You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Камакта отурган Эмилбек Узакбаевдин кызы дагы кармалды
"75чилердин каты" делген аталыш менен белгилүү болгон иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаевдин кызы кармалды. Бул тууралуу Узакбаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев Би-Би-Сиге билдирди.
Анын айтымында, Мээрим Узакбаева 1993–1994-жылдары мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу шектелүүдө.
Сөз Бишкектеги үч ири объект тууралуу болуп жатат. Алардын бири, Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан "Кыргызайылкөмөк" корпорациясы.
Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы 26-мартта Мээрим Узакбаевага карата "Коррупция" жана "Кызмат абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, айыпталуучу 9-апрелде кармалган.
Узакбаеванын жактоочулары бул айыптарды "абсурд" деп атап, ал мыйзамсыз кармалганын айтып жатышат.
"1993–1994-жылдары объекттер менчиктештирилген учурда Мээрим Узакбаева болгону 11 жашта болгон. Демек, ал ошол кезде эч кандай кызматта иштеген эмес, чечим кабыл алган эмес. Мыйзам боюнча да мындай иштерге катыша алмак эмес. Узакбаева "Кыргызайылкөмөккө" 2017-жылдан тарта гана жетекчи болуп иштей баштаган. Объекттердин көпчүлүгү 1990-жылдары эле катталып, айрымдары сот чечимдери жана келишимдер аркылуу башка компанияларга өткөн. Мээрим Узакбаева 1993–1994-жылдары, башкача айтканда 11 жашында кылмыш жасаган деп эсептелген күндө дагы, Кыргызстандын Жазык-процессуалдык кодексинин 97-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 114-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен. Тергөө органдары менен сот аны кармоого да, камакка алууга да укуксуз болчу",- деп айтылат жактоочулар тараткан маалыматта.
Жактоочу Акынбек Ногоев "Кыргызайылкөмөк" корпорациясынын аймагы чоң болгондуктан, мамлекет ага кызыгып жатат деген пикирин билдирди.
"Ошону өткөрүп бергиле деп жатат. Болбосо бул объекттердин баары убагында мыйзамдуу жол менен сатылып алынган. Мээрим Узакбаеванын болсо аларга тиешеси жок. Ал болгону "Кыргызайылкөмөк" корпорациясынын аткаруучу директору гана болгон. Ал жерде анын эч кандай үлүшү болгон эмес. Учурдан пайдаланып, баш мыйзамдын кепилдиги болгон президент Садыр Жапаровго кайрылам. Ишти өз көзөмөлүнө алып, адилет тергелишин камсыздап бериңиз",- деди ал.
Жактоочу ошондой эле Узакбаева үч баланы жалгыз тарбиялап жатканын эске алуу менен аны үй камагына чыгарууну өтүнүп жатканын айтты. Бул иш боюнча расмий органдар азырынча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Мээрим Узакбаеванын атасы Эмилбек Узакбаев да "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, камакта отурат.