Ысык-Көл районунда жүргөн селден бир киши каза таап, экинчиси изделүүдө

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

5-июнь күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам сел жүрүп, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 92-чакырымында жер көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына карай, сел агымы жолдо бара жаткан бир кичи автобус жана Ford Mondeo үлгүсүндөгү жеңил унааны агызып кеткен.

Түнкү саат 23:35те 2008-жылы туулган У.Т. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Дагы бир кишини издөө иштери уланууда. Окуя күбөлөрүнүн айтымында, ал 8-класстын окуучусу болгон.

Куткаруу жана тазалоо иштерине 300гө жакын адам жана 20 бирдик атайын инженердик техника тартылды. Ошондой эле эки суучул тобу көлдө издөө иштерин аткарууда.

Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу кыймыл үчүн толугу менен ачылган.

Жолду селдин калдыктарынан, ылай жана таштардан тазалоо иштери улантылууда.

Ошондой эле 5-июнь күнү кечки саат 17:30 чамасында Кара-Көл шаарына жакын Бишкек – Ош жолунун 427-436 чакырым аралыктарында 11 жерден көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

ӨКМ 27-июндан 8-июнуна чейин нөшөрлүү жаан-чачындар күтүлүп жатканын, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн болушун эскертет.