Кулубаев: "БУУнун Коопсуздук Кеңеши «жабык клуб» катары кабыл алынбашы керек"

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ачык дебаттарында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Кулубаев заманбап дүйнө куралдуу жаңжалдар, эл аралык укук нормаларынын бузулушу, гуманитардык кризистер, терроризм, климаттын өзгөрүшү, ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык туруксуздук сыяктуу өсүп жаткан чакырыктарга туш болуп жатканын баса белгиледи.

Министрдин айтымында, бир дагы мамлекет азыркы коркунучтар менен өз алдынча күрөшө албайт, ошондуктан эл аралык кызматташтык жана натыйжалуу көп тараптуу дипломатия өзгөчө мааниге ээ болууда.

Кулубаев өз сөзүндө жакырчылык, теңсиздик, климаттык чакырыктар жана ресурстарга жеткиликтүүлүктүн чектелиши туруксуздуктун факторлоруна айланышы мүмкүн экенин, ал эми туруктуу өнүгүү тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуунун эң маанилүү шарты экенин айтып өттү.

Ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, чакан мамлекеттердин жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылууда БУУ системасынын маанилүүлүгү белгиленди.

Министр БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болгон Кыргызстан алдына кандай милдеттерди коюп жатканын айткан.

Өлкө тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, диалогду өнүктүрүүгө жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча тең салмактуу чечимдерди издөөгө салым кошууга даяр экенин кошумчалаган.

Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңеши «жабык клуб» катары кабыл алынбашы керектигин баса белгиледи.

"Коопсуздук Кеңеши эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча БУУга мүчө бардык мамлекеттердин алдында жоопкерчилик алып жүрөрү, анын ишмердүүлүгү мамлекеттердин көлөмүнө жана таасир деңгээлине карабастан тең укуктуулук, инклюзивдүүлүк жана бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделиши керектиги белгиленди",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, министр Кулубаев БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Кытайдын, Бахрейндин, Сербиянын, Коста-Риканын тышкы иштер министрлери менен жолукканы айтылды.