Кыргызстанда 5 баллдык жер титирөө болду

Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун алдын ала маалыматы

Сүрөттүн булагы, EMSC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун алдын ала маалыматы
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстанда 12-августта саат 13:14тө жер титирөө болду. Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун (EMSC — Euro-Mediterranean Seismological Centre) алдын ала маалыматы боюнча, анын магнитудасы 5 баллды түздү.

Маалыматтарда жер титирөөнүн очогу Бишкектен 117 чакырым түштүк-чыгышта, ал эми Нарындан 82 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 6 чакырым деп бааланууда.

Азырынча жер титирөөнүн калктуу конуштардагы күчү, жабыркагандар жана мүмкүн болгон кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Жаңылык толукталууда