You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ош: "Байсан" кафеси буздурулду, Келдибеков тиешеси жоктугун айтты
6-майда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын корук зонасында жайгашкан, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековго тиешеси бар делген талаштуу имарат - "Байсан" кафесин Ош мэриясы буздурду.
Бул имарат буга чейинки мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда эле буздурула баштаганы менен, акыркы убакта кайрадан оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон Мындан улам азыркы мэр Жанар Акаевдин дарегине сындар айтылып жаткан. Жанар Акаев журналисттерге түшүндүрмө берип, имарат ээлерине башка жактан жер берүү сыяктуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганын айтты:
"Бул жер корук аймак экенин көрүп жатасыздар. Корук аймакка жакын. Техникалар иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Биз бул жерди 10 гектардан ашуун парк кылабыз. Бул - мамлекеттик муктаждык. Бул жерде жашаган миңдеген адамдарга парк жетишпейт. Бул жерде жакшынакай кылып веложол, гүл борбору, пляж кылып беребиз. Элдин баары "эмне үчүн буларга таандык имарат бузулбайт, башкалардыкы бузулат, бирдей мамиле болуш керек" деп айтып жатышат. Албетте, эми кафенин ээлери сотко беребиз деп жатышат. Сотто мэрия элдин укугун, шаардыктардын укугун коргойбуз. Коомчулукта да бир канча сын-пикир айтылып жатпадыбы? Сүйлөшүп алды деп жатышты. Биз эч кандай сүйлөшкөн жокпуз. Тескерисинче, биз шаардыктардын кызыкчылыгы деп, мына бүгүн бешинчи имарат бузулуп жатат".
Ал эми өзүн буздурулуп жаткан "Байсан" кафесинин ээсинин жакынымын деп тааныштырган адам соттун чечими жок эле бузуу иштери болуп жатканын жана имарат Акматбек Келдибековго таандык эмес экенин айтууда:
"Соттун чечими жок. Эмненин негизинде бузуп жатат билбейм. Кызыл китеби бар, соттун чечими жок. Астын кафе, үстүн балдар үчүн оюн-зоок кылалы деп жатканбыз. Паркка окшош болсун дегенбиз".
Ал арада Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков аталган имарат ага тиешеси жоктугун айтып, Фейсбукка билдирүү жазды.
"Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип "снос" кыла алат? Мыйзамдуу дейбизби? Анда мыйзам чегинде иш кылалы!"
Кафенин ээси делген Адалат Абдибаитова Урмат Белекбаевдин жубайы. Белекбаев болсо, Акматбек Келдибековдун бир тууганы.
Мындан тышкары, бул күнү мурдагы дагы бир депутат жана ишкер Азамат Арапбаевга тиешелүү делген имарат буздурулуп жатканы айтылды.
"Биз баары бир жетебиз. Бузабыз, олигархы болобу, бай-манабы болобу, баарын карап. Анткени бул жерди парк кылабыз дегенбиз. Бул жерде беш миңдей адам качан парк кылып бересиңер деп күтүп жатат", - деди Жанар Акаев.
6-майда Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Нурбек Кадыров жана кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияевдин иниси Калмамат тосуп алган делген Увам каналындагы мыйзамсыз курулуштар да буздурулду.
"Чын эле каналга минип калыптыр да. Документ боюнча кайсы жерге чейин? Бул жерде биринчи кезекте мыйзам, экинчи кезекте ишкер. Каналды минип эле алыптыр, каналдарды бошотпосок болбойт. Силер да туура түшүнгүлө. Биз азыр жарандарга айтышыбыз керек, куруп алгандардын баары жөн эле убарагерчилик тартып жатышат", - деди Жанар Акаев.
Бирок имараттардын ээлери тиешелүү документтер турганына карабастан, объекттерди буздуруу мыйзамсыз экенин айтып, сотко кайрылышарын билдиришүүдө.
Буга чейинки мэр Жеңишбек Токторбаев Оштун бир катар аймактарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерин жүргүзгөн.
Калктын бир бөлүгү муну шаарды иретке келтирүү аракети катары сыпаттап, колдоого алса, айрым активисттер бул процесс тургундардын менчик укугун бузуу менен ишке ашканын белгилешкен. Президент Садыр Жапаров Токторбаевдин аракетинде айрым учурда аша чаап кеткен учурлар болгонун мойнуна алган.
Ош шаарынын тургундары февраль айында шаар башчылыгына дайындалган Жанар Акаев мыйзамсыз курулуштар, анын ичинде белгилүү адамдардыкы делген имараттар боюнча кандай аракеттерди көрөт деген күтүүдө турушкан.