Москвада жана Санкт-Петербургда майрам алдында мобилдик интернет өчүрүлө баштады

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

5-майда эртең менен Москвада жана Санкт-Петербургда мобилдик интернет үзгүлтүккө учурай баштады. Москванын борборунда ал тургай "ак тизмелер" да иштеген жок. "Ак тизмелер" – бул интернет бөгөттөлгөн мезгилде жеткиликтүү болууга тийиш интернет-ресурстар.

Түшкө маал Санарип министрлиги чектөөлөр коопсуздук максатында киргизилгенин тастыктап, интернет кайрадан пайда болгонун билдирди. Би-Би-Синин булактарынын маалыматына ылайык, интернет 7-майда жана 9-майда да "маал-маалы менен" бөгөттөлүп турмакчы.

Москвада мобилдик байланыш 7-майда эртең мененки саат 5тен 12:00гө чейин жана 9-майда таңкы саат 5тен 13:00гө чейин бөгөттөлүшү мүмкүн экенин Би-Би-Синин Орус кызматына "Ростелекомго" жакын булак билдирди. Бул убакыт аралыгында параддын репетициясы жана иш-чаранын өзү өтөт.

"Майрамдардын алдында коопсуздукка олуттуу коркунуч жаралгандыктан катаал чектөөлөр киргизилип жатат; 9-майдан кийин чектөөлөр алынат деп күтүлүүдө", - деди Би-Би-Синин маектеши.

Downdetector сервисинин маалыматына ылайык, мобилдик интернеттин ишине даттангандардын саны 5-майда Москва убактысы боюнча саат 08:00 чамасында көбөйө баштаган.

"Мобилдик түзмөктөрдө интернет Wi-Fi аркылуу гана жеткиликтүү, ал эми уюлдук байланыш каналдары аркылуу ал тургай SMS билдирүүлөр да кетпей жатат" деп жазды SOTAvision ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген).

MTS, T2, "Билайн" жана Yota операторлорунун мобилдик интернети улам жоголуп жатканын РБКнын кабарчылары маалымдашты.

"Москванын борбору. Мобилдик интернет иштебей жатат. Анын ичинде "ак тизмелер" да. Түнүндө "ак тизмелер" иштеп жаткан", - деп жазды шейшемби күнү эртең менен саясат таануучу Михаил Виноградов.

"Ак тизмелер" дегенге "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр", такси чакыруу кызматтары, маркетплейстер, банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка "коом үчүн маанилүү" ресурстар кирет. Алар интернетке чектөөлөр киргизилген маалда да 24/7 режиминде жеткиликтүү болот деп пландалган.

Мобилдик операторлор 5-майдан 9-майга чейин интернет өчүрүлүшү мүмкүн экенин бир күн мурун эскерте башташкан.

"Билайн" өз абоненттерине мындай кабарламаны жөнөттү: "Москвада коопсуздук чараларын камсыз кылуу максатында 5-майдан 9-майга чейин майрамдык иш-чараларга даярдануу жана аларды өткөрүү учурунда мобилдик интернеттин жана СМСтин ишине убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Интернетке кирүү үчүн Wi-Fi, ал эми мессенжерлерден чалуу үчүн VoLTE функциясын колдонууну сунуштайбыз".

5-майдан 9-майга чейин борбор калаада байланыш үзгүлтүккө учурай турганы жөнүндө эскертүүлөрдү банктар да жөнөтүшкөн. Тактап айтканда, Т-Банктын жана Сбербанктын кардарлары чектөөлөр тууралуу билдирүүлөрдү алышкан. "Осторожно, новости" телеграм каналынын маалыматы боюнча, алар чектөөлөрдү "өтүп жаткан майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу" менен түшүндүрүп, Wi-Fi колдонууну сунушташты.

Шейшемби күнү эртең менен москвалыктар жеткирүү кызматтарын, такси жана каршеринг сервисин пайдалана албай жатканына даттана башташты. Байланыш үзгүлтүккө учурагандыктан, борбор калаанын айрым тургундары апрель айындагы маянасын ала албай калышты, деп жазды "Осторожно, новости".

Петербургда да байланышка чектөөлөр киргизилди. "Санкт-Петербургдун тургундары эртең менен ойгонгондо мобилдик интернет жоголгонун көрүштү", - деп жазды шейшемби күнү "Фонтанка".

Сбербанк ошондой эле Петербургдагы кардарларына да накталай эмес төлөм жүргүзүүдө, банкоматтардын ишинде жана банктан SMS алууда кыйынчылыктар болорун эскертти.

Би-Би-Синин булактары өткөн аптада ушундай бөгөттөөлөр болорун эскертишкен. "Ростелекомго" жакын булак, ошондой эле байланыш операторлорунун бирине жакын маектештин кабарлашынча, Москвада 9-майда өтчү параддын алдында байланышка олуттуу чектөөлөр киргизилет.

Алар 5-, 7- жана 9-май күндөрү бийлик бардык мобилдик байланыштарды, анын ичинде "ак тизмеге" киргизилген ресурстарды да Москванын борборунда гана эмес, МКАДдын ичинде да бөгөттөй турганын ырасташкан.

Бир нече саатка созулган бөгөттөөдөн кийин Санарип министрлиги "ак тизмелерди" ачууну тартип коргоо органдары жана атайын кызматтар менен биргеликте макулдашып жатканы кабарланды.

Көп өтпөй Санарип министрлиги Москвада мобилдик интернетке киргизилген бөгөт алып салынганы тууралуу пост жарыялады.

"Москвада коопсуздук себептеринен улам мобилдик интернетке киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды, операторлор интернет-ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүдө", - деп билдирди Санарип министрлиги "Макс" мессенжериндеги каналында.

"Орусиянын аймактарында коопсуздукка коркунуч жаралгандыктан, анын ичинде душмандар учурган дрондордон улам мобилдик интернет өчүрүлүп жатат. Интернетти өчүргөндө дрондор көздөгөн жерине жете албай калышат жана биз чабуулга туруштук бере алабыз", - деп түшүндүрдү министрлик.

Санарип министрлиги коопсуздук максатында кайрадан чектөөлөр киргизилсе, байланыш операторлору абоненттерди алдын ала эскертерин кошумчалады.

Министрликтин билдирүүсүнөн кийин Downdetector мониторинг сайты интернеттин ишине даттануулар азайганын жазды.

Марттын башында Москванын борборунда мобилдик интернет туруктуу негизде өчүрүлө баштаган: навигация, төлөм терминалдары, жада калса акы төлөнүүчү дааратканалар да иштебей калган. Борбор калаада интернет иш жүзүндө үч жумага жоголгон, ал эми 24-мартта эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз эле пайда болуп калган.

9-майдагы парад жана атышпоо режими

28-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги 9-майда Кызыл аянттагы парадга аскердик техниканын колоннасы катышпай турганын билдирген.

Кремль түшүндүргөндөй, парад Украинадан келген "террордук коркунучтан" улам "кыскартылган форматта" өткөрүлөт.

29-апрелде Орусия менен АКШнын президенттери телефондон сүйлөштү. Ошондон кийин Дональд Трамп Владимир Путинге 9-майда Украина менен согушта убактылуу "атышпоо режимин" жарыялоону сунуштаганын айтты.

4-майда Орусиянын Коргоо министрлиги "Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин урматына 8-9-май күндөрү атышпоо режими киргизилгенин" жарыялады. Ошол эле учурда министрлик эгерде Украина майрам күнү чабуул койсо, Киевдин борборуна сокку ура турганын эскертти.

Ушундан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва атышпоо режиминин чоо-жайын Киев менен бөлүшпөгөнүн, Украина 5-майдан 6-майга караган түнү эле бул режимди киргизүүгө даяр экенин билдирген.

"Эгерде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түз ниети болмоюнча Москвада парад өткөрүүгө болбойт деп эсептесе, Орусиянын жетекчилери согушту токтотууга карай реалдуу кадамдарды жасай турган учур келди", - деди Украинанын лидери.

Бирок шейшемби күнү Украинанын ар кайсы аймактарына жасалган Орусиянын жапырт соккуларынын натыйжасында 27 адам каза болуп, кеминде 120 адам жаракат алганын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди. Бул украин президенти Владимир Зеленский жарыялаган жана шаршембиге караган түнү күчүнө кирген "жымжырттык режиминен" кийин жасалган соккулардын кесепетинен болгонун Украинанын бийлик өкүлдөрү кабарлашты. (ZMa)