбүн реактивдүү дрондор түзүп, бирок бул жолу 65 пайызы гана атып түшүрүлдү.
Орусия "шахеддердин" жаңы түрлөрүн 2025-2026-жылдары түзүлгөн тенденцияны токтотуу үчүн чыгара баштады – эки жылдан бери Украина душман учурган дронордун 90-95 пайызын атып түшүрүүдө.
Украина акыркы жылдары зениттик кармап калуучу дрондордун индустриясын тездик менен өнүктүрүүдө.

Сүрөттүн булагы, MOD Russia
Украина саатына 150-200 км ылдамдыкта учкан, аз кубаттуулуктагы, кыймылдаткычы бензин менен иштеген кадыресе "шахеддерди" ("Герань-2") бир заматта кууп жетип талкалаган дрондорду чыгара баштаган.
"Шахеддер" өтө бийик уча албайт (2 км чейин), ылдамдыгы салыштырмалуу аз, ошондой эле "Старлинкке" жеткиликтүүлүктүн жоктугунан улам онлайн башкаруу мүмкүнчүлүгү жок, мындан тышкары меш-системалардагы көйгөйлөр көп – мунун баары "шахеддердин" доорунун бүтүшүнө себепчи болду.
Моторунун үнүнөн улам "мопед" деп аталып калган бул дрондордун ордуна Орусия башкасын ойлоп тапты.
Жаңы реактивдүү коркунуч
Реактивдүү учкучсуз учак – бул кадимки ички күйүүчү кыймылдаткычтын ордуна чакан турбореактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган аппарат. Бул дронго 2-2,5 эсе ылдам учууга мүмкүндүк берет, демек, абадан коргонуу чектеринен тоскоолдуксуз өтүп кете алат.
Иш жүзүндө бул эрзац-канаттуу ракеталар, бирок алда канча арзан, көлөмү да кичинекей жана кубаттуулугу алда канча төмөн.
Бул согуштун жүрүшүндө дал ушул Украина биринчилерден болуп "ракета-дрон" деген аталыштагы мындай реактивдүү учкучсуз учактарды колдоно баштаган. Бул жерде "Пекло", "Барс" жана "Рута" жөнүндө айтууга болот.
Бирок Орусия аларды жапырт түрдө колдонсо болорун түшүнүп, алардын дараметин биринчилерден болуп көрө алды. Украинанын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Орусия айына 500гө жакын мындай реактивдүү дрондорду серия түрүндө өндүрө баштады жана алардын үлүшүн "шахеддердин" жалпы санынан 50 пайызына чейин жеткирүүнү пландаштырууда.

Сүрөттүн булагы, Dmitry Bryzhinsky
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкийдин айтымында, Орусиянын 2026-жылга коргонуу үчүн заказы 100 миңге жакын "шахед" үлгүсүндөгү дронду, алардын аналогдорун жана имитатор-дрондорду камтыйт.
2025-жылдын ичинде жана 2026-жылдын башында реактивдүү "шахеддерди" колдонуу учурлары жапырт жана туруктуу мүнөздө болбосо, ушул жылдын экинчи жарымынан баштап алардын саны өсө баштады, ал эми дрондор дээрлик күн сайын учурулуп жатат.
Аба күчтөрүнүн отчетунда көрсөтүлгөндөй, 5-6-августтагы аткылоо маалында Орусия 50дөн ашуун реактивдүү "шахедди", ал эми 24-июлдагы чабуулда 30га жакын "шахедди" учурган.
Украинанын Darknode дронго каршы батальонунун командиринин орун басары Би-Би-Синин Украин кызматына аскерлер орусиялык реактивдүү дрондордун үлүшү көбөйгөнүн байкап жатканын билдирди.
"Реактивдүү сокку уруучу дрондордун үлүшү өсүүдө: биздин байкоолор боюнча, ал 25 пайыздан 50 пайызга чейин болушу мүмкүн", - деди ал.
"Шахеддер" ар кайсы объектти бутага алып жатат. Жерде тепловоздорго, деңизде дан ташуучу танкерлерге чабуулдар көбөйдү. Ошондой эле электр көмөкчордондоруна, кампаларга, ангарларга кол салышууда. Реактивдүү "шахеддердин" соккусуна өндүрүш ишканалары, инфраструктуралык объектилер, электр жана энергия өндүрүү объекттери, авиациялык базалар да кабылды.
Реактивдүү "шахеддердин" түрлөрү
Украинага сокку уруу үчүн орус армиясы "шахеддердин" үлгүсүнө кирген реактивдүү дрондордун бардык түрлөрүн колдонууда.
"Герань-3" планеринин формасы боюнча классикалык "Шахед-136га" ("Герань-2") окшош.
Бул узундугу 3,5 м жана туурасы 3 м болгон куйрук бөлүгү болбогон, үч бурчтуу учуучу канат формасындагы дрон. Украинанын Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Орусия Кытайда чыккан Telefly JT80 кыймылдаткычтарын колдонуп жатат, алар эркин сатылат жана бир даанасы 24-30 миң долларга чейин жетет.
Бул кыймылдаткыч "Герани-3түн" ылдамдыгын саатына 300-350 км чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Бул учкучсуз учактын андан да кубаттуу модификациясы – "Герань-4".
Украинанын Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Орусия бул дронду ушул жылдын май айында гана аскердик максатта колдоно баштады.

Сүрөттүн булагы, HUR of MOD Ukraine
"Герань-4" кадимки "Шахеддей" эле үч бурчтуу формага ээ жана көлөмү да ошондой, бирок корпустун конструкциясы жана аэродинамикасы жакшыртылган. Бул кыйла кубаттуу реактивдүү кыймылдаткычтын колдонулушу менен байланыштуу болуп жатат (ГУРдун маалыматы боюнча, кеп кытайлык Telefly LX-WP-160 же TF-TJ2000A жөнүндө болуп жатат), ал дронду саатына дээрлик 500 км чейин ылдамдатат.
"Шахеддерден" чыккан реактивдүү учкучсуз учактардын акыркы модификациясы, тактап айтканда, "Герань-5" өзүнүн тектештеринен кескин айырмаланат. Ал ирандык Karrar дронунун негизинде жасалып, кадимки канаттуу ракетага окшош.
"Герань-5" учактан түшүрүлүп, саатына 600 км ылдамдыкты багындыра алат.
Бул реактивдүү дрондун узундугу 6 метр, туурасы 5,5 метр. Аскердик бөлүгү 90 килого чейин жетет.
Бул версия Украинага сокку урууда азырынча сейрек колдонулуп келет. Орусиялыктар "Герань-3" жана "Герань-4" реактивдүү дрондоруна артыкчылык беришүүдө.

Сүрөттүн булагы, HUR of MOD Ukraine
Бул "сикер" (англис тилинен "seeker" издөөчү деп которулат) модификациясындагы дрондор эң көп зыян келтирет. Мындай "герандарда" буталарды автоматтык түрдө таанып, кармап калуу функциясы бар. Орусиялык ресурстар акыркы апталарда Украинанын жээктерине жакын Кара деңиздеги кемелерге сокку уруу үчүн бул дрондор жигердүү колдонулуп жатканын көрсөтүүдө.
Украина президентинин кеңешчиси Сергей Бескрестновдун айтымында, мындай "герандарда" ар кандай режимде иштеген бир нече камера, ошондой эле меш-модем орнотулган, анын жардамы менен учкуч радио байланыш аркылуу дронду онлайн башкара алат.

Сүрөттүн булагы, HUR of MOD Ukraine
Ылдамдыгы жогору болгондуктан реактивдүү "Герань" Украинанын абадан коргонуу системаларын оңой буйтап өтөт, ал эми кемеге, локомотивге же автоунаага жакындаганда бутаны аныктап, кармайт, оператор тастыктама бергенде, андан ары дрон автоматтык түрдө бутага кол салат.
Июндун аягынан бери Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык буталарга сокку уруу үчүн "Сикер" системасы менен реактивдүү "герань" колдонулган 40ка жакын видеону жарыялады. Кемелерден тышкары учактар, учкучсуз катерлер, дүкөндөр, кампалар, локомотивдер, май куюучу жайлар, жүк ташуучу унаалар, электр чордондору чабуулда калды.
Кемчиликтери барбы?
Darknode батальонунун командиринин орун басары тез, байкалбаган, жогорку тактыктагы реактивдүү дрондорду "башкарылуучу канаттуу ракеталар" деп атады.
Бирок бул куралдын да бир катар кемчиликтери бар.
"Биринчиси – аралык: "шахеддин" реактивдүү кыймылдаткычынын ылдамдыгы канчалык жогору болсо, күйүүчү майды да ошончолук көп сарптайт. Ал эми күйүүчү май канчалык көп сарпталса, дрон ошончолук аз зарядды көтөрө алат же кыскараак аралыкка жете алат", - деп түшүндүрдү аскер кызматкери.
Экинчи кемчилиги – маневрдүүлүк: жогорку ылдамдыкта реактивдүү дрон физикалык жактан тик маневрларды аткара албайт.
Украина реактивдүү дрондорго кантип каршы турууда?
Реактивдүү "шахеддерге" каршы Украина Vampire сыяктуу зениттик ракеталык комплекстерди, истребителдерди, көчмө аткыч топторду, ошондой эле кармап калуучу дрондорду колдонуп жатат.
Бирок, кармап калуучу дрондор кадимки "шахеддерге" каршы туруу үчүн жасалган жана алардын максималдуу учуу ылдамдыгы саатына 250-300 километрге чейин жетет.
Ал эми реактивдүү учкучсуз учуучу аппараттар саатына 500, ал тургай 600 километрге чейинки ылдамдыкты багындыра алат. Анын үстүнө алар кыйла бийиктикте – 9 километрге чейин учат жана алардын көбүн оператор онлайн режиминде башкарат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
NOCTIS компаниясынын Zirka кармап калуучу дрону реактивдүү дрондорго каршы ийгиликтүү колдонулуп жатканы белгилүү. Анын өзгөчөлүгү – бул дрон видео агымын реалдуу убакыт режиминде талдап, "шахедди" автоматтык түрдө аныктап, операторго ырастоо үчүн бутаны сунуштап, андан кийин автоматтык түрдө коштоо жана багыттоо режимине өтөт.
Мындай "герандарды" кууп жетүү үчүн украиналык кармап калуучу дрондор да реактивдүү болушу керек. Мындай дрондор учурда сыналып жатат.
"Учурда Украинанын бир катар R&D-командалары ыкчам жана автономдуу, анын ичинде реактивдүү кыймылдаткычтар менен иштеген кармап калуучу дрондорду жасап, сыноодон өткөрүп жатышат. Мен толук маалымат бергим келбейт, бирок жакында биринчи жыйынтыктарды көрөбүз, реактивдүү "шахеддерди" системалуу түрдө кармап калууга өтөбүз деп ишендире алам", - деди Darknode батальонунун командиринин орун басары. (ZMa)
































