You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Адилет Балтабайга президент ырайым берди
Жарандык активист, 2023-жылы Сокулук райондук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылган Адилет Балтабайга президент ырайым берди. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
"Колониянын алдына келип, күтүп жатабыз. Бир сааттан кийин чыгат го. Документтерин даярдап жатышат. Кайненем мурда ырайым сураган. Бирок арызы канааттандырылган эмес, экинчи жолу Жогорку Кеңештин депутаты өтүнүч келтирип, ошонун негизинде бошотуп жатышат. Өзүнүн жаза мөөнөтү дагы бир жылдан кийин, 2027-жылы бүтмөк", - деди Гүлкайыр Жапарова.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ырайымга илингендердин тизмеси келгенин ырастап, бирок расмий маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.
Адилет Балтабай 2023-жылы 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды колдогон акцияга барган. Бул окуядан кийин ал пробациянын эрежелерин бузду деген айып менен камалган.
Жарандык активист андан мурдараак, 2022-жылы июнь айында кармалып, ага "Массалык башаламандыктар" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ал бийликтин аракеттерин сындаган митингдерге катышып, социалдык түйүндөрдө түз эфирге чыгып жүргөн. Ошол эле жылы ноябрда Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, пробациялык көзөмөл менен сот залынан бошоткон. Бирок кийинки инстанцияда Адилет Балтабай камакка алынган. 2023-жылы апрелде Жогорку сот бул чечимди өзгөртүп, пробациялык көзөмөл менен аны эркиндикке чыгарган болчу.
Укук коргоочулар вебкам иши боюнча соттолгон Даниел Ажиев 18-февралда президенттин ырайымы менен абактан чыккандан кийин эмне үчүн ушундай эле кечиримге жарандык активисттер илинбей жатат деген суроону узатышкан эле.
Адилет Балтабай Чүйдүн Петровка айылындагы түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан.