Украинадагы согуш: Зеленский жооп кайтарууну убада кылды, Москва Киевдеги элчиликтерди эвакуациялоого чакырды

Окуу убактысы: 3 мүнөт

9-майга карата Украина-Орусия согушунда "жымжырттык режими" орнойбу же согуштук аракеттер жаңы күч менен уланабы? Киев "жымжырттык режими" боюнча акыркы чечимин чыгара элек болсо, Москва Украинанын борборуна "жооп соккуларын" урушу мүмкүн экенин ачыктап, чет элдик элчиликтерди эвакуацияланууга чакырды.

Би-Би-Синин украин бийлигиндеги булагы билдиргендей, өлкө жетекчилиги Орусия тарабынан сунушталган 8–9-май күндөрү "жымжырттык режимине" байланыштуу азырынча чечим кабыл ала элек. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский "орус тарап ок атышууну токтотуу режимин бузду" деп билдирген. Анын айтымында, шаршемби күнү эртең мененки саат 10го карата орус армиясы жымжырттык режимин 1820 жолу бузган.

Зеленский Орусия Украинанын ок атышууну токтотуу сунушуна жаңы чабуулдар менен жооп берип, шаршемби бою Украинанын ар кайсы облустарына сокку урганын билдирди.

Ошондуктан, анын айтымында, Украина бүгүнкү түндөгү жана 7-майдагы кырдаалды эске алуу менен ошого окшош жооп берет.

"Түндө жана эртеңки кырдаалга жараша украин тарап адилеттүү жоопторду аныктайт", - деди Зеленский. - "Орусия бизден жымжырттык жана дипломатия боюнча так сунуш алган жана деталдарды макулдашуу үчүн Украина же өнөктөштөр менен кантип байланышууну билет. Эгер Москвадагы согушсуз жашай албаган адамды бир гана парад кызыктырып, башка эч нерсе кызыктырбаса, анда бул башка кеп. Украина тынчтык үчүн иштөөгө даяр. Украина бул согушту татыктуу аяктоого умтулат. Орусия согушуп отуруп, атүгүл алардын башкы парады да бизден көз каранды болуп калды. Бул так сигнал: бүтүрүү керек".

Ал арада Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чет элдик дипмиссияларга 9-майда Орусиянын "жооп соккусу" болушу ыктымалдыгына байланыштуу кызматкерлерин Киевден эвакуациялоо чакырыгы менен нота жөнөткөнү маалым болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 4-майда бардык аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык миссияларга жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө "Киевдин 9-майда Москвага сокку уруу коркунучуна" байланыштуу дипөкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин Киевден алдын ала эвакуациялоону камсыз кылуу чакырыгы менен нота жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү тарабынан Киевге, анын ичинде чечим кабыл алуу борборлоруна жооп сокку уруунун болбой койбой тургандыгына байланыштуу, дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, ошондой эле жарандарды Киев шаарынан алдын ала эвакуациялоону камсыз кылууга катуу чакырат", - деп айтылат ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын мекеменин сайтында жайгаштырылган комментарийинде.

Орусия коопсуздукка байланыштуу 9-майдагы Жеңиш парадын бир катар шаарларда токтотту.

Орлов облусунун губернатору Андрей Клычков ыкчам штаб "татаал ыкчам кырдаалга байланыштуу" Жеңиш парадын өткөрбөө чечимин кабыл алганын билдирди.

Буга чейин бир катар башка шаарлардын бийликтери да ушундай эле чечимдерин жарыялашкан. Тактап айтканда, алар: Воронеж, Великий Новгород, Псков жана Нижний Новгород шаарлары.

Чувашияда да Жеңиш парадын өткөрбөө, "Өлбөс полк" акциясын салттуу форматта уюштурбоо жана майрамдык салюттан баш тартуу чечими кабыл алынган.

Калуга облусунда да 9-майда "коопсуздук максатында" параддар, массалык жүрүштөр жана фейерверктер болбойт.

Саратов облусунда ардагерлер уюмдары "коопсуздук чараларын эске алуу менен" аскерлердин салтанаттуу маршынан жана салюттан баш тартууну сунушташканын губернатор Роман Бусаргин билдирди. Ал бул чечимди туура деп атады.

БУУнун Украинадагы адам укуктары боюнча мониторинг миссиясы билдиргендей, 1-майдан бери орус соккуларынын натыйжасында өлкөнүн кеминде 70 жай тургуну каза болуп, 500дөн ашыгы жаракат алган.

"Бир нече күндүн ичиндеги жарандар арасындагы курмандыктардын масштабы жана жабыркаган аймактар өзгөчө кооптонууну жаратат", - деди миссиянын башчысы Даниэль Белль.

Миссиянын расмий сайтындагы билдирүүдө Орусия бир жумага жетпеген убакыт ичинде жасаган негизги соккулар тизмеленген.

Анын ичинде 5-майда авиабомбалар Запорожьедеги өнөр жай районуна тийип, натыйжада кеминде 12 адам каза болуп, 46сы жаракат алган.

Ошол эле күнү авиабомбалар Краматорсктун борборуна тийип, кеминде алты киши өлүп, 13ү жаракаттанган.

1-майдан бери уланып жаткан ракеталар жана дрондор менен көптөгөн авиасоккулардын натыйжасында Тернополь, Ровно, ошондой эле Харьков, Днепропетровск, Херсон, Полтава жана Одесса облустарынын тургундары каза болгон жана жаракат алышкан.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусия объекттерге кайталап сокку ургандыктан, айрым каза болгондор жана жаракат алгандар өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери жана куткаруучулар болгон.

"Бул чабуулдардын көбү кубаттуу куралдар шаардык аймактарга күндүзгү убакта тийгенде болгон, бул курмандыктардын санынын көп болушуна алып келген", - деп белгилейт БУУнун миссиясы.

Ал кошумчалагандай, маалыматтарга ылайык, 1-майдан 5-майга чейин Орусия басып алган аймактарда 10 адам каза болгон, анын ичинде бешөө - 5-майда Крымдын Жанкой шаарына жасалган соккунун натыйжасында өлгөн.

Мындан тышкары, 5-майда Орусиянын Чебоксары шаарында кеминде эки адам набыт болуп, 35и жаракат алган деп айтылат билдирүүдө.